← Чигитей 3/4

Алтын-күмүш-зар менен, Алданбаймын мал менен, Алар кегим кыргыздан, Кызыл дайра кан менен! Камынып келдим бул жерге, Жөлөнүп келдим белдүүгө - Батай, Катай эрлерге. Дөрбөнүм бар жанымда, Жүз элүү миң аскерим, Колбуп турат артымда, Ошол үчүн аттандым, Мен кыргыздын дартында! Айтып Отор токтолду. Каңгайдын угуп бар кебин, Одураңдап оолуккан, Отор деген неменин, Чигитей айтат ал кебин: — Менин атым Чигитей, Каракчынын бири эмес, Атымды айтып билгизбей. Түп атабыз айкөлдөн, Ошондон бери карата, Келе жатат биздин эл, Бир бузулуп козголбой. Кыргызга болду Талас жер, Ал Таласты ээлеген, Аа дүйнө кеткен Манас дээр, Кыдыртып айтып атамды, Тантып кепти салбайын, Талабың Талас алмакбы? Талап алып кыргызды, Каңгайга кайра бармакпы? Чигитей тирүү кетирбейт, Акылынан адашып, Тентиген сендей калмакты, Ишенип эки-үч кулуңа, Ээрчиген аскер колуңа, Таласты алам дегениң – Акылыңдын жогу да! Сомбилекте уул бар — деп, Угуптурсуң мурун да. Жашырбай айтам көрүнөө, Башыңды байлап келипсиң, Жаш кезиңде өлүмгө, Байлаптырсың Сатайды, Өлтүрсө кыргыз атаңды, Медерканды айдапсың, Казактын арбын жылкысын, Арак кылып кымызын, Төрт айдан бери карата, Кысырын сойуп жалмапсың. Кылганың ойло, сен Отор, Түк арманың калбапсың. Урушар болсоң кайрат кыл, Соотуңду кийип бүтүндөп, Кемериң курчап байлангын, Жалгыз өзүң сен эмес, Эрден миңи болсо да, Жолуңа салчу мен бармын. Баатыр болсоң кайрат кыл, Бабырап айтпай куру сөз, Күч көрсөтүп айбат кыл! Жолуңдан азган Оторсуң, Өз элинде жай жаткан, Медерканды айдапсың, Сомбилек койгон Сатайды, Аны кошо айдапсың, Алып барып Таласка, Аларды кандай кылмаксың? Тийе албайсың кылына, Тымтыракай түшүрүп, Жоготомун чынында! Жалгыз бирөөң барбайсың, Каңгайга тирүү ырымга, Айкөлдүн арткы тукуму, Айтылып келе жатабыз, Бүткүл дүйнө кылымга. Кимдер өрнөк алган бар, Өнөгү тийип колуна, Кол салышып кыргызга? Бел байлапсың, сен Отор, Эп келбеген жумушка! Айтып болуп Чигитей, Токтолуп калбай кенедей, Алдында сайып Татайды, Жүрөгү токтоп ченебей, Бабыраган Оторду, Бендеби деп бейлебей, Мен-менсиген Каңгайды, Бучкагына теңебей; Найзаны булгап колго алып, Бузулуп өңү сумсайып, Шамал чыкчу булуттай, Чамбыл тартып кумсарып, Тик качырып кырданып, Билине турган кез болду, Кимиси баатыр, ким коркок, Баатырлыгы ылганып. Качырса бала Чигитей, Карап Отор турабы, Кара мүртөс калмакты, Колдоочу кудай урабы, Күүлөдү найза булгалап, Буркурап артта чаң калды. Мингени буудан кара сур, Күркүрөп калмак келе атат, Аңгычакты артынан, Матай, Катай, Дөрбөнү, Жүз элүү миң аскери, Келген экен чогулуп, Баары муну көргөлү. Отун алып, бээ байлап, Эптеп багып жан жайлап, Жүргөн анда көп казак, Сомбилек деп ураанды, Чакырганда Чигитей, Уккандын баары таңданат. Качырышып тик келди, Бүркөшүп кабак чүмкөлдү, Сайдырбастан бир бирин, Кагышып найза өттү эми, Айланып эрлер сайышып, Эрикпестен алышып, Бирин-бири алган жок, Эрдик жолун табышып, Же аттары чарчап калган жок, Эртеден кечке жарышып. Найза, кылыч, балтадан, Табалбай арга баарынан, Кол сунушуп бир-бирин, Жан айабай кармашты, Жакасына жармашты, Кара мүртөс Чигитей, Оозуна албайт Манасты. Отор менен Чигитей, Өздөрүнүн бир башын, Миң кишидей баалашты, Бири кыргыз, бир каңгай, Эл намысын талашты, Карап көрүп турган эл, Кара жандан жадашты, Айланды күнү үчкө тең, Отордун карды ачканы, Себеп кылып тамакты, Ал майдандан качканы: — Курсагым ач, тамак жеп, Келе калсам канетет? Чигитейге айтканы. Ата-баба наркы экен, Тамак ичем дегенди, Кой дебестен бар деген – Барсаң баргын, Оторум, Тойгузуп кел курсагың. Өзүң менен элиңди, Белиңе таңуу эриңди, Түгөтүп тумтак күнүңдү, Жазгы эгиндей отойун, Сагыныпсың атаңды, Жаш кезиңде кошойун! Отор кетип келген жок, Айтканың танган сөзүнөн, Отор өңдүү шерменде, Каңгай эмес калган журт, Кара баштуу элде жок. Күндү-түнгө улантып, Түндү-күнгө айлантып, Аттан түшпөй көп аскер, Карап турат жардашып. Келбей Отор койгону, Келемин деп Чигитейге, Айтып кеткен Отордун, Өтүп кетти болжолу. Чигитей кайрат чыңдады, Кара сууга кан куйчуу, Карандай жерден чыр тапчуу, Кайраты мунун кармады. Түпөктүү найза көк желек, Топтоп турган аскердин, Тийчүү жагын белгилеп, Жылантору күлүктү, Ыргыштатып теминет. Эрдигине жараша, Ылайык минген тору аты, Тоо текедей элирет, Токтоно албай тору аты, Ооздугун кемирет, Тойго барчуу немедей, Токтоосуз кирди делбиреп. Белгиси Дөрбөн эр эле, Белсенип кирген балага, Бет келбей бенде дегеле, Мен-менсиген Батайы, Каңгайлардын ичинде, Балакеттин бири эле. — Жалгыз бала Чигитей, Аскерге кирсе аралап, Карап туруп кырдырсак, Биздерге жаман ат калат. Катай, Дөрбөн – сен экөөң, Коркуп чыкса жүрөгүң, Байкап тургун чамалап, Чигитейди жеткирбей, Чымырканып Батайы, Астынан жете барганы. Мен дагы сендей эрмин, деп, Кара желек найзаны, Ал капыр колго алганы. Кулжуңдашып урушуп, Куйкалары курушуп, Кенедей токтоп калган жок, Аты-жөнүн угушуп. Качырып найза сайышып, Соотторун булушуп, Балта менен чабышып, Калдагай темир калканын, Кыргагынан жарышып. Батайдын жашы жыйырма беш, Кыргыздан келген Чигитей, Онго толук чыга элек. Келгели болду канча күн, Капкайдан келген каңкайлар, Кеткени жок тебээлеп, Татай өлдү алдында, Кызыл каны себээлеп, Бирөө кетсе, бирөө бар, Арты-артынан тебээлеп, Чигитей, Батай бет келип, Баатырлык жолун талашып, Баш тартышпай еңсенип, Баатырлардын кайраты, Баарынан ашып айбаты, Баатырдын уулу Чигитей, Көрсөтмөк болду Батайга, Татайды сайган кайратты, Көмөрө сайып Батайды, Кара көзүн жайнатты, Айласын мунун таптырбай, Каңгайларды кыйратты. Токтоо кылбай көп каңгай, Чогуусу менен каптады, Жыгылып калган Батайды, Калың кол келип курчады, Ала баатыр Чигитей, Куршугу мунун кармады, Карап тура албады, Бөйрөктөн тийип бакырып, Бөөдө кыргын салганы. Катуу үн чыгып акырып, Кабылан Манас көкжалдын, Атынан айтып чакырып, Кара кошуун каңгайга, Катуу тийди жапырып. Жеткен жерде Каңгайдын, Кара боорун тилиптир, Тогуз-ончо немесин, Ыргыта сайып ийиптир, Караандуураак көрүнгөн, Карааны чоң канчасын, Найза учуна илиптир. Караган аны киши жок, Батайды Катай өңөрүп, Дөрбөндүн атын жетелеп, Оторуна кетиптир. Артынан аскер чубаган, Баш-аламан бараткан, Атайын келген Чигитей, Ырааккы жери Таластан, Кайра тарткан аскерди, Канын суудай агызып, Кыйырын бузбай кыйратып, Кырк-элүүдөн сулатып, Караанын көргөн каңгайды, Чөкөтаандай чуулатып, Имерип тийген жаандай, Ителги тепкен таандай, Кызыл канын чубуртуп, Сайып барат айанбай, Таталап каңгай баратат, Кылчайып артын карабай. Эрдик эмей ал кандай, Жүз элүү миң кишиге, Жалгыз кирген тартынбай! Чайкалып жаткан көл кандай, Кызыл каны чуурган, Кырылышкан күн кандай, Кыраан бала Чигитей, Кыйалына өлүмдү, Кылча ойлонуп эске албай, Найзанын учун кан кылып, Калмактын башын маң кылып, Ачык жолун жар кылып, Жарык күнүн тар кылып, Айдап барды Оторго, Калтырбай баарын жам кылып. Батайды койуп чатырга, Катайы турган кам кылып. Каарданып Катайы, Калкынан чыгып аттанды, Чигитей эми кантет? – деп, Калмактын баары шаттанды.