Кыргызды суудан кысылтып, Ысыкта көөнүн бузултуп, Кара тер бойдон сызылтып, Тамагы жок, карды ачып, Ар күнү жүздөн кишинин, Дени калып башы жок, Аскеринин көбүнүн, Жөө калды аты жок, Камалып кыргыз калганда, Келип калды кара көк, Бекбача менен биригип Беш хан келди кыргыздан, Өтө балбан баатырлар, Башын тартпас уруштан. Бири жыргап күн өтмөк. Бири куурап зарламак, Наркы ушул мурунтан. Өз жеринде кыргызды, Камап алды монгулдар, Токочу жок, суусу жок Мына минтип куруткан. Ат жеткен жерде кыргыздын, Жайылган малы калбаптыр, Малы менен ээсин, Тирүү койбой жалмаптыр, Бекбачанын келгенин, Көзү көрүп Калдыктын: «Билемин деп билбепсиң, Бекбачанын келерин»- Деп күүлөнүп ал чочко, Төлгөчү менен далычы Изчи менен айарын, Баарын койбой жайлаптыр, Бекбачага беттешип, Белсенип чыгар Калдыкта, Жүрөктүн курчу калбаптыр, Бириң калбай кама, деп, Алың келсе тетиги, Баатырларын карма деп. Аскерине жарлаптыр, Кара аскерде ал канча, Хан жумшаса тил албай, Моңгулдун баары чуркурап, Каптап кирди туралбай, Моңгулдар каптап киргенде, Тегеректеп тийгенде, Бекбача айтат мамындай: — Ак калпак кыргыз, кебимди ук, Кебимди уксаң бейлеп ук. Мурунку Лопнур элимде, Үч баатыры бар эле, Калмактар каптап киришти, Аман-соосун билгенге. Чакмакташ менен Кардыгач, Ниредеги Жагалмай,- Эр Матандын иниси, Лопнурда элге баш эле, Турпан,Кумул, Баркөлдөн, Кутубий, Манас – бешөөнөн, Тогузга толду саныңар, Мени менен он болуп, Аралап топко барыңар, Хан Кетиркей баш болуп, Калганың туруп калыңар. Бекбачанын кеби, деп, Эми келди эби, деп, Атактуудан он балбан, Ат койуп кирди күркүрөп, Арстандарды көргөндө, Хан Калдыктын аскери, Эстери чыгып, бүлкүлдөп, Сийдиги агып бүркүрөп. Өлөбүз деп баарысы, титирек кирди сүлкүлдөп, Атылып мылтык ок келди, Алдында кызыл чок келди, Топ атылып дүңкүлдөп, Замбирек атып зүңкүлдөп, Жазайыл атып, жаа тартып, Койчагар үнү күркүрөп, Доолбас уруп заңкылдап, Сурнайдын үнү бапылдап, Кернейдин үнү чакылдап, Кулак тунуп шакылдап, Хан Калдыктын аскери, Ат койуп кирди чуркурап. Манастап айтып бакырып, Айкөлдүн атын чакырып Бекбача менен он баатыр, Беттеп кирди качырып. Бөрү койго тийгендей, Бетине чыдап тура албай, Моңгулдун эли чачылып, Акылы качып алдырап, Амал кетти шашылып, Коо болуп ортосу, Көрүнүп калды ачылып. Кум аралаш кызыл кан, Агып кетти шаркырап, Туш-тушка каңгай бөлүндү, Беттей албай быркырап. Бири миңден колду кууп, Манастын уулу кара көк, Калдык өңдүү зорду кууп, Ар кимиси ар башка, Айдап алып моңгулду, Аралап кетти адырга. Ойуна алды тогузу, Айдап жүрүп моңгулду, Коктукатка барууга, Арамкор Калдык алдында, Ар кайсы жерге булакка, Кыргыз тилин билгенден, Кыргызча кийим кийгенден, Адамдарды койдурган, Кыргыздардын баатырын, Айра таанып билгендин, Буларга айтып билдирген: «Бекбача келсе шашабыз, Шашмак тургай ал кезде, Башты ала качабыз, Булакты мыктап тоскула, Келип калса кыргыздар, Сууга уудан кошкула, Суу жок деп айтып тургула, Болбой зордоп келгенде, Уу кошкон суудан куйгула». Адырда жүрүп урушуп, Кылычтын канын чубуртуп, Булакка калды туш болуп. Өзү жалгыз кардыгач, Кудуктан сууну көргөндө, Көзү кетти чачырап, Батыраак ичсем экен, деп, Тилин салып ашыгат.
Кудук баккан немеден, Тура калды суу сурап, — Күймө булак жалгыз көз, Күнү-түндө бир көнөк, Араң мындан суу чыгат, Жалгыз көнөк суумду, Ичип алсаң сен сурап, Эртең кудук толгуча, Тура албаймын мен чыдап. Мойнун толгоп буржуйуп, Болбой турду кобурап. Аттуу туруп эңкейип, Эңип алды көнөктү. Апкаарый жутуп көнөктөн, Кардыгач баатыр чакады, Жерге көнөк бүт түштү, Сууну көрүп шашылып, Башын салды минген ат, Башын тартпай көнөктөн Ат торойуп жатканы, Чакаган бойдон Кардыгач, Ширидей болуп катканы, Жакындасам өлөм, деп, Жана келсе көрөр деп, Аты менен баатырды, Кумга көмүп таштады, Кардыгачты сойдум деп, Кун кубалап болдум, деп, Кудуктун көзүн бекитип. Кара неет моңгул качканы. Ат карыдан кан кечип, Эр карыдан жин болуп, Чакмакташ кетип баратат, Калдык качып баратып, Чакмакташты көргөнү, Алдынан тосуп чыгам, деп, Терс айланып жөнөдү. Ат изин көрүп Бекбача, Арбагы мындан ашты, деп, Акылы чындап шашты деп, Жеталбайм деп каңгайга, Кайта артына качты, деп, Өзү чаңкап чаалыкты, Аты чаңкап талыкты, Кайта аркама жанам деп, Караанын карап акмалап, Көл бойунан табам деп, Лопнурду карай басканы, Арстан тууган Бекбача. Акылынан шашканы. Шашпаганда неткени, Сынаакы Талас жер эмес, Барар жери калбады, Кайра эми келет, деп, Өкүмсүрө айткыдай. Чакмакташ ашар бел жакка, Калдык келип отурду, Мылтыгын октоп кырчакка, Ысык кумда чаңкаган, Аттын тили салаңдап, Кармашта жүргөн кармашып, Чакмакташ суусап акактап, Адамсыз кумга келдим деп, Каңгайга чейин барам деп, Кара жердин алдына, Казып кирип кетсе да, Калдыкты издеп табам деп, Шашкандыкты таштады, Орто-карта басканы. Ысыган кумга ким турат, Ойуна алып Чакмакташ, Опчулугун тондорун, Ордуна койбой чыгарып, Бүчүлүгүн соотторун, Бүтүн баарын чыгарып, Ачык түшө эндекей, Эчтемеден камы жок, Элөөрүп келет Чакмакташ, Үпчүлүгүн чечкени, Мендер басып Чакмакташ, Өлүм жакын жеткени, Топчулугун чечкени, Кууган жоосу Калдыктан, Ажалынын жеткени, Мелтирете шыкаалап, Мелжеп жаткан хан Калдык, Чакмакташтын абалын, Чактап билди бар жайын. Корккон киши кептенип, Найза тосор көөдөндө, Чарайна тургай топчу жок, Бүчүлүгү бүтүн жок, Опчусу жок капталда, Топчусу жок боорунда, Үч катар темир күрөккө, Баары ачык желбегей, Чакмакташ келет эндегей, Тартып алып мылтыгын, Өчүрүп чогун милтенин, Боосун илип мойнуна, Асынып Калдык келтесин, «Мылтык менен аламбы, Чыйраксынган Чакмакташ, Кыйырыма келди ушул чак»,- Деп ойлонуп кара неет, Туура кармап найзаны. Тосуп чыкты жолунан, Чакмакташтын кутулуп, Кетер жери калган жок, Хан калдыктын колунан! Найза тургай шиш менен, Сайса өлөт боорунан, Алыскы жерден бакырып, Качырып чыккан кеп эмес, Арамзаада, Калдыктын, Ойлогону ушул кеп: «Үн чыгарбай жетейин, Өзүмдү көрүп наалысын, Өлтүрө сайып кетейин, Ат жетер жерден качырсам, Маңгыттап ураан чакырсам, Туруп өлбөйт Чакмакташ, «Манастап» ураан чакырат, Айабай үнүн бакырат, Бекбача жетип келбейби, Мени жүргөн акмалап»,- Деп ойлонгон кытмыр хан, Качырып чыкты капташып, Найза бойу тумшуктан, Ооздук тиштеп карасур, Өөрчүй чуркап нидерди, Как жүрөктүн тушу деп, Найзаны күүлөп жиберди, Жоо бөрүсү Чакмакташ, Колуна жарак алалбай,
Калдык сайган найзаны Учунан улай кармады. Кармаганча Чакмакташ Найзаны тартып алганы, Капыр Калдык калдастап, Балтасын алды алдастап, Арам заада чоң маңгыт, Качып калды калдактап. Опчулугун опчулап, Топчулугун топчулап. Бойун оңдоп албастан, Кууп калды дардактап, Күүсү менен тулпардын. Топчулуксуз тондору, Жайылып кетти далбактап, Найза менен сайганда Балта менен сайдырбай, Калдык кайра какканда, Талкаланып найзасы, Куру кол болгон чактарда, Балта менен балакет, Кардын жара чапты анда. Душмандын малы ар качан, Душмандыгын кылат деп, Чакмакташтын тулпарын, Башын чаап таштады. Ичегиси иймелип, Каны-жини аралаш Жерге түштү сүйрөлүп, Боолук салып мойнуна, Калдык кетти сүйрөтүп, Чакмакташтын тыш тонун, Чечип Калдык алганы, Кошуп алып найзасын, Калдык кетип калганы, Бүгүн эртең келет деп, Калдыктын жолун тосоттоп, Бекбача үч күн карады, Келбегенде Бекбача, Кайра кеткен жеринен, Калдыктын изин чалганы. Изин кууп баратып, Чакмакташтын тулпары, Өлүгүнө капташты, Өлгөн экен баатыр деп, Өлтүргөн экен каапыр, деп, Койуп кетип баратып, Чакмакташтын тарп болгон, Өлүгүнө жанашты, Башын кесип албаптыр, Сөөгү калган агарып, Эттен неме калбаптыр, «Барса барар каңгайга, Жанбай экен аркага, Калдыктын жүрбөй артынан, Лопнурдун көлүн тосом деп, Өлүшүнө Чакмакташ, Мен себепчи баатырга,. Отузга жашы жетелек, Опсуз баатыр эр эле, Өлүп кетти баатыр! — деп, Өлүгүн ойго түшүрүп, Лопнурга койсом белем, — деп, Аманат койуп бул кумга, Каңгайга барып келгинче, Таанылбай калат Чакмакташ, Элдин көөнү ооруур деп, Өңөрүп алып жөнөдү, Майтору кайдан жооруур», — деп, Лопнурдун бойу Акшордо, Турган экен Кетиркей, Эли менен Дүркүрөп, Эштектин эли бүт калбай, Чакмакташты көргөндө, Баарысы кетти чуркурап. Кардыгач өлүү-тирүүбү, Ошол жактан кеп сурап, Билбедим деп Бекбача, Ошончолук кеп кылат. Чакмакташтын өлүгүн, Кетиркейге тапшырат. Каңгайдан түшкөн көп олжо, Лопнурлукка таратты. Уруш болуп кан төккөн, Ой-тоого киши жиберип, Кардыгачты каратты. Кудукту таап билгендер, Из кубалап жүргөндөр, Кардыгачты табышты, Кардыгачка Бекбача, Таштын бетин ойдурду, Найзасын такап колтукка, Тулпарына мингизип, Тирүүсүндөй тоңдурду. Кулдуктун оозу ачтырды, Шейит булак ат койуп, Ташка ойдуруп жаздырды. Лопнурдун чыгыш түндүгү, Тообо-томук кылат дейт, Ошондой өткөн жүргүнчү, Чакмакташты Кетиркей, Алдырып кетти Котенге, Чакмакташ деген жер бар дейт, Узун кулак укмуштуу, Карылар айтат бул күндө, Муну мындай таштайлы, Жай таппаган Калдыктын, Кармалганынан баштайлы.