Кайраты артык Чакмакташ, Нигердеги Жагалмай, Жалпы жетип келгени, Хан Кетиркей баштаган, Эштек нойгут кыпчактан, Элүү миң аскер кол келди, Чакмакташты көргөндө, Калдыктын көөнү кирдеди, Хан Кетиркей келгенде, Калдык туусун тиктеди. Маңдай тескей кайкаган, Каңгай, кыргыз эки кол, Кара жанга күч келди. Жоголуп кеткен Бекбача, Кыргыз кабар уккан жок, Баары жогун билбеди, Каңгайлыктын калкынан, Калдыктын жүргөн артынан, Дайындуу болгон абалтан Каарданса кан жуткан Каркап кырк миң жоо сайган, Сакан деген бар эле. Ок садаадагын салынып, Бадана тонун жамынып, Көнөктөй болгон шуру таш, Төбөсүнө тагынып, Ары баатыр, ары хан, Бар белгиси таанылып, Кара темир калканды, Далысына тартынып, Көөдөнүндө чарайна, Башында темир туулга, Тизесинде кисепче, Темирден кылган калдыркан, Үзөңгүгө жабылган, Кылычты салып кынына, Айбалта байлап жанына, Найзасы бар колунда, Чойун башы такымда, Асабасы жайылып, Буркунуна жалынып Мас болгондой чамынып, Кутурган иттей арсылдап, Кел бери деп карсылдап: — Бурут деген кысталак, Бириңди койбой эсен сак, Жоготойун жылмалап! Деп күркүрөп күүлөнүп, өзүнчө жаман сүйлөнүп, Майданда туруп күпүлдөп, Көрсөтөм деп дүпүлдөп, Маңдайга келген кезинде, Чыдай албай кардыгач, Уруксат сурап ханынан, Хан Кетиркей залынан, Желип чыкты Кардыгач. Кардыгач Сакан бет келди, Качырышып жеткени. Бир беттешип жанышты, Найзаларын кагышты, Кайта имерип сайышты, Өжөрдөн экөө беттешип, Өчүгүшүп чектешип, Өмүрлүк болгон булар жоо, Моңул кыргыз кектешип. Карсылдашып чабышып, Качырышып сайышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Туулгага тийген балтанын, Үнү чыгып шаңкылдап, Чарайнага найзанын, Учу тиет такылдап, Канча кабат калканга, Чойун баш тиет чакылдап, Алоолонуп аттары, Ала качып булкунат. Аттуу булар алышып, Жөө күрөшүп чалышып, Кардыгач, Сакан эки эр, Эрдигин элге таанытып. Эч кандай айла таба албай, Булар калды чарчашып, Дем албастан карчашып, Бирин бири марашып, Ирмебей кирпик карашып, Кандай сайсам жеңем деп, Ой жүгүртүп санашып Асабасын жайышып, Жана кирди сайышып. Каңгайлыктын Саканы, Кардыгачты качырып, Капталга найза сайганы, Кыйамын таап сайыптыр, Карчыттын канын жайганы, Саканга найза сайдырып, Кардыгач жаман арданды. «Өлсөм өлүп калайын, Өлбөсөм сайып алайын!» Деп найзаны карманды, Манастан ураан чакырып, Качырып жөнөп калганы, Манас деген үндү угуп Акылдан Сакан тайганы, Кардыгачтын найзасын, Кагар шайы калбады. Кардыгач батыр жеткени, Капталга муштап өткөнү, Капка тоодой чоң калмак, Каңтарылып кеткени, Алдында минген атынан, Аңтарылып кеткени, Жер тайанып копкуча, Чоркуга балта чак деди Айрандай мээси жайылып, Чачырап чыгып кеткени, Арасынан каңгайдан, Сакандын кунун алам деп, Келип жатат бир-бирден. Сундуруп найза кактырбай, Же туулгага балта чаптырбай, Найза менен кулатып, Балта менен башка чаап, Айрандай мээсин чачылтып, Каңгайдын ичин ачынтып Сакан менен он бир дөө, Сайып алды кулатып, Мышык алган чычкандай, Тизилип жатат суналып, Калдыктын көзүн каптады, Кара туман тунарык, Аскерин кайта түшүрдү, Сурнайдын үнүн чыгарып. Меңсептердин баарысы, Ханы Калдык жанына,
Чогулушту жыйналып, Кабагы бийик чуңкур көз, Калдык турду муну айтып: — Бул отурган баарыңар, Эл башкарган чоңдорсуң, Эми кандай кыларсың, Элдин камын ойлогун, Кардыгачтан он бириң, Катар өлүп сойулдуң, Элден сурап тапкыла, Төлгөчү, далы, балчыны, Күн жаадырчуу жайчыны, Күндүн көзүн көрсөтпөй, Сасык туман салчуну, Түн ичинде билинбей, Айарлыкка барчуну, Уктап жаткан чоңдордун, Башын кесип алчуну, Жабылбас түндө ызчыны, Он күндүн ары жагында, Өткөн изди чалчууну, Канчалап түркүн сүйлөгөн, Көп элдин тилин билчүүнү, Эртеңки күнү кечинде, Мага алып келгиле, Кыргызга кылар амал бар, Андан кийин билгиле. Эртең менен жекеге, Мен чыгам деп барбагын, Баарың жалпы турасың, Ушул жерди тандагын, Хандан кандуу кеп угуп, Балбан тандап калышты, Бири миңди алгандан, Билеги жоон андайдан, Зардал тандап калышты, Андан-мындан шыйгарып, Көпкөк темир кийгенден, Аргытып тулпар мингенден, Качыргандан кайтпаган, Каарыга найза илгенден, Башына туулга көмөргөн, Өжөрлөнүп, көгөргөн, Колуна балта кармаган, Чапканын албай калбаган, Кынына кылыч байланган, Чапканын жазып калбаган, Миң колду жалгыз айдаган, Сан колдон коркуп калбаган, Колтугун керип чойгондон, Чокмор менен койгондон, Көргөн адам корккондон Он төрттү ылгап табышы, Биринчиден он төрткө, Белгилеп Калдык барышты, Таң агарды аңгыча, Аттанып чыга калышты. Биринчи деп санаган, Бири чыкты каңгайдан, Кадимкидей салт менен, Эрлерден калган нарк менен, Кардыгач чыкты кыргыздан, Каңгайдан келген Солонду, Каары катуу тозоку, Ырас, чынын айтканда, Жалындап күйгөн тозок бу, Чарайнасын тартынтып. Сом темирин артынып, Буттай темир курчанып Бузулуп өңү сур чалып, Көлдөй көзү жылтылдап, Жан казандай башы бар, Жаткан иттей кашы бар, Сакал, кирпик муруту, Алты аркан эшсе чыккандай, Алышканын мент кылып Ойносо кумар уткундай, Үңкүрдөй оозу карарып, Камандай тиши саналып, Мас болгондой күркүрөп, Салмагына кара жер, Козголгонсуп сүлкүлдөп, Саптап турган кыргыздын, Кардыгач кантер экен, деп, Көтөндөрү бүлкүлдөп, Айта-буйта дебестен, Ат сурашып билбестен, Бакырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Балтасын артып ийнине: — Элимдин аты койулган, Атым Солон меники, Ажалың жетти, Кардыгач, Аны танып билдиңби?! Ийиндеги балтасы, Күн чагылып жалтылдап, Кирип келди жакындап, Балтасын башка чаптырбай, Балта менен Кардыгач, Алдыртан какты карыга, Кар жиликтин кырк мууну, Талкаланды какканда, Колун сынып Солонду, Карысынан чолойду, Кайра айланып Кардыгач, Ылаачындай оролду, Найза менен Кардыгач, Капталдан ары бир койду, Тоодой болгон Солонду, Томолонуп торойду. Жер тайанып копкончо, Ылаачындай Кардыгач, Балта менен башка чаап, Жайнатып мээсин таштады. Агачалык каңгайдан, Жана да бири чыкканы. Мойну жикир, орто бой, Беттери толук болтогой, Далысы кең бел кыска, Бендеден сөөгү бир башка. Беттегенден бакырып, Бадирек чочко качырып, Найзасын капыр кактырбай, Кардыгачты камынтпай, Сайып өттү жапшырып. Кайра айланып келгиче, Жагалмай жетти качырып. Жагалмай менен каңгайлык, Жан айабай сайышты, Найзаларын кагышты. Күн бешимге жеткенде, Жагалмайды каңгайлык, Сайып өттү камгактай, Кайра айланса балакет, Жагалмайды сойот деп,
Чакмакташ жетти бакырып, Жагалмайды куткарып, Өзү барып Чакмакташ, Карсылдашып кагышып, Качырып найза сайышып, Эки айланып сайышты, Эрендин бири Чакмакташ, Каңгайдан келген баатырды, Кардыгач менен Жагалмай, Катар сайган капырды, Кабуусуна келтирип, Ээктин алды бези деп, Кулак түбү ушу, деп, Муштап өттү Чакмакташ, Кызыл канга найзаны, Чыктап өттү Чакмакташ, Жер кучактап жыгылды, Топтого башы тыгылды, Денеден башы бөлүндү, Бу да көрдү өлүмдү, Агачалык каңгайдан, Жана бир бөлүндү, Алдынкы өлгөн экөөнүн, Балбаныраак көрүндү, Найза сайып көрбөгөн, Найзалашып көнбөгөн, Чокмору куру кайтпаган, Балтаны жаза чаппаган, Кылычка андес бардан, Кырк – элүүдөн кишини, Катар чаап таштаган, Өзү кытай элинен, Укмуштуу чыкан жеринен, Мала кашка ат минип, Ат куйргун чарт түйүп, Көккө шүйүп көкүлүн, Күркүрөтүп найзасын, Сайып көнгөн канчасын. Айал-үйөл кылбады. Айарланып турбады, Качырып найза урганы, Урдурбай какты Чакмакташ, Буга кытай ардыгат, Кайра айланган мезгилде, Мелтиретип Чакмакташ, Найзасын чындап сунганы, Чакмакташка сайдырбай, Найзаны кагып таштады, Калбаны катуу баштады. Чокморун алып чочоңдоп, Кирип келди очоңдоп, Чокмор чапчу колуна, Чоң балта менен алдыртан, Кагып калды Чакмакташ, Катуу айгайлап карыга, Салып калды Чакмакташ, Бул чочконун бир колун, Чагып салды Чакмакташ. Салгылашып Чакмакташ, Чакчалекей будуң чаң, Болуп жаткан кезинде, Өмүрхандын Кызылкыз, Көйкапка барып келатып, Көрүп калып асмандан, Кыз супатын таштады, Эркекче кийе баштады. Байрагын таанып кыргыздын: «Кандай жумуш билем, — деп, Бекбача баатыр бар болсо, Уруксат кылып жол койсо, Нурзат шаага барайын, Периден алып аскерди Ким да болсо душманга, Чоң бүлүктү салайын, Муну ойлоп Кызылкыз, Кылымда мындай табылгыс, Кирип келди жакындап, Кең майданда Чакмакташ, Уруш кылып бакылдап, Майданга барбай Кызылкыз, Хан Кетиркей алдына, Келип айтты саламын: Билбесе да Кетиркей, Жүзү жылуу адам, — деп, Дайынын сурап калыптыр: Кайдан келдиң балам? — деп, — Кызылкыз айтат мындый кеп: Менден ханым, сурасаң, Мен да адам баласы, Мен жүрөмүн аралап, Рапи-Мискин, Көйкапты, Алыс эмес арасы. Бекбача барбы мында, — деп, Келген элем жок экен, Мен кетемин Таласка, Хан Кетиркей ошондо, Экиге бөлүп санаасын: «Каңгайдан келген элчиби? Кайгуулга келген ченчиби? Же болбосо Таластан, Келе жаткан кишиби? Абдан сурап билейин», Деп Кетиркей кеп айтат: Кызыл тору жаш бала, Бери кара, — деп айтат. Бекбача кайып болгону, Киредеги урушта, Алты жыл ашып, жети жыл, Болуп калды азамат, Бекбача аман-соо барбы, Кызылкыз угуп бул кепти, «Кыйналып жаткан кыргызга, Өзүмдү айтып билгизип, Анан кепти баштайын» — Хан Кетиркей менден ук, Менден уксаң бейлеп ук. Менин атым атым Кызылкыз, Өмүрхандын кызымын, Жигит болуп көрүндүм, Кыз экеним билгиниң, Бөркүн алып таранып, Күзгүгө өзүн каранып, Кубулжуган кыз болду, Бекбача баатыр саламат, Татылдадан Нурфану, Качып мында келгенин, Бекбачаны Перилер, Алып барган жерлерин, Көйкаптагы дөөлөрдүн, Кылбырак, сексе элдердин, Чогулушкан эрлерин, Ошондой кыйын заманда, Айкөл Манас зор баштап. Алмамбет, Чубак – шер баштап, Сыргак өңдүү эр баштап,