Карылуусун какшатып, Кылычтуусун кыйратып, Сооттуусун сойлотуп, Олпоктуусун онтотуп, Көпкөк темир кийинген, Мен-мен деген чанданды, Жол бойуна тоңкойтуп, Бойу узундан эченин, Карагайдай зоңкойтуп, Канчасы кармай жыгылган, Найзаларын койкойтуп. Балталуусун башка уруп, Балчактай кылып жапшырып, Ардактаган жандарын, Азырейил периште, Жанды ээсине тапшырып, Калкандуусун капшырып, Качкандарын салпактап, Куткарбастан башка атып, Жамгырдай кылып жаа тартып, Томпойтуп аттан кулатып, Тамандан чыккан чаңды көр, Кылычтан канды чубуртуп, Кырылып жаткан жанды көр, Асман ачык жер бүркөк, Күндүн көзүн чыгарбай, Топурак чаңдап боз чүмкөп, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Муруттарын шыйпайтып, Эр өлүгү бар тоодой, Чалчыктап аккан канды көр, Чайкалган деңиз элди көр. Сасык туман боз болуп, Талдынын бойу талаанын, Ой-тоосунда таза жок, Жеринин баары кан болуп, Тете, Салаа, Каракөз, Саранжа менен хан Калдык, Айласын таппай маң болуп, Башы айланып дал болуп, Бүткөн бойу шал болуп, Эндиреп эси нес болуп, Айласын таппай турушту, Кан төгүлөр кез болуп, Бала жолборс эр Асыл, Барган сайын күч алып, Бар кайраты тез болуп, Каптап кирген Саранжа, Каңгайлыктын элинен, Каны агып сел болуп, Эси оогандай сендиреп: — Кыргызга неге келдим — деп, Ылат-мынат жар болуп, Ырайым кылып сен мага, Чынында жардам бергин, — деп, Саранжа турган кездерде, Тете, Салаа, Каракөз, Хан Калдык турган бир четте, Кудай бетин салбасын, Шамал чыгып аркырап, Күн көрүнүп жаркырап, Кулак-мээни тундуруп, Керней-сурнай чуркурап, Кумдай болуп нечен таш, Талкаланып пыркырап, Сынган таштар асманда Учуп жүрөт зыркырап, Тажиктен келди Көкбөрү, Жер сойултуп былкылдап, Ар асаба, ар желек, Жерге батпай кылкылдап, Кара курттай кыжырап, Кумурскадай быжырап, Жерге батпай жыбырап, Алты хан келип баш кошту, Ар башка сүйлөп кужулдап, Биринин кебин бири укпай, Таранчыдай быжылдап. Тажиктердин көкбөрү, Кырылып жаткан элдерди, Көз жиберип көргөнү. Арасында жаланып, Периштедей жан алып, Асыл шердин жүргөнү. — Кайда кеттиң, хан Калдык, Турасыңбы эс танып? Түгөнүп калба, Саранжа, Тукумуң куурап жок калып! Тете, Салаа, Каракөз, Жер тайандың эчен жол, Кара кыргыз эл үчүн, Каткан экен биздин шор! Кара баштуу бендеден, Кененимдей болбойт зор. Зордук эмей неткени, Бастырып өзү келбеди, Жалгыз башы санга тең, Шашпай Асыл жүргөнү, Темир эмес оору жок, Олпок мунун кийгени, Жумуру баш, айры төш, Канкор Манас дегенге, Каныкейдин кийгени, Кандагай, олпок тиккени, Өзүнөн башка ким билди? Ургаачынын уздарын, Баарын кыргыз алыптыр, Кандагай, олпок, ырапыс, Катындардан калыптыр, Пулу оор карала, Букардан чыккан дүрүйө, Арууке жасап салыптыр, Каныкей жасап ак калпак, Элге атак калыптыр, Көтөлөк атын которуп, Талас атын койголу, Жерге атак калыптыр: Коңурбай келип кол салып, Ала албаптыр жол салып, Алмамбет, Манас биригип, Коргонду бекем салыптыр, Каныкей арып иштетип, Толук кылым болгунча, Томолонуп кетпеске, Күмбөзүн бекем салыптыр, Асманда жүрсө канаттуу, Акылга нуска санаттуу, Адамдан артык Чүрөктү, Эр Семетей алыптыр, Кара кыргыз журтунан, Кутулуп кимдер калыптыр? Сулайман сурак кылбаган, Бэйжинге Манас барыптыр. Тукумуна Манастын Чакылыштык биз келип, Буларды алып береби Сыйкырдан Кызылкыз келип? Айалдан чыккан арстаны, Айтылып калган дастаны, Сейитекке тийиптир, Өзү келип Куйалы, Кыргыздын бирин жактырып, Кызыл кыз тийип кетеби, Ишенчим жок бу дагы, Келип калса Кызылкыз, Кызматка мыктап салалы, Кызматын көрүп сыйкырдын, Моокумдан чыгып каналы, Алды менен тетиги, Асылды байлап алалы. Азыркысы каңгайдын, Бирин койбой түгөтөт, Барабанды кактырып, Ажыратып алалы, Эми бир күн тим койсок, Каңгайдан бирөө калабы? Бүгүн келет Кызылкыз, Бир амалды табалы. Деп Көкбөрү күркүрөп, Барабанды кактырды, Барабан үнүн укканда, Асыл чыкты бир четке, Аскерде кайта жандырды. Алыстан келген алты хан, Кеңеш кебин салышты, Ойлогонун айтышып, Кеңеш кепке канышты. Баш билги болбой болбойт деп, Чогулушуп кеңешип, Хан Калдыкты баарысы, Хан көтөрүп алышты, Хан Калдыкка Көкбөрү Акылчы болуп калышы, Хан Калдыктан кеп келди: — Эки күнү туралык, Кызыл кыз жетип келеби, Келип калса Кызылкыз, Кыргызга айла табылгыс, Кыйын күнгө калбайбы, Кызылкыздан кеп угуп, Таласты карай баралы. Кеңеш кебин бүтүрүп, Керилип хандар жатканы. Муну мындай таштайлы, Кызылкыз салган чуулган, Ошондон кепти баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.