Кененим менен Бактыбай, Кимге жетет чамасы, Карбалас түшүп алдастап, Кыргыздын кетет аргасы. Чакчелекей будуң-чаң, Болуп калат арасы, Уссундардын жанынан, Ушундайча кеп угуп, Анык акыл экен деп, Атты карап калышты, Чапкан ат келе жатат, деп, Аттан кабар алышты. Сүрөбөй чапмак күлүктү, Сынамак антип жүйрүктү, Ат чыкпаса жыйырма алты, Кыргызга салмак түйшүктү. Отуз алты ат айдап, Аттын баарын каты айдап, Аркада калган караансыз, Орто жолдо сактаган, Отуз алты кишиден, Ачык кабар угабыз. Талас жакта четинде, Моңгулдан бири бар эле, Кабар айтып көп элге, Кирип келген чагы эле: — Чабууга кеткен сап буудан, Эки ат келет мен көрдүм. Бөлүнүптүр сай буудан, Үйүр өскөн мал окшойт, Бирин-бири күйүшүп, Келе жатат байкасам, Окшош экөө күрөңбү? Тер басып кетип таанылбай, Же мен көргөнүм күмөнбү? Бөлүнөт эле бири озуп, Тосуп койду сүрөөнү. Сеники кандай эле? – деп, Биринен-бири сурашып, Кара тер, топо-чаң басып, Тааныбай калган аттарыңн Каралар калды ордунда, Хандар чыкты чубашып, Кеңкула менен Кененим, Четке чыкты чуратып. Кайрыдиндин кеңешин, Чоң Таластын айбаны, Айтып жатат чуулдашып: Сагызганы шакылдап, Чакчыгайлар чакылдап, Канатын кагып суу чачып, Каздар айтып каркылдап, Ителги менен ылаачын, Жарыша сүйлөп баркылдап, Жарды бойлоп кыдырып, Аңыр айтып аңкылдап, Мен баатырга айтам деп, Төөлөр барат далпылдап, Сынык өркөч төөлөрдүн, Өркөчтөрү салпылдап, Кыройттоп учуп кузгундар, Асмандан айтып каркылдап: Куулар учуп куркулдап, Букалар мөөрөп бултулдап, Мен да айтам кабар, деп, Толкуп суулар чулкулдап, Мен айтамын анык, деп, Кашкулактар мултулдап: Айгыр айтып аркырап, Бээлер айтып каңшылап, Койлор маарап чуркурап, Иттер айтып кыңшылап, Кененимди көргөндө, Жан-жаныбар бөй-чайан – Баары чыкты кыбырап, Өлбөгөн тирүү немеси, Бири калбай мыдырап, Жаңы алысын чөп чыкты, Жердин бети жыбырап, Алар кабар угузду, Жетип келип тыбырап. Жандуу менен жансыздын, Тилин билет Кененим, Баштан айтып жүрөбүз, Сегиз миң жыл жашаган, Азазилдин жолдошу, Жүйрүн дөөнү өлтүрүп, Тилин сууруп жегенин. Кастыгы бар хандардын, Баарын билди Кененим. Чабууга кеткен сап буудан, Күлүктү айтып берейин. Окшош эки күрөңдү, Жүйрүктү айтып берейин: Керкиттен чыккан Кылжээрде, Жетилбайдын тың жээрде, Соогага берип Жетилбай, Минип келген Кылжыке. Сейитинин Телкүрөң, Келген күлүк бул экөө, Куйрук чачып, жал жайып: “Сейити менен Кылжыке, Аркасында эгиздин, Асылбача-Бекбача – Эки түгөй тегиздин, Чалыккан менен чайпалбас, Ак калпак кыргыз теңиздин, Намысына жарадык. Берсе биздин тилекти, Аккула менен Сарала, Көктеке менен Телкызыл, Зор Кошойдун Тоотору, Эр Көкчөнүн Көкала, Музбурчактын Бозбуудан, Ажыбайдын Карткүрөң, Кызматына баралы” Деп ушинтип бул жандар, Мурдуна аккан каны бар, Мана минтип бул экөө, Өлүп кетти жаныбар. Карап туруп Кененим, Сейитим менен Кылжыке, Мурдагы өткөн алптардын, Арбагына ататып, Жеңдей жээрде Телкүрөң, Биссмилла деп мууздатып, Кестирип алып баштарын, Мазарга башын чыгартып, Эки күлүк күрөңдүн, Эти жетпейт элге, деп, Кыргыздан башка кишиге, Кылайтып кесип бербе, деп, Ата уулу кылып кыргызга, Бир кесимден жеткирди, Башка аттан кабар жок, Антип күнү кечкирди, Моңгул менен уссундар, Шибе-солон ушулар Анжу менен манжулар (Анжуну кийин кидан деп, Айтылып калыш жайы бар), Катуу убайым тартышып, Үшкүрүп калды ушулар. Ал күнү конок аш берди, Эртеси түштө ат келди, Көп келбеди, аз келди, Моңгул, уссун, шибеден, Анжу, манжу дегенден, Араң эки ат келди, Так ошондо Кененден, Айтылып парман бат келди: — Келгени ушул атыңдын, Келген эл эми кет, — деди. Мусулман кет алдында, Кайрылып көзүң салгыла, Кайрыдиндин калкына, Уссундар кетет Урумга, Узатып кой алп Бозой, Кошо барып бул журтка, Анжу, манжу, шибени, Моңгул, солон дегенин, Кыргыздан кылдап жүздү ал, Узатып кой, Бактыбай. Беш уруктун журтуна, Өрүүн берип оңдурба, Уктатып түндө кондурба, Алды жагы кум болот, Жадоочунун чөлүнөн, Үстү жагы тоо келет, Элемандын көлүнөн. Эң аркасын булардын, Оркундун кызыл суусунан, Калтырбай баарын кечирип, Кайта келгин сен анда. Деп Кененим айтыптыр, Кеңеш кеби хандардын, Керге келбей калыптыр. Келтирчү керге немесин, Айдатып жолго салыптыр, Чалалык кылып Бактыбай, Оркундун кызыл суусунан, Кечирип айдап сала албай, Алтайдан кайта жаныптыр, Казак менен кыргызга, Аралашып буларга, Моңгул, шибе, солондон Бир далайы калыптыр. Эл кубанып, той тарап, Элирип ойноп эл жатты, Канкордун уулу Кененим, Алашты минтип жыргатып, Карылары нуска айтып, Боз балдары чүкө атып, Самаварын кайнатып, Сары кантын жайнатып, Куурдак менен май жешип, Келе кымыз, чай дешип, Табакка салып бал жешип, Каймакка салып нан жешип, Козу ордуна тай жешип, Казы кертип, жал жешип, Кымыз куйган сабаага, Кышында жарма ачытып, Эки тарап бөлүнүп, Мөөрөйгө чүкө атышып, Кымыздан тарткан аракты, Кыйгылдуу даамын татышып, Келин-кыз эки бөлүнүп, Селкинчегин тебишип, Ырчылар тилин сайратып, Ырдап бирин жеңишип, Байбичелер залкайып, Ак кулжадай маңкайып, Казылары челектей, Капчыгайдай жайкалып, Эшиктен кирип үшкүрүп, Жөлөнүп жүккө чалкайып, Орто жашта жубандар, Карагайдай бой жасап, Басып турса залкайып, Кырк оромдон элечек, Туура тарткы күмүштөн, Накыштары келишкен, Башында турат заңкайып. Ургаачысы нең эркин, Касиет тапкан кыргыздар, Мына мындай бир иштен, Кырчын талдай буралып, Белдемчи жерде чубалып, Жыла басып илбирсче, Сымбаты сонун суналып, Ителгидей кара көз, Жоодурап тиктеп муңайып, Караса көзгө токтобой, Ак саргыл тартып тунарып, Алтындан кылган чоң сөйкө, Акыректе жарк этип, Күмүштөн чачпак сегиз бут, Аркасында шарк этип, Кулагында коохар таш, Көз уйалтып жарк этип, Карашы башка бир порум, Аркасын карап жалт этип, Күлкүсү сонун келиндин, Жез комуздай шаңк этип, Шөкүлөсү томпойуп, Мойундары койкойуп, Чачбактын боосу салаңдап, Тоту куштай сыланып, Жан-жагына каранат, Мен-мен деген далай жан, Тик карабай жалтанат. Кыздары сонун кыргыздын, Тебетей кийип башына, Сонун-сонун кундузун, Саамайы тал-тал делбиреп, Таамай тиктеп байкасаң, Ак мейкин зоодой мелтиреп, Бойго жеткен кыздары, Озунган сууну келтирет, Адашып калат эчендер, Эсин таппай темтиреп, Кыргый сөөк, кымчак бел, Кырмызы көйнөк тасма бел, Тал-талдап тизип өрдүргөн, Желкесинде чачын көр, Бешенеге жарашкан, Калемдей кара кашын көр, Ийини салык, мойну кез, Алмадай болгон башын көр. Билегинде билерик, Буруп соккон имерип, Анча-мынча кишилер, Кымбат баа кыргыз кызына, Кеп кыла албайт ийменип, Манжага шакек жарашык, Жасагандай табигат, Колдоруна жарашып, Маңдайы шамдай жапжарык, Мөлтүрөп бети агарып, Мөндүрдөй тиши саналып, Кызылы кызыл, агы ак, Чыккан ай кызга таңданып, Туурга конгон тунжурдай, Турушу башка шаңданып, Сымбаттуу сулуу кээ бир кыз, Көргөндө калат жанды алып, Азаматтын канчасы, Өңүнөн азат саргарып, Элеси көзгө чалыкса, Сүлөөсүн ичик, кундуз бөрк, Турушу башка суйкайып, Бойуна чачы жарашып, Кырчын талдын бүрүндөй, Салаңдап жерге суйсалып, Башындагы кундуз бөрк, Оң чекеде кыйшайып, Кеп сурасаң жооп берет, Акырын сүйлөп муңканып. Оозунан чыккан илеби, Сары алтындын буусундай, Шилекейи бар окшойт, Абу замзам суусундай, Түгөтө айтып тил жетпейт, Кыргыздын кызы ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.