← Асылбача-Бекбача 4/6

— Карчалыштык канча күн, Асыл жалгыз биз менен, Тапатак-беш күн салышты, Көкбөрү баатыр сиз менен, Кандай жанып келдиңиз, Кайсы түрдүү иш менен? Томолотту атынан, Тоодой болгон Дөнөнү, Манастын уулу Асылдай, Мындай тыңды ким көрдү? Ойлоп акыл табалы, Жекелешип Асылга, Мойунга албай өлүмдү, Сизге жакса кебибиз, Беш баашанын элибиз, Беттешмекке кыргызга, Белди байлап келгенбиз, Беш бөлүнүп киргели, Беш жеринен эми биз. Кененим кары, Асыл бир, Беш жерден кирсек бөлүнүп, Кыргыздын көөнү болсун кир. Коргонун колго алалы, Күмбөзүн чагып салалы, Тай семизин сойолу, Баш көтөргөн кыргыздын, Баарын тиздеп койолу, Бар дүйнөсүн алалы, Кетер күнү коргонун, Өрттөп ийип жаналы, Деп Каракөз токтолду. Тажиктердин Көкбөрү, Түбүнөн бузук арам кул, Тынч элге салып козголоң, Коросон менен испанды, Копурук салып козгогон, Маңгыт менен калмактан, Алардан аскер топтогон, Каракөздү жалдаган, Жедигер элин айдаган. Алты уурудан кол алган, Кененимди өлтүрүп, Кыргыздын ишин бүтүрүп, Таласты алам деп келген, Маңгыттын эли келбеген, Беш урук мында бар экен, Хан Каракөз айтканын, Көкбөрү жуткуч улады,- — Хан Каракөз айткан кеп, Кулакка сонун жагымдуу, Бас десем бастың баарыңар, Тур десем турдуң ханыңар, Маңдайга бүткөн багым бу, Тажиктен башка беш урук, Ээрчип келдиң калдайып, Булутка минген чагым бу, Беш бөлүнүп беш улук, Таласка кылгын чабуулду. Келип калса хан Калдык, Белин бекем буунсун, Кан менен колун жуунсун, Келбей калса хан Калдык, Биз койолук олжосун, Камынгыла, баарыңар, Убадабыз шол болсун. Кыргыздын кызы сулуу, деп, Кылымга кеткен наамы бар, Таластын жерин алганда, Манастын тагын алганда, Бул олтурган улуктар, Үчтөн сулуу алыңлар, Кыңшылатып кыздарды, Кылтылдатып жоргону, Анан элге барыңар, Тете, Салаа, Каракөз, Каңгайлардын Саранжа, Кабарды менден алыңар. Көкбөрү менен Каракөз – Биз коргонго баралы. Тете, Салаа – экөөңөр, Өрттөнүп өлгөн Манастын Күмбөзүнө баргыла, Каңгайлыктын Саранжа, Асылды элге жибербей, Сен болгунуң каргаша. Кененимге мен бармын, Каракөз алат коргонду, Ушундай айтып болжолду, Бабырышып оозунда, Таласты алып болгону. Муну койо туруңуз, Буйактан кепти угуңуз. Ордонун ханы Орунбай, Жатканы жок ой кылбай, Кыргыздан кошуун жыйнады, Кененимге туйдурбай, Аты-тонун ылгатты, Найза сайар кылдатты, Айбалтага мыктууну, Чойунбашка шыктууну, Күрөшсө онду жыкчууну, Жебени жаага кергенди, Атканын жазбас мергенди, Беттешкенин жеңгенди, Колунан жумуш келгенди, Басташканын алганды, Жеңишке чыккан чанданды, Чалкасынан салганды, Кең көкүрөк кууш айак, Балбан болчу балдарды, Мындайды элден ылгады, Санап туруп миңди алды. Орунбай уккан кабарды, Элөөсүз жумшап адамды, Көрүп келген көз менен, Беш урук эли чогулуп, Болуп жаткан абалды, Камдап койуп миң балбан, Орунбай өзү асталап, Кененимге барганы, Уккандарын калтырбай, Бардлык кебин салганы, Угуп болуп Кененим: — Ордонун беги Орунбай, Орунсуз го бул кебиң? Сейитимдин Асылды, Начар бала дебегин, Айтышыңча душманды, Толук жүз миң бар дедиң. Миң баланы алып барып, Ата-энесин ыйлатып, Калба таап бербегин. Эртең күнгө ишенби, Иштин башы эмеспи, Тарашанын сыртына, Өзүм барып келемин, Чымыркансын чыйралып, Жардам берем дебегин. Эл сактап эрди өстүрүп, Канча көрөт керегин? Эр болот деп Асылды, Элим, кыргыз, мактадың, Куйругуна май төшөп, Жер бастырбай бакканың, Жакшыраак го Орунбай, Убара болбой жатканың. Калың эл, ойноп жата бер, Карысам да карпаңдап, Кененим деген ат менен, Аркасында мен бармын, Бекбача бар иниси, Асыл аман турганда, Бастырбаймын бир иши, Ойлонуп айтат Орунбай: — Ойуман кетпейт Асылбай, Бир барып көрүп келбесем, Болбойт менин көөнүм жай, Уу кылалы миң адам, Алыстан кабар алалы, Караанын көрүп жаналы. Көкүм деген бар эле, Кирип келе калганы, Каадасы менен баатырга, Көкүм кылды саламды: — Көк жал баатыр Кененим, Көрүп келдим балаңды, Алып келдим кабарды. Он беш ашуун күн болду, Мен ал жерге баргалы, Асыл эрдин көзүнө, Көрсөтпөдүм карамды, Күндө тыным алдырбай Түндө чырым алдырбай, Же чөпкө атын чалдырбай, Жаман экен Көкбөрү, Айлакер экен Каракөз, Жаңылап киши чыгарып, Кыйнады Асыл баланы. Элинен тандап эр ылгап, Чыгып жатат найза ыргап, Карчап жатат келгенин, Баатыр Асыл күч чыңдап. Келген элдин кандарын, Баарын билдим аларын, Каңгайдан келген Саранжа, Жедигердин Каракөз, Коросондун Тетеси, Испандан Салаа дегени, Тажиктердин Көкбөрү, Өзү чыгып Асылга, Айанбастан көшөрдү. Алы келбей акыры, Жооп алып Асылдан, Тамактанып келем, деп, Көп кошуунга жөнөдү. Из кубалай мен бардым, Атым Көкүм калмакча, Бир калмак болуп алганмын, Кирип-чыгып чатырга, Кеңеш-кепке канганым. Саламаттын хан Калдык, Бүгүн келип калар, дейт, Келбей калса хан Калдык, Олжосун толук алар, дейт. Аскерди бөлдү үч бөлөк, Тажик менен жедигер, Сен коргонго бар, деди, Коросон менен испанды, Коргон менен күмбөзгө, Бирине-бирин каттатпай, Жолун тосуп кал, деди. Саранжаны сен барып, (Таш топурак оозуна!) Айкөл шердин күмбөзүн, Айоосуз бузуп сал, деди, Ала тоодой өзүңдү, Айабаган чал, деди, Али канча ал, деди, Тунжур төрө Бекбача, Түк оозуна кирбеди, Ак калпак кыргыз көп элди, Катарга деги илбеди, Беш бөлүнүп аскерди, Талашты тепсеп кир, деди, Саранжаны кошумча, Асылды элге жеткизбей, Аласкытып тур, деди, Менин көргөн-билгеним, Уксаң, баатыр, бул – деди, Карбаластап Көкүмдүн, Келиш жайым ал, — деди, Угуп туруп Орунбай, Ачынып жүрөк желдеди. Кабагын ачып күлбөгөн, Күлгөнүн киши көрбөгөн, Карамүртөз Кененим, Мыйыгында күлгөнү. Аңгычакты болбоду, Алар антип жатканда Жалгызектин Бактыбай, Айнектей көзү жаркылдап, Салам айтып киргени. Саламга алик алгынча, Аман-соосун билгинче, Акылы жаштын тунугу, Алматынын улугу, Ал казактын уругу, Музбурчактын тукуму, Ителгидей баркылдап, Майлашып бети жылтылдап, Аккубак кирип келгени, Бактыбай менен Аккубак, Жарыша сүйлөп эки жак, Тура калып Кененим, Амандашты кучактап, Ордонун ханы Орунбай, Конок келип калганда, Тура алабы кам кылбай, Ал Көкүмгө Кененим, Кебин айтат мамындай: — Жайбаракат жаткыла, Эчтемеден кам кылбай, Бузулуп кыргыз кетпесин, Айтып койгун сен барып, Угуп калсын Орунбай. Көкүм барып айтыптыр, Солк этпей кыргыз жатыптыр, Кысыр эмди тай сойуп, Кымызга чайкап бал куйуп, Дасторкондун бетине, Канча түрдүү даам койуп, Конокторго тартыптыр, Бирге олтуруп Кененим, Таамды бирге татыптыр. Бата-дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Бактыбай кебин салыптыр: — Музбурчактын Аккубак, Жолдо калдык учурап. Аңгеме-дүкөн кураштык, Жүргөн жөндү сураштык, Атбашыдан беш киши, Келаткамын сизди деп, Алтымыш нарга дөдөлөп, Актап күрүч арттырып, Келайтканмын жесин деп, Таласка жакын калганда, Учурады Аккубак, Келайтыптыр сизди издеп. Жай келген кишиң мен элем, Арыз айтып келе жатыптыр, Жанымдакы Аккубак. Бактыбай айтты өз кебин, Эми Аккубак келгенин: — Алдыңа келдим Аккубак, башымда мүшкүл иш турат, Беш айга толуп баратат, Тура албадым мен чыдап. Саламаттын хан Калдык, Айга бүлөп азуусун, Келип жатты эл камап.