← Асылбача-Бекбача 2/7

Жайылган малдан зары көп, Алтыны көп, күмүш көп, Дүр-дүйнөсү андан көп. Аттанып үйдөн жөнөйүн, Эл аралап, жер чардап, Ат жетер жерге барайын, Капыр менен мусулман- Ай менен күндүн кулагын, Тийиштирип экөөнү, Тамашага канайын, Атактуу Манас көк жалды- Айкөл шерди баш кылып, Алты эске алайын. Айак жагы кечээги, Кардыгач менен чакмакташ, Ниредеги Жагалмай, Ашын берип салайын. Жердин бети томолок, Тентип киши жоголбойт, Конуш таппай жер чардап, Аш беришке түк болбойт, Көкөтөйдөн ашы, деп, Көп жыйындын кашы, деп, Айтылып жүргөн эмгиче, Даңазалуу бул бир кеп. Атагы чыккан бул ашты, Каркырага бериптир, Каары катуу чоң Калдай, Күн чыгышты жердеген, Беш урук эли келиптир. Андан калса түрк уулу, Инди, жөөт, арабдан, Андан киши келбептир. Инди, жөөт, арабдан. Булардан киши не келбейт? Булардын баары ойдуңда, Каркыра түндүк сырт жакта, Анча-мынча ат жетпейт. Араб, жөөттүн элдери, Анча-мынча ат минет, Көбүнчөсү төө минет, Куржунун артып мойнуна, Өз жеринде жөө жүрөт. Индинин эли жете албайт, Жылкысы жүнсүз бүт делбе, Сыртка келсе кырылат, Кайта үйүнө кете албайт. Келбестин жайы ушул го, Түндүк менен түштүктүн, Арасында аш берсе, Калбай баары бүт келет, Ыктуу болсо конолго” Деп ойлонуп Бекбача, Жерди чардап көрмөккө, Конушту мурун белгилеп, Анан ашты бермекке, Аттанып баатыр жөнөдү, Атайын жерди көрмөккө. Батыштын көрдү бар жайын, Чалыкпады көзүнө, Аш берерге ыктуу жер, Чөптүү жерде суусу жок, Суулуу жерде чөбү жок, Батыштан көөнү кайтканда, Чыгышты карай тартканда, Шор дайраны жакалап, Чыгышка бара жатканда, Кээде агын суу бойлоп, Кээде керүү жер бойлоп, Кээде деңиз жакалап, Кээде адыр аралап, Кээде тулаң күр басып. Кээде какыр чөл басып, Кээде Ала Тоо басып, Кээде кыйма таш басып, Кээде татаал бел ашып, Ар сонунга кез болду, Бет алган жакка баратып. Аш берем деп жер чардап, Ар бир ишке бышыктуу, Күндүзү таттуу, түн ачуу, Булактарга тушукту. Мелтиреген көл калды, Жарымы ачуу ичкисиз, Жарымы таттуу балга окшош, Аккан дайра суу калды, Талкан чалган немедей, Уйуп жаткан суу көрдү, Жайы-кышы өчпөгөн, Күйүп жаткан от көрдү. Күн чыгып жарык болгондо, Канаттуу учуп өтө албай, Айактуу басып кете албай, Гиеси жок баары таш, Жаркыраган тоо көрдү. Күндүзү турган жам-жайкыт, Түндөсү турган чайпалып, Кубулжуган тоо көрдү. Чачы адамдын чачындай, Кашы кара чийгендей, Көзү адамдын көзүндөй, Кирпик какса билинип, Оозунда тиши кашкайып, Күзгүдөй бети тастайып. Чачынан байлап аскандай, Кебетеси, кешпири, Сын-сыпаты баарысы, Дал адамдын башындай, Мөмөлүү жыгач чер көрдү, Кылыч менен жара чаап, Эки бөлүп койгондой, Жарты адамды көп көрдү. Канаттуусу ар түрдүү, Айбанаты сан түрдүү, Суу айбаны канча түр, Кургак жерде бар айбан, Суу бетинде такыр жүр. Үч жыл жүрдү бир тынбай, Аш бергенге жер таппай. Азийага айланып, Балтыктын сазы дегенге, Учурап калды Бекбача. Төрт тарабын тең карап, Ойуна мындай ой алат: “Аралап көрдүм көп жерди, Көзүм көрдү көп элди, Аш беришке ыгы бар, Ылайык көрдүм бул жерди. Тескей тоосу бул жердин, Карагай, кайың кең экен, Алдынкы саздын четинде, Аралап айбан өткүсүз, Караңгы токой чер экен. Төшү тулаң жырылган, Арасы булак жылжыган,

Чылпылдаган саздары, Жандарга зыйан кылбаган, Арасында баткагы, Бөлөк-бөлөк буткулда, Каркылдаган каздары, Кара сууну бербеген, Өрдөк, чүрөк соносу, Адыры арка-кулжа экен, Тоосунда эчки-текеси, Куйулуп жаткан кум экен. Бөксөсү бөрү, түлкү экен, Кашкулак, борсук, ач күзөн, Азамат эрдин мүлкү экен, Керүүсү кенен түз экен, Баш-айагы он күндүк. Ат чабуучу жер экен. Буткулда ойноп суучулдук. Ит балыкты кубалап, Кара куназ, көк кытан, Сууга кирет шуңгушуп. Жалтырап жаткан көлүнө, Чалкайып жаткан төрүндө, Какырында, сазында, Эки канат, төрт айак. Айбанаттын кени экен.” Жерди көрүп жактырып, Отуз алты ай он бир күн, Санаты толгон кездерде, Таласка келди бастырып. Туш-тушка киши жиберди, Бир айлык жолго чаптырып. Ыраакы жерге жумшады, Кызылкызды таптырып. Түндүктө наамы орусту, Жери жайлуу конушту, Ыстамбулда Кайсарды, Андай эчен канчаны, Иран менен Иракты, Мисир менен Кудусту, Коросон, Испан элдери, Аш беремин кел, деди. Ооган менен Индистан, Жайнаган инди журтунан, Кешмирде кыргыз калкынан, Баарына кабар айттырды, Бекбачанын атынан, Инди-чити үч арал, Ошондон бери айтылган. Кызыл чапан, жайдак төш, Текши тоонун элдери, Ашка келип бер, деди. Амурдун бойун жердеген, Ак кардан селде чалынган, Атакта бар эки инген,- Баарың ашка келгин. деп, Арасында элдерден, Соңгу жылы теке айы, Ашка кел деп бар жанды. Кабар айтып бар элге, Үй тигишке камданды, Кырк төрттүн ашын берем, деп, Кылым элге жар салды: — Кырк уруу кыргыз баарың кел, Кырк урууң кырк миң үйдү бер. Алтымыш уруу көп алаш, Кызмат кылгын баарың тел. Ашка тигер үй саны, Токсон миң болот санаты, Үй-бүлөң менен бир туруп, Конок күтөм дебегиң. Конокту тепсеп үстүнө, Бекер киши кирбесин. Чайыңды бергин үч убак, Этиңди бергин эки убак, Күнү-түндүк тамагы, Конокко бергин беш убак, Дасторконуң жай болсун, Чайга кошуп берериң, Капакка салган бал болсун, Каймакка бышкан нан болсун, Куру токоч болбосун, Мисте, мейиз, кант болсун, Сүттөгөн чай, сары май, Кеми жок болсун баарыңар. Ыстаканда чай болсун, Куурдак менен май болсун, Казы чыгар бээ сойгун, Сүт бото тайлак төө сойгун, Сыйыр сойгун, кой сойгун, Мал арыгын сойбогун, Май жей албай таарынса, Мейли анда жөн койгун, Тойбой конок таарынса, Билип кой, жакшы болбойсуң! Айаган малдын ордуна, Кара башың сойлосуң! Кем-керчи жок шай болсун, Үй башына аз болсо, Ондон балык бар болсун, Бар керегиң жам болсун. Көп болгондо отуз күн, Аз болгондо он беш күн, Конокту мыктап күтөсүң, Эркек-катын аралаш, Маңдайлашып жүрбөгүн, Тартынбай айтам кепти деп, Малжаңдашып жүрбөгүн, Акылыңды төндүрүп, Каныкейче болбосоң, Акэркечче сүйлөгүн. Акыл керек ар жанга, Адеп керек бар жанга, Сылык сөз менен сый керек, Өлбөй турган тир жанга. Эки жыл, элим, камынгын, Кырк уруу кыргыз болгонуң, Кырк жерде болсун айылың, Бир үйгө төртөөң самоор ал, Кытайдын кара чайынан, Кырк капталдан чай алгын, Жаркенттин кызыл чайынан, Ага кошуп дагы алгын. Ар уруудан бирден үй, Он эки канат ордодон, Бирден камдап алпаргын. Бар дүйнөңдү жыйнагын, Үй ичине тул салгын. Мен алпарам төрт ордо, Тул толтуруп туу сайган, Кырк төрткө толот ошондо, Аш берели кырк төрткө, Ак калпак кыргыз алашта, Кем-керчиң жок бул күндө, Айкөл арстан Манаска, Арка болгон алашка,

Кара кытай, манжудан, Шибе, солон, анжудан, Сактап калган эсен-сак, Калка болгон алашка, Бакай, Кошой-карыга, Музбурчак, Көкчө - хандарга, Алмамбет, Чубак-шерлерге, Эрен Сыргак беренге, Хан Ажыбай чеченге, Ак байбиче Чыйырды, Кадырман эне Каныкей, Ак куу энем Айчүрөк, Кыз Куйалы балбанга, Шер Семетей Сейитек. Эр кененим Сардарга, Ага дил туулган адамдан, Шер Гүлүстөн абама, Арбагын сыйлап аш берип, Ат чабалы аларга. Жыйырма экиде жаш кеткен, Күн батышта жети дөө, Кармашып алы жетпеген, Шер Сейитим арстанга, Кырк төртүнө аш берип, Калтырамын дастанга, Карыганда кан жутуп, Какшап калган Чыныке, Кара кийип кан ичип, Кара элечек оронуп, Эгиз бала көтөрүп, Эмгек тартып эңкейип, Асылбача- Бекбача- Бизди тууган Кылжыке, Канчоро, Кыйаз-арамдар, Таласка бүлүк салганда, Арбагы үчүн Көк жалдын, Коргонду сактап калам деп, Токсон беште сары абам, Уруш кылып кан кечип, Алы келбей эки арам, Уйатын койуп ор казып, Түшүп өлгөн деп угам, Унутуп калар киши эмес. Канчоро такка мингенде, Эл ийинге сийгенде, Айтканын берип капырга, Калганыбыз ар кайда, Кетели качып дегенде, Ажыбайдын Керменбай: “Бойунда бар Айчүрөк, Тулпардан калган туйакты, Эркек тууса чунакты, Семетейдей бир күнү, Айланып табар Таласты, Каңгыратып талаага, Таштап качып кетпейли, Арбагы бийик Манасты” Ошентип айтып тоздурбай, Токтоткон экен алашты. Кантип таштап койобуз, Эсепке албай Керменбай? Айчүрөктү олжолоп, Кыйаз алып кеткенде, Сейитекти Айчүрөк, Төрөй турган кездерде, Таластан барган олжого, Айсалкын менен Кутубай, Кастык кыл деп балага, Үйрөтүп Кыйаз киргизген, Бакшы бүбү беш катын, Эбин тапкан ушулар, Урпагына айкөлдүн, Кызматы турса ушундай, Чечекей агып чел болор, Унутуп калсак эске албай! Батасы журтту байыткан, Олуйа Кошой баатырдын, Олутун баскан Жалгызек, Агам асыл эр эсте, Нурфану менен жубайым, Унутуп аны калбаймын. Хан Калдык менен кармашта, Кан төгүшкөн чайкашта, Котен, Жеркен, Кашкардын, Хандары өлдү алардын, Арал Азык, Лопнурдан, Өлүп кетти канча хан, Жакшы-жаман күндөрдө, Өлүмдөн башын тартпаган, Эске албай кантип мен калам? Кутубий, Манас, Кумулдан, Баш хандары калбаган, Эстесем жүрөк эзилет, Унута албай Бекбачаң. Чакмакташ менен Кардыгач, Куураган талды кармасаң, Булактай агып суу чыгат. Ниредеки Жагалмай, Күнү-түндүк мезгилде, Унутуп калбай Бекбачаң, Буларды эске үч албай. Эр Төштүктүн баласы, Жоодарбешим абамды, Төбөмдөн арбак урбаса, Унутуп аны каламбы? Кажыр менен кузгунга, Талаадан тарпым тарттырбай, Таласка кабар жеткирген, Эр Сейитим атамды. Айкөл Манас баатырга, Ар түрдүү жарак шай кылган, Төкөр уста Бөлөкбай, Унутуп калар адамбы? Гүлүстөндү сакайтып, Өз күчүнө ээ кылып, Айыктырган момун жан, Ага куран окутам. Өткөндөн санап кырк эки, Аш берели дегеним, Жонунан кырк төрт дегеним- Бактыбай менен Бекбачаң, Аларга жолдош демекмин, Саны толду кырк төрткө, Арнап ашты беремин. Тигээриң кыргыз кырк миң үй, Балтыкка көчүп барасың, Он беш күн конок аласың. Кырк беш атка байге сай, Жүз миң алтын баш байге, Оонабаска он беш миң, Унутуп калбай баарың бил. Афрыка элинде, Ысык кумдуу чөлүндө, Шутуру көп, жылкы аз, Аларга болор чоң жаман,