— Алыстан келди беш киши, Ат-тону башка бир иши, Тосуп жолун тургуздук, Ким экенин угуштук, Урматың үчүн, Көкбөрү, Тогуздап таазим ургуздук. Коросон, испан, жедигер – Үч уруктун эли дейт, Баштап жүргөн аларды, Хан Каракөз беги дейт, Токсон алты миң киши, Токтобостон келдик дейт. Жиберди дейт Каракөз, Көкбөрүгө баргын деп. Мен Таласка барайын, Уруксат берсе Көкбөрү, Көрүнүп койуп көзүнө, Ал үчүн келдим өзүңө, Карап калып Көкбөрү: “Кененим менен Асылды, Катары менен сойдум, – деп, Мурунку өлгөн эрлердин, Кун кубары болдум, — деп, Чалчык элем, көл болдум, Кокту элем, төр болдум, Аз киши элем, көп болдум, Учкун элем, өрт болдум, Толкуган дайра сел болдум, Тоо менен бүгүн тең болдум, Кем-карчы жок ишинде, Телегейим тең болдум, Улуктугум билинсин” – деп, Бутун жерге тийгизбей, Боортоктоп кирсин, деп, Буйрук кылды келсин, деп. Жесекчи келип жүрү деп, Алып келип чатырга, Боортоктотуп жылдырып, Тобо-томук кылдырып, Ал бешөөнү киргизди, Көкбөрүнү үстүнө. Тизелешип олтурду, Көзүн жашка толтурду, Жедигердин Койтолоң, Кеп баштады ошондо: — Коросон, испан, жедигер, Кошуун айдап келсин деп, Кабар кылып ийдиңер. Алыстан келдик атайын, Келгенимди айтайын, Жедигердин Каракөз, Жиберди сага Көкбөрү, Кошулган экен турбайбы, Өзүнө кылган казапты, Сен өңдөнгөн улукту, Мындан мурун ким көрдү? Кыргыздан чыккан кыраанын, Келатып жолдо көз көрдү, Жакшы-жаман дебестен, Жайынча айтып өткөрдү, Тамызгыдай кыргыздар, Ысыгы калып өчкөндү. Салам айтып Каракөз, «Уруксат кылсын бизди, — дейт, Таластагы кыргызга, Талаан койуп тийем, — дейт, Бешиктеги балдарын, Карагай-кайың, талдарга, Шилисинен илем, — дейт, Катын менен кыздарын, Өз билгимди кылам, — дейт, Кымызын төгүп сабаадан, Ордуна суудан куйам, — дейт. Кул кыламын уланын, Күң кылам дейт жубанын. Абышка менен кемпирди, Ичер ашка зар кылам, Аңтара сайсам Кененим, Алаш уулу дегеним, Айдап жүрүп кыдыртып, Кылгылыкты кыламын, Кыйа карап койгонун, Кылычтап башын кыйамын. Ойлогонум бүт кылып, Андан кийин тынам!” — дейт. Ал Каракөз дегендин, Айткан кеби мына ушул. Ачык айтсаң жообуңду, Ачык кылсаң жолуңду, Каракөзгө барамын Көкбөрү жандын кеби деп, Көргөнүмдү айтамын. Бар десең барат Каракөз, Барба десең Каракөз, Бара албай Таласка. Чогуу турсаң жакшыбы? Айбатына таң калдым, Жолдо турган балага. Койтолоң кебин бүтүрдү, Айтып болуп үшкүрдү, Көкбөрү кепке түшүндү, Туруп калып делейип, Жооп бербей денейип, Анда айтат Көкбөрү: — Атың болсо Койтолоң, Кайра чапкын сен болсоң. Хан Каракөз дегениң, Таласка барам дебесин, Кененимди кары деп, Келдим эле бул жерге. Жалгыз эмес Кененим, Жанында жана бар экен, Асыл бала аты экен, Ал ажыдаар мар экен, Чын ачуусу келгенде, Бөйөн-чайан заар экен, Кез болгон бенде Асылга, Кең дүйнөсү тар экен, Келишип алган кишинин, Кетер жолу шар экен. Көптү көрсө шашпаган, Көп экен деп качпаган, Көкжалдыгы кармаса, Көөнүндө ишин баштаган, Көптү көрсө күйүнбөс, Азды көрсө сүйүнбөс, Аралап кирсе сан колго, Ажалды туура көзгө илбес, Өкүм өткүр сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Өрттөй жалын көзү бар, Өөрчүп турган бала экен. Балалык кылып калтаарбас, Кызыл кан агып чайкалса, Кылчайып артын карабас, Асман тиреп от күйсө, Башын тартып жалтанбас, Баатыр экен кызталак, Тентип кетсек ар кайда, Теңдешип ага ким чыдайт? Бирди бирге жеткирбей, Асылбача, Кененим, Карышкырдай кан жалайт. Белибизди бууганбыз, Тирүү болсо бир дөңдө, Убада сөздө турганбыз. Өлсөк чогуу чуңкурда, Бололу деп айтканбыз, Ошондо айткан кептерден Кантип кайра тартабыз? Көкбөрүнү кеби деп, Каракөзжанга айткының, Болгун бачым бастыр! – деп, Баашасы айтты мындай кеп, Баашанын кебин укканда, Койтолоң карап турбады, Кара аттын башын бурганы, Камчыга бөлөп кара атты, Хан Каракөз барам деп, Жан айабай баратты. Асылбача арстан, Караанын көрдү алыстан, Токтогун деп акырды, Үн чыкканда Койтолоң, Жүрөгү чыкты кабынан, Билеги сынды сабынан, Жыга чапкан немедей, Кулап кетти атынан. Тура калып ордунда, Эки колу боорунда, Корккондон өңү саргарып, Сийдиги агып шырылдап, Баса албай турду шалдырап, Багшалеги шалбырап, Тоңгон уйдай чакчайып, Эки көзү жалдырап. Асылбача эр айтат, Ал айтканда нени айтат: — Кеткениң болу күнү-түн, Беш киши элең бир бүтүн, Жалгыз кайдан келесиң, Жан айабай сен бүгүн? Эсин жыйнап Койтолоң: — Каракөздүн кабарын, Көкбөрүгө айтканга, Көрүшүп ага барганбыз. Көкбөрү кайра тарт деди, Каракөзгө бар, деди, Алып келе кал, деди, Тирөө болсок, бир дөңдө, Өлсөк чогуу чуңкурда, Бирге туруп болобуз. Айткан кеби мына ушул: — Куру барбай ханыңа, Айта баргын саламды. Жаанбай хандын каны үчүн, Миңден алам эсепти, Канжыгага Каракөз, Байлап келсин башын де, Жолуңду тосуп эр Асыл, Жолдо турат азыр де, Армансыз болсун Каракөз, Көкбөрү менен биригип, Бирге жатсын чуңкурда, Жалгыз жатпай зеригип! Койтолоң кетти ат койуп, Чуңкуруна көзүнүн, Топурак кирип жык толуп. Көрдөн ачып алгандай, Жерден чыга калгандай, Желмогуздай жаланып, Жан-жагына каранып, Хан Каракөз кошуна, Кирип барды Койтолоң, Бойу бокор, үнү жоон, Мойну узун койколоң, Салам айтып ханына, Басып кирди жанына: — Каракөз, сардар, ханыбыз, Аман-эсен жаныңыз? Барып келдим, бар дедиң, Пейили жаман, түрү суук, Көкбөрү деген неменин, Тогуз катар жүгүнтүп, Кара жандан түңүлтүп, Тизелетип жылдырып, Нечен таазим кылдырып, Алып кирди биздерди, Өзүңүз айткан сөздөрдү, Калтырбай атты Койтолоң, Бачым кайта бар, деди, Сөздү угуп болгон соң, Жалгыз эмес Кененим, Эки экен дейт, Көкбөрү. Асылбача мыкты деп, Айтып кетти бир далай, Таласка барбай Каракөз, Түз келсин дейт бул жерге, Тирүү болсок, өлсөк да, Бололу дейт бир жерде. Нары бара жатканда, Бир жаш бала туруптур. Тарашанын туу белде, Жалгыз жанды көргөндө, Олжолой кетсек белем деп, Неет болду биздерде, Жүрөк чыга жаздады, Бет маңдай келген кездерде, Кара бойу турушу, Окшоор эмес эч бенде. Мингени тору кашка экен, Түрпөтү эрден башка экен, Болжол менен айтканда, Он төрт-он беш жашта экен, Бала өзү дөө экен, Мингени тору тоо экен, Эмики жүргөн кишиде, Мындай бенде жок экен, Жаман кепти айтпады, Жакшы кептен баштады, Өзүң айткан кеп менен, Жабалактай сүйлөдүк, Кажылдаба, иттер, деп, Жаман айтып таштады. Жашырар айла болбоду, Жайын айттык бар иштин. Коросон, испан, жедигер Колубуз токсон алты миң, Токсон алты желдетти, Дүрбү менен шыкаалап, Баарын санап алыптыр, Биздер анча барбасак, Бастырганы калыптыр, “Көкбөрүгө баргыла, Беш уруу эли болупсуң, Белиңерди буугула, Биргелешип тургула, Асылды белде көрдүк деп, Көкбөрүгө айткыла, Кошулуп маңгыт алты урук, Азапты менден тарткыла, Алыңар келсе кыргызды, Баш көтөртпөй баскыла. Керкиң өтсө кескин, дейт, Балтаң өтсө, чапкын, дейт, Керкиң кеспейт, кетилет, Балтаң өтпөйт, мукуйат, Түп атам Манас, билгин, дейт, Ажалың айдап жай таппай, Алты урук мында келдиң, дейт. Ар канча болсо аскериң, Бээжиндиктен көп эмес, Мен-менсиген Көкбөрүң, Коңурбайды койуп тур, Мурадилче деги эмес. Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч сарык аталган, Кененим бар чоң атам, Эркин өскөн баламын, Эр Сейити өзүм ата, Таркатып чилдей силерди, Бириндетип жүрбөйүн, Чогулгула бир жерге, Ылаачындай тийейин” Деди Асыл биздерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.