Мактаганың Көкбөрү, Беттешкен окшойт ал мурун. Биз кайра жанып келгенде, Турган экен туу белде. Айта бар дейт ханыңа, Байкасын дейт алына. Кыйалында биздерди, Теңсинбеди дегеле, Баш ийчүдөй көрүнбөйт, Жер жүзүндө бендеге. Көкбөрүдөн Каракөз, Таласка барбас жооп уктум, Эки сапар туу белде, Асыл эрге жолуктум. Өзүң билгин калганды, Тирүүлүктөн өлүм ак, Жакын көрдүм ажалды. Ажал-өлүм тургузбай Жакалап бизди алганбы? Муну айтып Койтолоң, Бир үшкүрүп жан берди. Коросон менен испандан, Барып келген кишилер, Асыл деп айтып өлдү, деп, Айтып кабар келгени. Асылды көргөн беш киши, Өлүп кетти маминтип. Коросон, испан, жедигер, Улуктары олтурду, Мына минтип шай кетип, Эртең менен жөнөдү, Көкбөрү карай жүр дешип, Топурак учуп боз түшүп, Таш калдырап, тоо көчүп. “Асыл тосуп туу белден, Ашырбай такыр кырат, — деп, Кабар берди кыргызга, Тосуп турат жол-жолдо, Кененим бардыр бир жерде, Көкбөрүгө жеткиче, Кыйын болду биздерге”. Улуктары кеңешип: “Белде турган балага, Беттешкенче кетели.” Айбалта, кылыч эгешип, Жүрүгүнүң, жүр дешип, Найза сайар ыктуусу, Балта чабар мыктуусу, Чойунбашка шыктуусу, Көпкөлөң тарткан балдары, Кылыч чабар кырааны, Ылганып баары бөлүнүп, Баштап алып алдында, Хан Каракөз көрүнүп, Мылтык аткан мергени, Жебесин жаага кергени, Сом темир чапкан сойулчу, Кууш айак, кең далы, Балбан сыйак жандары, Хан Каракөз Тайтаны, Испандын каны Насаны, Ортого алып жөнөдү. “Байлап алып кетели, Кыргыздан бала төрөнү. Бак-таалайга салышып, Маңдайга келсе көрөлү, Ажал жетсе өлөлү. Асылды кармап алганда, Жалгыз калат Кененим. Аралап кирип кыргызды, Туш-тарапка бөлөлү, Агызып канын Таласка, Суу ордуна төгөлү”. Дүүлүгүшүп бабырап, Күрдөөлүү аскер жөнөдү. Асыл шер турат туу белде, Көз жиберип бул элге. Калмак менен тажиктен, Карааны канча көп экен. Түргө бөлүп аскерин, Башкарганы зор экен. “Тийишпесе ушул эл, Тимеле карап турайын, Баш кошкондо беш улук, Кыйындыгын көрөйүн, Акимсип булар катышса, Аралашып көрөйүн” Деп ойлонуп Асыл эр, Алдындагы Майтору, Кош олоңун бекитип, Куйушканын узартып, Каз таман найза көк түпөк, Кездемдин боосун чубалтып, Чарайнасын тартынып, Буттап темир артынып, Торгой көз темир бадана, Беш кабаттап кийинип, Кылыч белде кыңгырап, Ай балта жанда шыңгырап, Жанында кызыл доолбас, Шамал тийсе зыңгырап, Карап турат кайран шер, Көк мейкин зоодой зымырап. Ал аңгыча туу белге, Үч улуктун аскери, Жер сойулуп кыжырап, Кайсы экени билинбейт, Кара курттай быжырап, Калың аскер сүрдөнүп, Карап турган кишиге, Алда канча түрдөнүп, Тарашанын сыртына, Талдуу суунун кыркууга, Жабылып аскер токтоду. Үч бөлүнүп топ болду, Желектерин сайышып, Уруштун болду белгиси, Көрүп туруп Асыл шер, Жалтанбас жоодон кеменгер, Айкөл Манас тукуму, Түгөнгөн сайын түтөйт деп, Айткан сөздөр эп келер. Өлгөн сайын өөрчүгөн, Өткүр Манас тукуму, Өчүгүшкөн душманга, Өрт-жалындай чамынып, Токсон алты миң колго, Хан Каракөз баштаган, Тайтана, Наса зорлорго, Дайарланды эр Асыл, Андестиги Асылдын, Сыргактан үлгү алгандай, Жолборс жүрөк, таш билек, Түрү Алмамбет сардалдай, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Акбалта хандын Чубактай, Он бештеги чунагың, Опол тоодой зоңкойуп, Шаңданып жалгыз бастырды, Сырнайза колдо койкойуп. Алдында минген Майтору, Алоолонуп алкылдап, Ок өтпөс буулум шым кийип, Багалеги балкылдап, Кырааның карап турганда, Үнү күндөй күркүрөп, Чоңдугунан чочконун, Жер козголуп сүлкүлдөп, Колуна кармап келатат, Жолум үйдөй чойунбаш, Мен-менсинген азамат, Каапырды көрүп, көзүң ач. Утур келген тумшукташ, Чойунбаш менен талкалап, Мингени төөнүн нары экен, Заманды деген келатат. Ал Заманды дегенди, Жедигердин Каракөз, Таап келген болучу. Катаалды деген жерде өскөн, Катаалды дөөнүн жери деп, Адам уулу барбаган, Каракөз киши жиберип, Кененимге салмакка, Ошол жерден алдырган, Заманды келет заңкайып, Минип алган нарынын, Алдыңкы ээрди шалпайып, Асыл туруп алабы, Чоң экен деп жалтанып. Чоңдугунан Асылдын, Жүрөгү коркпойт калтаарып. Заманды Асыл бет келди, Ал Заманды ойунда, Жаш балапан Асылды, Кармап кетем, деп, келди. Жакындашып келгенде, Минген нары далпылдап, Чокмор күүлөп дап берди, Ойротто жок эр Асыл, Замандынын чокморун, Чаптырбай кагып жиберди. Заманды ага ар кылды, Чокморун кайра күүлөдү, Бала баатыр Асылды, Чокуга тартып жиберди. Беймаал жерде шер Асыл, Найзаны чындап сунганы, Качырып келип чочкону, Как далыга муштады. Баатырдан найза жеткени, Баатырсынган Заманды, Минген нардын үстүнөн, Аңтарылып кеткени, Жер тайанып тургунча, Карчыгадай кайран эр, Чокуга чаап өттү эми. Асыл чапкан оңобу? Жер тайанган Заманды, Кайта өөдө кобобу? Аңгычакты болбоду, Жедигердин элинде Жоомарт деген бар эле, Жоо бөрүсү ал эле, Жаанбайдын тушунда, Анча-мынча ал эле. Хан Каракөз болгондо, Баатыры болуп ордонун, Балбан атка конгону. Бул бадырек чуу койду, Жедигерлеп бакырып, Кыйаздап ураан чакырып, Мингени чабдар тайкы жал, Тулпар экен Куучаптар, Кош кулагын жапырып, Эки баатыр беттешип, Найзаларын кагышты, Кайта артына жанышты, Кайраты толук тың экен, Качпай туруп сайышты, Найзалары мутуйуп, Учтары түгөп калышты, Балтасында курч калбай, Уңгулары жарылып, Кылычтар сынып кыңгырап, Сыныктары шыңгырап, Туулгасы жарылып, Шал болуп уйуп колдору, Жалдырап тиктеп калышып, “Жоомарт мыкты баатыр”, деп, Жедигер айгай салышып, Шайы кетти Жоомарттын, Эки колу карышып. Ошол кезде Асыл шер, Жоомартты сайып албасам, Кантип адам болом, деп, Сайдырып салсам Жоомартка, Чабал атка коном, деп, Атам Манас болгон соң, Сайбай кантип койом деп, Эр Сыргактын өткүр миз, Найзасын булгап алганы. Кезегине келтирип, Кеңгиреген Жоомартты, Кый сүбөөгө муштады, Ошол сайган найзада, Жоомартты сайып таштады. Күчтүү урган Сырнайза Ар жаккы такыр колтуктан, Кылтайып үчү чыкканы, Мыктысынган шүмшүк кул, Жер кучактап жатканы, Беттешкенин мент кылып, Жоомартты жерге жастады. Тентектен келди Буйтуна – Темир кийген чоң бала, Коросондук неме эле, Азыркы тирүү кишиде, Мен жалгызмын дээр эле. Анча-мынча кишини, Кадигине алчу эмес. Кырк-элүү миң кол болсо, Тартынып андан калчу эмес, Найза сайып кишиден, Куру кайра жанчу эмес, Буйтуна сайган урчук тоо, Томорулбай калчу эмес. Ташты чапса талкандай, Тоздуруп жүргөн Буйтуна, Кыжыры кайнап жөнөдү, Заманды, Жоомарт өлгөндө, Ал экөөнүн өлгөнүн, Карап туруп көргөндө. Бурулгуп топо тумандап, Асманга учуп топурак, Чыдай албай титиреп, Өнүп турган дал-дарак, Ажыдаардай сүрдөнүп, Ач карышкыр түрдөнүп, Борошо жүрүп жаткандай, Бетинен чыккан ыдыгы, Жайдын күнкү аптаптай, Жалындай тийсе ысыгы, Кирпиктери бириндеп, Жер бетинде турган чөп, Токтоно албай кыймылдап, Жел соккондой дырылдап, Мурдунан чыккан тынуусу, Кол ыштыктай буркурап, Сакал менен мурутта, Ала карга, сагызган, Учуп жүрөт куркурап. Өңү кара көмүрдөй, Тиши аппак седептей, Эрди калың төрт эли, Желкеси агып ириңдеп, Чачы тармал үксөйүп, Жаалысы катуу түктөйүп, Оозун ачып эстенип, Азуулары шакылдап, Башына кийген туулга, Калгандай кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кар тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.