← Асылбача-Бекбача 3/6

— Ой, Көкбөрү, жанымсың, Калың тажик ханысың, Элиң тажик турмайлык, Коросон, испан, каңгайды, Башкарыпсың баарысын. Бас десең басып атышат, Тур десең туруп жатышат, Улуу-кичүү ушул журт, Оозуңду сенин карашат, Башкарышың бул элди, Балам, сага жарашат, Маңдайдагы багыңды, Кимдер сенден талашат. Сен барбагын тил алсаң, Баш байланып канжалайт, Тээ Манастын уулу кызталак. Сенин көзүң жоголсо, Акылын сендей ким билет? Ээси жок калган биздин эл, Ээсин таппай сандалат. Ар кайда тарап жоголот, Элин таппай самсалап. Коросон, испан, каңгайлык, Айбатыңдан жазганат, Сенин көзүң жумулса, Мына бу турган тажикти, Талап алып түз кылат, Өздөрү мында келгенин, Биздин элге күч кылат. Тилимди алсаң Көкбөрү, Ат арытып минген деп, Тон тоздуруп кийген деп, Көп жашаган кары деп, Карынын сөзүн укканга, Катырган сары барпы деп, Коркуп калган кептенбей, Койгулашкын качырып. Күндү күнгө улабай, Түндү түнгө улабай, Жаныңды кыйнап бурчултпай, Ок өтпөс тонуң жыртылтпай, Буулумуңду кырчылтпай, Бура тартып ыгын таап, Белги берип аскерге, Каптатып ийип Асылды, Чыга бергин бир четке, Душманды мактап жатат деп, Сен албагын көөнүңө, Манастын укум-тукумун, Төгөрөктүн төрт бурчу, Төбөлөшүп салышып, Жеңгени жок эмгиче, Амал менен туралы, Саламаттын хан Калдык, Таңгут, маңгыт, тыргооттор, Калдайып мында келгинче, Өлгүнчөктү Саламат, Урпагына Манастын, Жакын болду санаалаш. Жалаңгыч сарык Кененим, Батыш менен чыгыштан, Баш көтөргөн ким болсо, Түгөтө кырып олжо алды, Саламат анда тең алды, Хан Калдыктын колунда, Адам өлчөп билгисиз, Ар түрдүү бар жарагы. Түбү хандын тукуму, Бойунда тоодой талабы, Асыл менен курбалдаш, Хан Калдыкты салалы, Деп Атынек айтканда, Арамзаада Көкбөрү, Ичинде ойлоп акыл, деп, Айтканы жок, макул, деп, Акырайа бир тиктеп, Калжырабай нары тур, деп, Өрттөй көзү кызарып, Өпкөдөй бети бышаарып. Өрдөктөй мойну узарып, Өткүр миз найза карманып, Өрттөгөн арча беттенип, Төбө чачы тиктенип, Белин бектеп курчанып, Теңдиги кетип колунан, Деги жаман муңканып, Сом темирин артынып, Чарайнасын тартынып, Туулгасын көмөрүп, Намысы үчүн көгөрүп, Жонунда калкан темирден, Кара бойу кем эмес, Орто- карта сеңирден, Толук кези отуз жаш, Кутурган иттей элирген. Кыл муруту бириндеп, Кирген нардай күркүрөп, Кейпин көргөн адамдын, Бүткөн бойу дүркүрөп, Аркасынан чаң калып, Ач бөрүдөй жаланып, Жан айабай качырды, Манастын уулу жаш Асыл, Андан кайдан шашылды: — Сен, Көкбөрү, мен Асыл, Жандан тойсоң, кел, баатыр! Манастап ураан чакырып, Бу да кирди качырып, Өзү жалгыз душман көп, Ичи жаман ачынып. Эки бала бет келди, Он бештеги Асылды, Өз ойунда Көкбөрү, Оодара сайам деп келди. Жан айабай сайышты, Найзаларын сайдырбай, Каңкылдатып кагышты. Колтуктарын чойушуп, Айбалта менен койушуп, Кылычты кындан суурушуп, Жан кыйнашып урушуп, Олпокторун булушуп, Үзүп-жулкуп жыртышып, Үзүлгөнүн ыргытып, Бар сайманын иштетип, Ээрдин кесе тиштешип, Алаканга түкүрүп, Кар жанга күч келип, Кара бойдон аккан тер, Саздак жердей чылпылдап, Ылайланып топурак, Ат алдында былчылдап, Титирек кирди Көкбөрү, Бүткөн бойу кылчылдап, Өзөгүнөн от жанып, Ооруп сөөгү зырпылдап, Кара баскан немедей, Азуулары кыйчылдап, Тура албай калды Көкбөрү, Асыл менен тең чыдап, Канча кыйал-ой, санаа, Акылга келди ошол чак: “Бир суранып көрөйүн, Андан нөөмөт бербесе, Каптатып ийип аскерди, Качып мындан жөнөйүн, Тирүүлүгүм канымет”, Деп ойлонуп кара нээт: — Баатыр Асыл, кеп айтам, Кебиме кулак сала алсаң, Айткан кепке көнө алсаң, Канча күндөн бер жакка, Карчашта жүрүп калганда, Кардым ачып кайышып, Кабырга сөөгүм майышып, Сени менен тең жүрөр, Калбады алым алышып, Чыдаар алым калган жок, Карчылдашып салышып. Уруксат бер сен мага, Тамактанып келейин, Тамактанып келгенде, Сайдырып койсом мен сага, Армандуу калдым дебейин. Деп Көкбөрү айтканда, Баатыр туулган эр Асыл: — Көкбөрү барсаң бар, — деди, Так үч күнү күйөмүн, Так үч күндө келбесең, Карарып жаткан кошуунга – Беш уруктун тобуна, Мен аралап киремин, Бабам Манас шер турса, Мен мактанар эрлерден, Семетей менен Сейтек – Эки баатыр тең турса, Эр Кененим тирүү бар, Бенде эмес баатырдан, Жүйрүн дөөлөр кем турса, Жору куйрук Кызыл алп, Карала атчан Калыбек, Катардакы жети дөө, Айтумуш, Чынгыш, эки хан, Баарынын алы келбеген, Кененимден Сейитим, Кашкайа жалгыз эр экен. Сулаймат кылып кастыкты, Кара дөө менен көк күмбөз, Адамдын алы түк келбес, Карадөө каны чачылды, Сыйкырлуу күмбөз ачылды, Жан жүрбөстөн Кызылкум, Адамы жок, суусу жок, Арамзада Сулаймат Азгырып жолго салганда, Жетик калча баш болуп, Жети дөөнүн тукуму, Жете келип асылды, Жетик туулган эр Сейит, Качан андан шашылды? Ажал алып жакадан, Айдап келген жети иттин, Каны кумда чачылды, Сулаймат ишин бүтүрдү, Минген тактан түшүрдү. Атасын Кара дөө жеген, Абылды такка мингизди, Жетилбай менен Көкбука, Тилегин колго тийгизди, Сейиттен эгизбиз, Телегейи тегизбиз, Атаң Темирбек болсо, Болжолдуу күнү келиңиз, Адам алдап, сөз танып, Алдамак болсоң, Көкбөрү, Анда өзүң билиңиз. Коросон, испан, каңгайлык, Жедигер, тажик турасың, Хан Калдык келип калар деп, Үч күндүк сурап уруксат, Ошол го сенин кыйасың? Айткандан тансаң тайгактап, Айлаң кетсе да бир күн, Анда кандай кыласың? Көкбөрү, барсаң, барып кел, Деп айтканда Асыл шер, Тажиктердин Көкбөрү, Жүрүп кетти келем деп, Көкбөрүнүн ойуна, Жолдо түштү далай кеп: “Канкор Манас элине, Катышыпмын бекер, — деп, Жалганы жок баары чын, Асыл айтып өткөн кеп. Жан бүткөндөн жан алган, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим бүгүн бар турса, Он бештеги Асылдын, Кылган иши бул турса, Жан койбойт го кыргыздар, Жамандыккка бет бурса. Үч күн өтөт эми эле, Келбей койсом жекеге, Айткан сөзүм бузулса. Келип калса хан Калдык, Жалганы болбойт сөзүмдө, Жекени берем өзүнө, Баш кошкондо беш урук, Кымыз ичип бабырган, Ордо салып короого, Чүкө атканда чуулган, Аламан өскөн кыргызды, Келбей калса хан Калдык, Аскерди төрткө бөлбөсөм, Алакандай Таласка, Ар тараптан кирбесем, Астын-үстүн кылбасам, Ыракым кылбай кыргызга, Жашы менен карысын, Айал-эркек - баарысын, Как боорунан тилбесем, Ойноп жүргөн балдарын, Көзөй сайып шилиден, Бутактарга илбесем, Намысын колдон кетирип, Кызы менен келинин, Айак асты кылбасам, Селпектетип буттарын, Акактатып кемпирин, Далысын жерге сүрбөсөм, Оорактанган коргонун, Ойротто жок күмбөзүн Өрттөп ийип тынбасам, Көкбөрү атым бекер!” — деп. Көңүлгө бүгүп далай кеп, Келе жатат көкбөрү, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Элдер турат ойунда: “Кайра тартты Көкбөрү, Качкан жери деги жок, Асыл менен бүтүшүп, Келатабы көөнү ток?” Анда ойлойт Атынек: “Мен айткамын акыл кеп, Намыс кылып Көкбөрү, Айткан эмес макул деп. Анык шайы кеткенде, Асылга алы жетпеске, Ачык көзү жеткенде, Тамактанып келем, деп. Келе жатат бекен, — деп, Ойлоп турат Атынек, - Төрткө бөлүп аскерди, Таласка кирер бекен, — деп, Болжоп турат Атынек, Башын салып шылкыйтып, Акыл ойлоп келет, — деп, Келип калса хан Калдык, Тарашанын кырында, Алай-күн өтүп кетет, — деп, Аны ойлойт Атынек,- Көкбөрү келип эми эле, Мага салат кеңешти, Мен акылдын кени, — деп, Менин тилим албаса, Жеңемин деп Асылды, Кыла берсе талпаза, Өзү өлүп кетет”, деп, Көкбөрүнүн акылы, Атынектин көзүнө, Айнектен тунук жарыйа, Болор ишти болжолдоп, Ойлоп турат карыйа, Калың кошуун аскерге, Көкбөрү келди аңгыча, Каарданып карарып, Кандуу бетке заар салып, Жигиттер барып ат алып, Алдыга асыл салышты, Чай-тамагын көтөрүп, Алып келе калышып, Куйрук койуп, май койуп, Куймак койуп, бал койуп, Канык кара чай койуп, Бар тапканын тажиктер, Көкбөрүгө жай койуп, Тайар болуп желдеттер, Кызмат кылып калыптыр, Көкбөрүгө көрүшүп, Каракөз, Тете, Салаалар, Булар жетип барышты, Көкбөрү менен көрүшүп, Жабырашып калышты, Жедигердин Каракөз, Минтип айтып калышты: