← Асылбача-Бекбача 1/4

Бекбачанын өлүмү

Элдер тарап кеткенде, Аркасынан Бекбача, Катышпаса катышпай, Жерине кайра кеткенге, Катышып калса кыргызга, Түбүнө мунун жетмекке, Акмалап жүргөн кездерде, Чыгышты карай баратып, Моңгулдардын кошууну, Тетир суулап басыптыр, Текесин таштап атыптыр, Өзөндү бойлоп каз уулап, Бейкут кыргыз жатыптыр. Четинен моңгул кол салып, Темселетип тийгенде, Кыргызды кырып киргенде, Бекбача жетти ал кезде. Камап туруп какшатып, Өзүнө ташты жыйнатып, Бирине-бирин көмдүрүп, Калмак обо ат койду. Тетир суу атын жойгону, Какшап калдык мында, деп, Какшаал атын койгону, Тетир суу аты жойулуп, Эмгичекти айтылып, Какшаал атка конгону. Манжунун ханы жол баштап, Нарын кол менен кириптир, Текес хан өлгөн алдында, Ашка барып Күнөс хан, Элдин калган артында, Тың бастырып жүрө албай, Карылыктын дартында. Манжулар салды бүлүктү, Унутулгус түйшүктү- Жыргап жаткан кыргызды, Айдатып келип жыйдырды, Кылычтатып кыргызды, Топ-тобу менен көмдүрдү, Өкүмүнө көндүрдү, Кылычында манжунун, Кырыгздын каны дат калды, Текес, Күнөс, Жылдызда, Чогулуп калган таш болсо, Кыргыз бейит ат калды. Оролдон келип ээ болду, Эмки жылдыз калмагы, Артынан жүрдү Бекбача, Манжудан кегин алганы. Алты жылы амалсыз, Айабай ооруп калганы, Кылымдагы илегер, Кылбаган даба калбады. Ырысына кыргыздын, Оорудан акыр айыгып, Атка минди Бекбача. Бекбача ооруп жатканда, Батыштагы элдерден, Басташып жүргөн эрлерден, Усундан келип үч катар, Абайлап кетти кыргызды. “Өлөт экен Бекбача, Кыргыз эсин жыйгыча, Биз баралы тебелеп” Деп ойлошуп алышты, Усун менен маңгыттар, Чогулуша барышты, Беш миңчелик кол менен, Таласка келип калышты, Кадалуу хандар келгенсип, Арага элчи салышты, Элчи келген кезекте, Эл аралап Бекбача, Атка минип калышы. Усун менен маңгыттан, Келген киши үч экен, Жазган каты бул экен: “Усундан келдик үч миң кол, Маңгыттан келдик эки миң, Кеңколдоку коргонду, Бошотуп бизге бергиниң, Кол куушуруп келгиниң, Бекбача эле эрениң, Бекбачадан айрылдың, Эми, кыргыз, не дейсиң? Уруудан чыккан узуңду, Бойго жеткен кызыңды, Кадырлаган кишиңди, Кызыл ээк карыңды, Кызыл муштум балаңды, Убара кылбай биздерди, Чогултуп тургун аларды. Алаңды айрып бир жыйна, Торуңду топтоп бир жыйна, Бешке бөлүп жылкыңды, Аралаш койбой бөлүп кой, Көгү менен кызылды, Кызыл жерде сарала, Башка–башка бөлүнсүн, Чаар менен карала, Айткан ишти кылсаңар, Кары- жашың калбастан, Алдыдан тосуп чыксаңар, Акылыңа төндүргүн, Ушул бизден уксаңар, Кылбасаңар айтканды, Кылык кылам айткандай, Каныңарды агызам, Тегирмен эгин тарткандай!” Каттын жайы ал экен, Каткаты жазылган, Кеңке менен Жертебер. Катты көрүп Бекбача, Токум салып тору атка, Элчилерди кайт, деди, Өлбөптүр, тирүү Бекбача, Бул кабарды айт деди, Уссун менен маңгыттын, Канына эгин тарт деди, Кыргыздан кылдап миң жигит, Мени менен бас, деди, Миң жигит, кирбе урушка,

Жыйарың сени ат деди. Маңгыт менен уссундан, Бирди тирүү кетирсем, Мен Бекбача оңбоймун! Бекбача бара жатканда, Элчилери кабарды, Көргөн ишти айтканда: “Бекбачаны өлдү деп, Бекер келген экенбиз, Уруша кетсек өлөбүз, Жинди чачып төгөбүз, Качып берсек калдайып, Качкан жоону сайгын, деп, Калкына кабар айтпайбы, Боз уландар аркадан, Кылычтап башты чаппайбы” Жертебер, Кеңке кеңешип: — Ооруп копту Бекбача, Оорагынан качпайлы, Алты жылы ооруган, Кишиден капсак далбактап, “Уссун менен маңгыттай, Болбогула силер” деп, Эл түгөнүп болгунча, Жер жайкалып болгунча, Элге калат жаман ат. Кеңеш бүтүп качпаска, Менден корксоң келбе, деп, Жекеге чыгып турмакка, Белин бекем байлады, Канчага жетсе алдары, Ошончолук камданды, Сапка тизип кошуунун, Таласты тепсей баргалы. Асаба- желек желбиреп, Ажалы жеткен байкуштар, Эстен тамып темтиреп, Бастырганы турганда, Эр Бекбача баштаган, Кыргыздан чыккан миң балбан, Жетип келди,Таластан. Жекеге чыгып жер тебер: «Мага теңдеш ким келер?” Өзүн-өзү дөө ойлоп, Калгандарды чөп ойлоп, Ойнотуп атын акырып, Мыкты болсоң, эр болсоң, Өзүң кел, деп Бекбача, Атынан айтып чакырып, Чымыроондой чыңырып, Ачууланып бакырып, Кайратын көрүп капырдын, Атагы жок баатырдын, Майторуну кындыйтып, Бастырып чыкты баатырың. Араң турган арыктап, Алты жыл жаткан табыптап, Кыйкырган жоону көргөндө, Көөнү өсүп жетилип, Мурункудай семирип, Тап бүркүттөй желигип, Жерге батпай Майтору, Жорголой басып элирип, Майданга жетип келгенде, Тик карабай Жертебер, Өлгөнчөктү ашыгып, Ажал айдап ченебей, Мурду көөп дердеңдеп, Найзасын күүлөп кыйкырып, Чыга келди Бадырек, Карды чыгып чердеңдеп. Туруп берди Бекбача, Тутамдаган найзасын, Уруп өттү баатырга. Найзасы сынды карс этип, Жандап өтө берерде, Этегинен кармады, Эңип алган улактай, Атынан тартып алганы. Оодарылып калганда, Илип алып найзага, Кеп сурарга калганда, Эки буту тепеңдеп, Желке чачы сепеңдеп, Кеңке барды аңгыча, Бакырыгы баш жарып, Белдүү баатыр баштанып. Найза менен көкжалды, Сайып өттү капталга, Оодара сайа албады, Ороңдоп жана барганы, Сундуруп сайган найзаны, Учунан улай кармады, Катуу кармап, бек силкип, Алың канча, деп силкип, Оодара тартып салганы. Өз найзасын өзүнө, Кабаттап сайды соотуна, Кармап туруп Бекбача, Экөөнү эки колуна: — Кайдан келген элсиңер? Качандан бери эрсиңер? Не жумуш бар бул жакта, Эмне үчүн келдиңер? Элиңер ким, атың ким? Карасыңбы, хансыңбы? Баатырсыңбы, алпсыңбы? Жашырбай айткын атыңды? Деп сурады Бекбача. Жертебер, Кеңке салаңдап, Илип койгон чаначтай, Найзанын турат башында. Жертебер, Кеңке шашканы, Ашта болгон кеңештен, Уссун, маңгыт келгенин, Ушугача айтканы, Укмуш айтты ушулар, Текес, Күнөс, Жылдызы, Кырганын манжу кыргызды, Баарын айтты ушундай, Моңгул, шибе, солондун, Калганын айтты катышпай. — Биз келгенбиз Таласка, Элчи салдык арага, Алты жыл ооруп араң жан, Антип турган Бекбача, Кантип жарайт намыска, Минтип келип өзүбүз, Илинип калдык найзага, Бизди ушундай найзага, Койосуң илип канчага? Жертебээр, Кенке айтканы, Эстүү-баштуу келгин, деп, Уссун менен маңгыттан, Элден адам чакырды, Эси чыгып баралбай, Элдер турду акыры, Жакының ким, жакшың ким? Жертебээр менен Кенкеге, Эр Бекбача айттырды, Айтып берген кишинин Атынан атап алдырды. — Келген элдер кеткиле, Жер-жериңе жеткиле, Жертебээр, Кенке дегенди, Бекбача алып калды, деп, Элге айткыла, деди эле, Чакыртып келген ар жактан, Усун менен маңгыттан, Жарыша койуп жабырап, Айтып калды далай кеп: — Жертебээр менен Кеңкени, Таштап кетчү биз эмес, Элин таштап томсортуп, Алып кетчү сен эмес. Маңгыт, усун эл турса, Кантип алып каласың? Ал келбесе көз жетип, Калп эле үкүс кыласың? Ар жактан келген адамдар, Үчтөн алты киши экен, Үйрүп кармап камчысын, Үксөңдөп калды чакыйып, Аңтара тиктеп көздөрүн, Асманды тиктеп акыйып, Орунбайды келгин, деп, Эр Бекбача бакырып, Жертебээр менен Кенкени, Орунбайга тапшырып, Үксөңдөгөн алтоонун, Камчы менен үчөөнү, Кара жерге жапшырып. Айдап алып үчөөнү, Элге барды бастырып. Жетээр-жетпес барганда, Уссун менен маңгыттар, Каптап кетти ат салып. Алты жылы Бекбача, Кумар болгон урушка, Эми амал калган жок, Буларды айап турушка. Эндекей беш миң аскерин, Эбин таап үч күндө, Ажал жетип өлбөгөн, Отузчасы калды эле, Жертебээр менен Кенкени, Алып келди ал жерге. Өзүнүн отуз кишисин, Кошуп берип эрлерге, Уссун, маңгыт өлүгүн, Жыйнаштырды ар жерге, Жыйнатып барып салдырды, Кыйан жеген аңгелге. Бастырып салган таштарга, Уссун менен маңгыттан, Андан калган нугу, деп, Айтып келет эмгиче. Кармаган кашаа, тизген таш, Кездешип калса кай жерде, Уктан калган нугу, деп, Айтылып жүрөт бул күндө. Уссун менен маңгыттын. Көрүнөө калды нук аты, Текес, Күнөс, Жылдызда, Манжулар кырып кыргызды, Кай жерде үйгөн таш болсо, Кыргыз бейит ат калды, Жалганы жок баары чын. Койулган ушул аттары. Манжудан кегим алам, деп, Аттанаарда Бекбача, Элге айткан нускасы: — Ашмура башы Жети төр, Жердеген элим баарың кел, Куру келбей келгиниң, Ак бозунан бээ болсун, Аксарбашыл уй болсун, Ак сүт бото төө болсун, Кочкор, козу, кой болсун. Ыраңгиси көп болсун, Аз болбосун, көп болсун, Келер апта бейшемби, Уй башына кишиден, Аз болгондо экиден, Кеңколдоку күмбөзгө, Калбай тегиз шай болсун, Бейшемби күнү барасың, Жума күн өрүн аласың, Ишемби күнү жанасың. Кабар кылды калкына, Катыны эркек тууган жок, Күмбөзүн тайып арстандын, Той берем деп айтууга, Бекер жатып эриккен, Кымыз ичип эт жеген, Тамактан качып зериккен, Кусур кылып кудайга, Кыргыз жаткан кез экен. Эл чогулуп барышып, Күмбөзүнө баатырдын, Малды коондой жарышып, Ай тамактап агынан. Алкымынан чалышып, Карылары калжаңдап, Тамаша кебин салышып. Арстан шерге жалбарып, Күнү-түнү айттырып, Ырчыларын алпарып, Көк жал төрө Манастын, Көрөсөн бакай абаңдын, Көзүр Чубак Алмамбет, Камал бузган алардын, Жоодон качып коркпостон. Кой кашка Сыргак жолборстун, Кылгыл чалы баштаган, Кырк чородой жолдоштун; Ажыбайдай чеченди, Олуйа Кошой, Музбурчак, Алп Төштүктөй неченди; Жакып хандай кеселди Каныкейдей жесирди, Семетейдей жетимди; Баштан-айак калтырбай, Жомокчу айтып билдирди, Кээ кезинде элдерди, Сагызгандай күлдүрдү, Кээ кезинде элдердин, Алтымыш алты тамырын, Зыркыратып күйдүрдү. Айчүрөк олжо болгонун,