Акыл айтып аз гана, Аттанып кетти Бекбача. Куландын сары сайында, Сур атчан кетип барат, деп, Кабар уккан аңгыча, Аркасынан сайа кууп, Ылдамдады Бекбача: “Баркөл, Коңул, Турпандан, Бир калбаны табабы? Кызыталак кытмыр хан, Эл табардан калдым, деп, Жер табардан калдым, деп, Утур келген кишини, Бүтүрөбү ишини? Кутубий, Манас, Майбулак- Булар менен басабы? Бекбача менен бир жүрүп, Мага өткөн деп азабы, Мындан калба табабы? Чыгыш түштүк асман көл, Батыш түштүк Көккамыр, Мындан калба табабы? Азын оолак мал айдап, Карашаар, Камбыл, Жылдызда, Кыргызга башын катабы? Эмгиче киши катышпай, Тынч жаткан бойдон тынч койдук, Барган менен батабы? Иле бойлоп жүрөбү? Кулжа, күнөс, текеске, Залалы бара тиеби? Арал менен азыкты, Аралап басып өтөбү? Болоорунча болдум, деп, Жанжайкыт жаткан жакшынын, Башын чаап кетеби? Кең кашкарлап басабы? Анжыдан белин ашабы? Маргалаң, Кокон, Наманген, Самаркан, Ташкен, дегенден, Бир калбаны салабы? Же болбосо кара нээт, Ат-Башыга жетеби? Кара кыргыз элинин, Калканчысы Бактыбай, Уурданып барып туйгузбай, Буга колун салабы? Элдин тынчын алабы? Ысыккөлдү жакалап, Чоң Таласка барабы? Коргон менен күмбөзгө, Чаң-будуңду салабы?” Ойуна алып Бекбача, Айал-үйөл кылбады, Ат чалдырып бир эрде, Чыккан жерге салбады, Чырым уйку салбады, Аттын бирин жоготпой, Артынан баатыр баратты. Качып барат хан Калдык, Камчыга Бөлүп суратты. Бурулбастан өтмөккө, Нил деңизден кечмекке, Бекбача кууп барбас, деп, Жер четине кетмекке: “Нил дайрадан кече алсам, Жер четине жете алсам, Күн батыштын элине, Күлө сүйлөп батынсам. Теңдиги кеткен ким болсо, Алып берип теңдигин, Баатырлыгын таанытсам. Баш кишиге жууланып, Араз кылып кээ бирөөн, Арасына жуу салып, Тынчын алып чуу салып, Эки жагын колго алып, Эптүүлүк менен жагынсам, Кызматым элге жакканда, Кыйыгыс болгон чактарда, Эстүүсүнөн жол сурап, Элдүүсүнөн кол сурап, Апкаарытып кай бирөөн, Ашыктырып сүрбөсөм, Караганды таңдантып, Кара жерди чаңдатып, Барабан согуп баң тартып, Чуулатып аскер кол тартып, Таласына кирбесем. Аңгычакты Бекбача, Саамай чачка ак салар, Кара болоор жүрөгү, Калың элден жазганар. Каңалтыр кара Балыктын, Этин жесем тамамат, Менин чачыма кайдан ак салар? Бекбачадан башкасы, Каарыма менин ким чыдаар? Кара кыргыз Бактыбай, Ага чалык өлбөсө, Көзүнүн жээги ириңдер, Көкүрөгү кирилдер, Качып бара жатканда, Катышпайын башкага, Буйдалып калсам болбоймун, Бекбача бар артымда.” Деп ойлонуп капырың, Коктукаттан качыптыр, Күрдөлүү элге көрүнбөй, Ара жолдон басыптыр, Арпадан түшүп Нарынга, Барганда кара куйунга, Атбашыда Бактыбай, Калдыктын түштү ойуна: “Атбашыга барайын, Кара кыргыз Бактыбай, Башын кесип алайын. Кошойдон бери буларды, Бузулбай келди деди эле, Алтын –күмүш, зары көп, Жакут, шуру дагы көп, Торгун, дуудун андан көп. Дүрүйө, буулум мындан көп, Карала көп, шайы көп, Манат, макмал жана көп, Кара малын колбутуп, Айдап алып нетемин, Кара мал айдап калдайтып, Кай муратка жетемин? Көчмөн кыргыз элинде, Пил окшогон лөгү көп, Жону туйук нары көп, Айры өркөч атан көп, Казынада дүйнөсүн, Арттырып алып нарына,
Катырбастан барынча, Жетелетип кетейин, Кудустакы жөөткө, Тартуу кылып берейин. Булар араб эли эле, Урушка мыкты деди эле, Көп жылдар бери жай жаткан, Жүрөгү жалкып, кайтпаган, Баштап алып аларды, Таласына барбасам. Бактыбайды олжолоп, Жөөткө берип сыйлыкка, Өз майына кыргыздын, Өзүн кууруп тынбасам, Калдык атым курусун. Кылгылыкты кылбасам, Кымызга сууну куйбасам!” Ойу менен олжо алып, Олжону берип кол алып, Жөөткө барып кошулуп, Таласка кайта келгенде, Кандар агып шаркырап, Сууга куйду жошулуп, Жана ойлоду мамындай: “Атбашы барсам Бактыбай, Кароолчусу бир малай, Карсылдашар бир далай, Мен чыдаймын талыкпай, Ат чыдайбы чалыкпай? Коктукаттан чыкканы, Каны толуп суу ичпей, Карды толуп чөп жебей, Кара сур келет кебелбей, Анткен менен кара сур, Кара жолдо жүрсө да, Карсылдашта чаалыгаар, Азыраак жатып дем алып, Ат чалдырып алайын, Көз ачуусун чыгарып, Кирпик ирмеп канайын.” Ооздугун чыгарып, Отко койду сур атты. Суулугун чыгарып, Сууга койду сур атты, Башын ташка жаздады, Коңурук тарта баштады, Алты күнү дым тартпай, Өлгөндөй уктап жатканы, Күн жетиге жеткенде, Көзүн ирмеп ачканы, Атын кармап минген кез, Атбашы карай басканы. Кара мойнок артуудан, Бекбача чыкты арстаны. Капчыгай ичи тар экен, Суу агыны шар экен, Белестен ашып түшкөнү, Кең майданы бар экен, Бетке алып белести, Калдык капыр жөнөдү, Ашырбай белден алам, деп, Эр Бекбача көгөрдү, Алдындагы тору атты, Камчыга басып бөлөдү. Жөлөнүшкө келгенде, Башын чайкап Майтору, Баспай турду шылыйып, Майтору баспай калганын, Көзү көргөн Калдык хан, Өзүнчө күлүп жымыйып, Сүйүнгөнү бөлөкчө, Оозу ачылып ыржыйып, Талаадай бети жайылып, Талпайып мурду мылыйып, Арамдык кылып жатабы, Качып кетет экен, деп, Имере тартып тизгинин, Абдан байкап көз салып, Тиктеп калып кылыйып, Жана өзүнчө каткырып, Жалпайган мурду былчыйып, Ого бетер Майтору, Сендиректеп шылкыйып, Ачууланып Бекбача, Эки этегин түрүнүп, Жеткиси келет жүгүрүп. Өлөмүн деп ойлобойт, Калдык менен урушуп, Майтору жок жөө жүрүп. Кылычын кармап сабынан, Тартпай туруп кабынан, Башын чаап алсам, деп, “Чоң атабыз Кененим, Көзү көргөн мал эле, Эмчектешип эр Асыл, Эңишке минген ат эле, Бул кезге чейин Майтору, Шек бербеген дегеле, Жетелеп алып чыгайын, Көрүнүп турган белеске. Күнүм бүтүп Бекбача, Топурак басып мени оорлоп, Майтору баспай жатабы? Же каны тартып Калдыктын, Ырыскысы оор келип, Ал үчүн баспай жатабы?” Албан акыл кеп ойлоп, Ар тарабын тең ойлоп, Аттан түшүп жетелеп, Бекбача чыгып келатат. “Арыган экен аты, — деп, Жатканым болду акыл, — деп, Башын кесип буруттун, Найзага илип көтөрүп, Чуркуратып эл-журтун, Көрүнө алып барайын, Жаш-карысы улусун, Кошомат кылып корккондон, Мени ээрчип чубурсун.” Алды жагын эңкейип, Карап көрсө хан Калдык, Жалама жалтаң зоо экен, Жалгыз аттын жолу экен. “Майтору күлүк болсо да, Карап турсам капталдан, Кутулар жери жок экен. Аты баспай калса да, Жалтангансып буруттан, Капталга кайдан барайын, Карап туруп туу белде, Кесип башын алайын.” Түшө калып атынан, Олоңун оңдоп чиңитип, Куйушканын узартып, Үзөңгү боосун кыскартып,
Сагагын илип бекитип, Баса минип сур атка, Белин тартып мекийип, Чанагынан чыкчудай, Ирмебей көзү чекийип: “Каалгадай белестен, Карап турсам калдайып, Туу белде турсам далдайып, Баспаган атка шылтоолоп, Күдүңдөп жүрө бербесин, Күн олтуруп кетпесин, Караңгыда калдаңдап, Кара ташты аралап, Качып кетип жүрбөсүн, Бекбача менден качат, — деп, Акылы чындап шашат, — деп, Аты жок калган буруттан, Арбагым менин ашат, — деп, Белестен кире берейин, Эми да менден качты,деп, Эрдемсип чыксын батыраак, Эсебин колго берейин, Талпагын ташка керейин, Жүрөгүн сууруп жебесем, Көөкөргө канын куйбасам, Көйрөңсүгөн кыргызга, Көрүнөө сырды кылбасам! Маңгыт менен тыргоотту, Таласына жыйбасам, Таңгут менен моңгулду, Эки Инген менен Алтайды, Батышы Текес, Ысыккөл, Аларга конуш кылбасам, Бааша болуп аларга, Кайран жаным тынбасам!” Кырда туруп хан Калдык, Кыйла журтка баш болду, Атагы алаш дегенге, Эрибес боору таш болду. Өзүнчө туруп белесте, Башына сыймык бак конду, Ойлоп койбой кенедей, Боолук салып мойнуна, Тузактап ажал койгондо, Бута атымча белестин, Жандоосуна келгенде, Баспай калган Майтору, Кош кулагын кайчылап, Ачуу үн чыгып кишенеп, Айгырдан бетер аркырап, Ооздугун тиштеп нидерип, Алдын карай ыкыстап, Дегдеңдетип көкжалды, Желе басып ыкчамдап, Айбан да болсо Майтору, Кош айтышкан немедей, Аркасын карап кылчаңдайт. Кененимдин Кеңкула: “Капчыгайдан хан Калдык, Кабуусун таап тосот, — деп, Ажалы жок Бекбача, Жарадар болуп кутулат, Бекбачаны өлдү деп, Кара нээт бул маңгыт, Көөкөрлөп канын жутат, — деп, Тар жерге кире бергенче, Сайып алат баатыр” — деп, Майторуну бастырбай, Жолун торгоп алганда, Өзүнчө элге хан болуп, Алданып Калдык жалганга, Койо берип Кеңкула, Белеске жакын калганда, Куйругун булгап Кеңкула, Бурулуп жолго салганда, Эркиндик келип Тору атка, Кош айтышкан маалда, Куймалуу алтын үзөңгү, Теппей ыргып Бекбача, Баса минди тору атка. Калдыкты кайдан табам, деп, Алдырап чыкты кайкаңга, Бурут качан чыгат, деп, Турган экен хан Калдык, Туурасында тайпаңда, Сүр көрсөтүп буруттун, Чыкканын көр акыр, деп, Маңгыттап Калдык бакырды, Кыйрынан капыр качырды, Чанданын көргөн мындайдын, Бекбача кайдан шашылды, Армансыз болуп өлсүн, деп, Кагып ийип найзасын, Качырып найза сайбады, Тартып тура калганы, Найзасы жок кур калып, Калдык катуу арданып, Балтасын алды белинен, Сөөгүн таппай калсын, деп, Бекбачадай буруттун, Кара жердин бетинен. Кош колдоп Калдык чапканда, Уңгусу менен балтанын, Бекбача кайра какканда, Жана Калдык арданды, Сабы калып колунда, Балтасы жерде жатканга. Кылычын тартты кынынан, Бекбачаны чапканга, Беш жүздөн ашык соодагер, Белге чыгып капташты, Койгулашып жатканда. Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Кылычты шилтеп ийгенде, Жалаңдаган кылычты, Сырты менен балтанын, Жалпагына какканда, Кырк бир жерден кылычы, Кыйрап кетти ар кайда. Чокмордон башка жарак жок, Куру кол Калдык калганда, Чабындагы чокморун, Сууруп алды хан Калдык, Жалын жайнап көзүнөн, Жаалысы келип каарданып, Чокудан ылдый шилтеген, Чокмордун үнү күр этти, Колтугун Калдык чойгондо, Балта менен Бекбача, Кар жиликке койгондо, Чыканактан оң колу, Сынып кетти карс этип. Калдык хандын чокмору, Жерге түштү шалк этип,