Чигитей менен Отордун алгачкы беттешүүсү
Андан мурун Чигитей, Каңкай менен Таластын, Башы-айагын калтырбай, Баарын тегиз көрбөгөн, Тобокел кылып бел байлап, Токтобой эми жөнөгөн. Шымалды көздөй толгонуп, Ашып түштү Чигитей, Төө жайлоонун туу белден. Кандырга кирип жол тартып, Каңгайды көздөй оң тартып, Каңгырап жаткан тоо менен, Шаркырап аккан суу менен, Өрөөнү кеңир төр менен, Өрдөк кечкис көл менен, Кулан баскыс чөл менен, Куулар өтпөс көл менен, Куу тайган баскыс чөл менен, Түрүлүп аккан сел менен, Түмпүйгөн токой чер менен, Артуу-артуу бел менен, Адам жүргүс жол менен, Бөктөр-бөктөр бел менен, Мөмө жыгач жер менен, Бөксөдө улуу жол менен, Мөлтүрөп аккан суу менен, Мөндүрдөй аппак кум менен, Бөлүнүп жүрүп олтурду, Күн эсебин чунагың, Он экиге толтурду. Оңунан иши келиптир, Ойундагы талабын, Колуна мунун бериптир. Адашып кетпей башкага, Каркыранын Ташмойнок, Аш бергенде ал жерге, Арстан Манас көк жалың, Чыгып келген Ташмойнок, Мойноктун чыгып кырына, Дүрбүсүн алып колуна, Көз жиберип карады, Үч каркыра көк төбө, Тоосу менен ойуна. Топтоп болгон адам көп, Адамынан малы көп, Ары бери чубашып, Айдап жүргөн дагы көп, Аркы терки түрү көп, Адам билгич сүрү көп, Чуру – чуу түшүп ыйлаган, Чоң-кичинин үнү көп, Жердин бети күбүрөп, Жан – жаныбар дүмүңдөп, Какшаган элдин үнүнөн, Күн тийе албай күдүңдөп, Бул эмне шүмдук? деп, Мундайды мурда көрбөгөн, Угуп аны билбеген, Тобокел кылып чунагың, Камчыга бөлөп Тору атты, Ызы – чуу түшкөн көп элге – Ошого кетип баратты. Эки кыркуу, бир өзөн, Аттап өтүп баратып, Ат айабай чунагың, Каттап өтүп баратып, Ак сакалдуу бир чалга, Учурап калды жанашып. Көрө койуп чал айтып: — Аа, кокуй налат! Деп айтып, Айланайын кулунум, Атыңдын башын бургунуң, Айал кылып тургунуң, Чалдын кебин угуп ал, Чанаңдаган жетимим, Андан кийин жолго сал! Энтелеп шашып алыпсың, Элирип чаап калыпсың, Эң эле жаман экенсиң, Бир балааны таапсың. Талаада ыйлап мен турам, Тар болгон бүгүн заманам, Каныбызды калмактар, Кармап алып байлаган, Жылаңайак токмоктоп, Куйкасына туз куйуп, Таманына шиш кагып, Кокуйлатып айдаган. Алты күндөн бер жакка, Күнүгө бирден кар кылат, Көрүп турган эл журтка, Кең дүйнөнү тар кылат, Камчыга бөлөп токмоктоп, Челектей башын тоо кылат, Мына мындай иш кылып, Казактын элин кыйнады, Кылганын көрүп калмактын, Ошону үчүн биздин эл, Мына минтип ыйлады. Сен да барсаң ал жерге, Кийимиң башка, ат бөлөк Турушуң элден бөпбөлөк, Бир балааны табасың, Башыңа кайгы жыйасың, Анда кандай кыласың? Ал жерге барып көргүнчө, Көрбөгөн жакшы, чунагым! Түптүүдөн тукум Чигитей, Укканда мындан кенебей, Жалындап ичи куйгөн чок, Жолдошу көп немедей: — Казактын ханы ким эле? Кабарын айтып бергиниң, Кыйнаган калмак чоңу ким? Кыйарын атып бергиниң. Байатан айткан кебиңдин – Кыйнаган менен кыйналган, Эки жагын билем мен. Ак сакалдуу чал айтат: — Ханымдын аты Медеркан, Калмактын ханы Отору, Хан болгонго казакка, Какшатып урат ошону. Күндө бир убак тебээлейт, Кыргызың колдоп койот, деп, Тузду ачуу чылатып, Куйкасын тилип себээлейт. Кепти укту чалынан, Кейпи кетип, өңү азып, Курчуду жүрөк абыдан. Үстүндөгү темир тон, Бүчүлүгүн бүчүлөп, Опчулугун опчулап, Кара бойун топчулап, Бөрү тилме көк найза, Бекемдеп кармап колуна, Бурулбастан чу койду, Жыйылган каңгай тобуна. Кире берсе белестен, Айдап келе жатыптыр, Бир кишини жолунда. Ким экенин билбеди, Он беш экен айдакчы, Бурулбай барып тийгени, Ачып көздү жумгунча, Баарын жалмап жиберди. Кылчайып артын карады, Бутунда тушоо, колдо аркан, Куйкасынан сары суу, Таманынан кан аккан, Турган экен бир адам. — Өзүң кимсиң, атың ким? Бутта тушоо, колдо аркан, Болуптурсуң көөнүң кир. Сомбилектин уулумун, Чигитей атым менин бил. Колуңду койуп байлоого, Өзүңдү койуп айдоого, Жалжылдап түрө тиктеген, Эки көзүң жайноодо, Өзүң кимсиң? Жериң ким? Канатташ жүргөн каралаш, Короолош айлың сенин ким? Тарпыңды сенин чыгарып, Кийгизбей тартма жылаңач, Башыңдан жыдып чыккан чач, Көзүңдөн аккан кандуу жаш, Кыйнаган сени кишиң ким? Алдында айткын сен өзүң, Адамга кылмыш ишиңди, Андан кийин билдиргин, Айдап жүргөн кишиңди. Кебиңдин угуп шаанысын, Керектүүдөн болсоң сен, Сага кастык кылгандын, Кетирейин баарысын. Бар болсо сенин кылмышың, Айдап жүрүп эркинче, Ай –ааламды кыдыртсын. Байлоодо колу турган эр: — Уругу казак биздин эл, Атымды уксаң Медеркан, Короолош болуп кыргызга, Каңгайдан көрүп кордукту, Бойолуп канга келатам. Узартып айтар жерим жок, Атың болсо Чигитей, Атаңдын аты Сомбилек, Көргөн күнүм мына бул, Каңгайлардан олжо алып, Кыргызга кызмат кылам, деп. Казак, моңгул аралаш, Жүрүчү элек бир жайлап, Жергелей тартып желени, Өйүз-бүйүз бээ байлап. Кээ-кээзинде моңгулдар, Байкоосуз алым алчу эле, Баш бербеген тентеги, Анча-мунча жылкыдан, Айдап кетип калчу эле. Ошентип жүрдүк бир далай, Бекбачанын Сомбилек, Каңгайды барып каратты. Тартууга алды көп малды, “Жылында берет каңгайлык, Алып тур деп колуңа” Каңгайды мага каратты. Сомбилек баатыр өтүптүр, Карматып жатат каңгайлык, Кадимкидей адатты, Калдуубет уулу Отору, Какшатып мени айдатты, Кыйыныраак көрүнөт, Кыргыз, казак дегенге, Бул капырдын кайраты. Байлоого колум түшкөлү, Үч айдан ашып баратат, Накай күндүн эсеби. Баатырдын уулу сен болсоң, Кызмат кылып баатырга, Байланган киши мен болсом, Бошотуп мени ала кет, Так атаңдай эр болсоң. Өлөт элем мен мурун, Өмүр көрүп келатам, Өткөн ишти башыман, Өтүрүк эмес чынды айтам. Ким экенин билбедим, Алты күн болду чоң уруш, Күнүндө эмес түнүндө, Барабан үнү угулат, Көз байланган бүрүлдө. Себеби менен ошонун, Тирүү келдим бул күнгө. Мурун мундай эмес го, Күндөн-күнгө казабы, Көбүрөөк мага көрсөткөн, Окшобогон азабы. Бир күнү колум байлатат, Таманыма шиш кагып, Чыркыратып шор катат, Куйкамды тилип туз куйуп, Көзүмдү менин жайнатат. Камчыга сабап бөлөтүп, Кандуу жаш агып күнү-түн, Кайгы менен күн өтөт. Жаткызып койуп тикенге, Ошол жерге түнөтөт. Кебин укту Чигитей, Колун түшүп чечкинче, Бутундагы кишенди, Ачып алып салгынча, Карала ат менен Көкөйү, Кирип келди аңгыча. Келген Көкөй катынга, Чигитей айткан кеп экен: — Кара мүртөз, боору таш, Кайышпаган эр экен. Жеңе Көкөй, жол болсун, Үч Кошойдун бөксөдө, Кең Таласта жол коштум, Намыс үчүн аттанып, Таластан келдим бул жерге, Талапташ болгон мурунтан, Медеркан акем мынаке, Атыңан, Көкөй, түшө кал. Өмүрлүк бирге жүргүнүң, Бүтпөстүн доорун сүргүнүң. Кишенде колун чечкиниң, Үйүңө алып кеткиниң. Баралбасаң үйүңө, Каңгайы жок тынч жаткан, Башка жакка өткүнүң. Андан кала бергенде, Калың кыргыз, казактын, Медеркан тарткан азаптын, Эсебин алып келермин. Таласка барсаң элге бар, Жиберди деп Чигитей, Мадыбек деген эрге бар. Байлаарыңа бээ берет, Сойуп жесең кой тайар, Былк этпей жатып жесең да, Өлгүчөктү бардыгы, Үйүңдө турат дапдайар. Башка жакка барганда, Байкоосуз жатып алганда, Медеркан өөдө боло албайт, Тамандап басып кобо албайт, Же өлүп кетет саруулап, Бул токмоктон соо калбайт. Беттешкен жерде, жеңеке, Жайыңды сенин сурагам. Мөңкөтай деген немеле, Элден чыккан илегер, Сынык менен түзүктү, Сокур менен бучукту, Ич оору менен өтмөнү, Өпкө оору менен өзгөнү, Эркек эмес катынды, Ооругандын баарыны, Эбин тапкан эр эле.