← Асылбача-Бекбача 3/4

Олуйа Кошой, зор Бакай, Музбурчак, Көкчө- эки хан, Кара сакал Ажыбай, Кыргыл чал баштап, кырк баатыр, Арбактардын келгенин, Сагынкор суунун улугу, Кол куушуруп урматтап, Манаска салам бергенин, Абаң Семей, шер Гүлүс, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңкыч Сарык наам алган, Кеңкула менен Кененим, Кайыптардын келгенин, Эр Сейтек, Сейитим, Арбактары көрүнүп, Өлүк-тирик аралаш, Дөөлөрдүн көөнү бөлүнүп, Бекбача менен беттешкен, Баарынын каны төгүлүп, Бекбача дөөнү жеңгенин, Нурфануну Нурзат шаа, Бекбачага бергенин, Таласка алып келгенин, Татылданын кызынан, Нурфанунун өлгөнүн, Татылда кызым кызылкыз, Эри экөөнү тең кармап, Нурзат шаага бергенин, Колу менен кылганын, Көзү менен көргөнүн Кетиркейге Кызылкыз, Баарын айтты билгенин. Кызылкыздан кеп угуп, Болгон ишти көп угуп, Эр Бекбача жанына, Келгендей болуп дем уруп, Шолоктоп ыйлап Кетиркей, Араңдан зорго соолугуп, Кеп кылалбай кыйлага, Күрмөлбөй тили буулугуп, Күйүнсө киши буулугат, Сүйүнсө киши кубанат. Күйүнгөн киши азыраак, Сүйүнгөн киши көбүрөөк, Бышаңдап ыйлап соолугат: Хан Кетиркей солугуп: — Кызылкыз балам кебимди ук, Пейлиңди салып бекем ук, Ниредеги урашта, Эр Бекбача жоголуп, Чакмакташ менен Кардыгач, Жагалмай ага кошулуп, Жаштар кылып кайратты, Калдык качып жоголуп, Калдык кайтып келет, — деп, Жол карадык чогулуп, Эки жыл өттү арадан, Дем алып Калдык соолугуп. Лопнур, Арал, азыктан, Кашкар, Жеркен, Анжыдан, Самаркан, Ташкен, Маргалаң, Атбашы, Нарын, Таластан, Тың тыңдадык кеп сурап, Бекбача барбы деп сурап. Баатырдан кабар угалбай, Эшитер кулак кер болду. Эт жүрөктөр чер болду, Алты жыл ашып, жыл жети, Болуп калган мезгилде, Лопнурга Калдык келиптир Мен кыргызмын дегендин, Кызыл муштум балдарын, Көзөй сайып шилиден, Тал башына илиптир, Кызыл ээк карынын, Көзү ойуп алыптыр, Талпактай тепсеп кыздарды, Өз билгенин кылыптыр, Орто жашта жубанды, Ак чач болгон кемпирди, Ары- бери сүйрөптүр, Жаш-карысын билбептир, Теке тери кайыштай, Тепсеп баарын ийлептир. Кабар берди биз келдик Үмүт үзбөй баатырдан, Үч ирет киши жибердик. Акылга акыл кошуптур, Жолду калдык тосуптур, Кармап келди кеткенди, Каратып туруп ич жарып, Боорунан бөлүп өт алып, Мына минтип өч алып, Калдык берди эдепти, Кардыгач менен Жагалмай, Жарадар болду жаш балдар, Чакмакташ турат майданда, Күндө уруш дем албай. Арбагы бийик Манастан, Жердеген жери Таластан, Анык кабар алалбай. Үмүт үзүп айактан, Кумул, Турпан, Баркөлдөн, Куту бий, Манас - алардан, Кабар алып келдим деп, Ал жердеги кыргыздар, Баары калбай келсин, деп, Беш кишини жибердим, Кабар айтып, кол алып, Алар барып келеби? Же кармап алып маңгыттар, Эдебин колго береби? Кетиркей айтып жатканда, Моңгулдардын элинен, Жерге батпай желпилдеп Кара желек туу чыкты, Кулак жарган чуу чыкты. Турпан, Кумул, Баркөлгө, Кутубий, Манас – аларга, Кабарга кеткен беш эрди, Колун кесип чолойтуп, Кулагын кесип молойтуп, Көзүн чукуп олойтуп, Эки буттун он манжа, Түбүнөн кесип май куйуп, Айдап келди аксатып, Көргөндүн баарын какшатып, Жүрөгүн сууруп келгин, деп, Сурнай менен жар салып, Муну көрүп Кызылкыз, Дайарданды камданып, Оозу башы күбүрөп, Жерден чымчып топо алып, Көзүн байлап моңгулдун, Ал бешөөнү куткарып,

Окшотуп ошол бешөөнө, Беш моңгулду тургузду, Өз элинен бешөөнүн, Жүрөктөрүн суурутту, Өзүнө-өзүн сойдуруп, Куткарып алды бурутту. Сууруп алган жүрөктү, Алып барды Калдыкка, Жыттап көрүп арам кор: — Жүрөгү эмес буруттун, Монгулдан сойуп бешөөнү, Жүрөгүн алып суурупсуң, Өмүржандын Кызылкыз, Келген экен буруттан, Келбеген болсо Кызылкыз, Айчүрөк бар бурутта. Шапкат кылбай кыргының, Бурут деген журутка! Алты күндөн ашырбай, Төптөп туруп беш күндү Бекбачаны келтирип, Мээ кайнаган бул кумга, Тирүүлүк күн бизде жок, Кыйын болот моңгулга. Айчүрөк болсо адашсын, Кызылкыз болсо бек шашсын, Аралап кирип бурутту, Агызып суудай кан чачкын! Кардыгач менен Жагалмай. Чакмакташка мен бармын! Айтып болуп кара ниет, Буйрук берди капта, деп. Көрүп туруп Кызылкыз: «Иш кылсамбы унуткус, Бүткүл моңгул болгонду, Таш кылсамбы тургузуп? Же атагына Манастын Жаман атты кыламбы, Казандай көөсүн жугузуп? Ооганга Манас барганда, Оогандык сыйкыр салганда, Азиз хандын Алмамбет, Баарысын бекер кылганда, Айкөл Манас ошондо, Айткан экен башында, «Оогандар салды сыйкырды, Сактап калдың, Алмамбет, Боло турган бул бир кеп. Душман кастык кылбаса, Сыйкырым артык менин деп, Сыйкыр кылыш жакшы эмес, Сыйкыр менен жоо алыш, Наам артыктан башка эмес». Айкөл айткан кеп экен, Бул кыргызга эп келди. Мен Калдыкка кошулуп, Таласка сыйкыр салганда, Менден ашып Айчүрөк Алдын тосуп алганда, Өнөрүм сенден ашты деп, Батынбады Айчүрөк, Ашырып сыйкыр салганга. Кылышым сыйкыр жакшы эмес, Бул Манастын тукуму, Өткөндү эске алып, Сыйкырды таштап жөнөйүн, Таластагы төрөгө, Кабар айтып барганга. Барбай койсом болбойт го, Нурфануну Көйкаптан, Баштап келдим башында, Жеңет эле Калдыкты, Бекбача болсо ал чакта». Ушуга акыл токтотуп, Белин бекем буунуп, Учуп чыкты Кызылкыз, Сары аары болуп кубулуп Каптап кирди кыргызды, Моңгулдун эли чуу туруп, Ошо күнү кечинде, Таласка барып Кызылкыз, Болуп жаткан жумушту, Бекбачага угузду: — Моңгулдун баарын таш кылып, Койсомбу деп ойлодум, Уруксаат сизден албадым, Каарыңыздан коркконум. Уруксаат кылсаң, төрөбүз, Таластан туруп монгулду, Башкача кылып көрөбүз. Анда айтат Бекбача: — Ажалдуу өлөт ар качан, Кутулуп андан ким калган, Оодарылып ошондой, Кылтылдаган бул жалган. Арамдык менен аралаш, Каралык менен иш кылыш, Азаматка жарашпас. Майтору атым бар болсо Бак-таалайым жар болсо, Түн бойунча Таластан, Аттанамын мен болсо. Талас менен Лопнурдун, Арасы алыс жер эмес. Алты күндөн ашырбай, Мен жетемин ага болсо, Майторуну кындыйтып, Сыргактан калган найзаны, Туура кармап зыңкыйтып, Асабасы калкылдап, Алтындуу саадак жаркылдап, Айбалта белде шыңгырап, Кылыч кында кыңгырап, Туулга башта тултуйуп, Топтомолок мултуйуп, Бадана кийип сурданып, Буттап темир курчанып, Эске алганда Калдыкты, Ичинен сызып муңканып, Күүгүм кире күн бата, Жылгындуу Кеңкол, Таластан, Жеринен чыкты аттанып. Таластан киши көргөн жок. Кай кеткенин билген жок. Сырттап басып кыдырып, Салкын жел менен сыдырып, Илени бойлоп оң тартып, Күн чыгыш карай жол тартып. Манас, Баркөл, Турпандан, Кабар берип азыкка, Аскер алып Кумулдан, Беш миңден алып ар жерден, Жыйырма миңче кол менен, Оргуган аппак шор менен, Опурулган кум менен,

Акпаган чалчык суу менен, Жетип барды Лопнурга, Жолборсуң келди жол баштап, Жыйырма миңче кол баштап, Таластан чыккан түн менен, Бүгүн тогузу дегенде, Жетип келди Лопнурга. Канча күндөн бер жакка, Болгон уруш Лопнурда, Адам, айбан туралбай, Мээ кайнаган куу кумда, Бекбача келип караса, Келген экен капташып, Бир тарткылык кыргызга. Кызылкыз Талас барарда, Аралашкан кыргында, Кардыгач менен Жагалмай, Хан Кетиркей, Чакмакташ, Кан кечишип урушта, Калбалаңдуу жумушта, Кагышып жүргөн жулушта, Катуу салып калбаны, Кармашка кирген балбаны, Каптап кирген каңгайдын, Каны суулай акканы, Калкылдаган калың эл, Кайра артына качканы, Канчалын кылса каниет, Кантер айла таппады, Кайраты качып Калдыктын, Барабанын какканы. Аскер эки бөлүндү, Байкаса Калдык аскерин, Көп өлгөндөй көрүндү, Каңгайда калган эстүүгө, Жумушка жарар эптүүгө, Хан Калдыктын айтканы: — Кыргыз деген кысталак, Кызыгышкан урушта, Кызыл канды агызат. Кан Кетиркей, Чакмакташ, Жагалмай менен Кардыгач, Кармаша берсек өчөшүп, Калбайт эле жумур баш. Эл башкарган эрсиңер, Эмгичекти катарда, Эл башкарып келдиңер, Эми кандай кылабыз, Эс ойлонуп кеңеш бер. Хандан булар кеп угуп Кандай дээрин биле албай, Канчага Калдык буулуп, Жана калдык жай айтты, Жакшыларга муну айтты: — Жайчың болсо жайын айт, Далычың болсо дайынын айт, Төлгөчүң болсо, төгүн айт, Төгүн айтпай чынын айт, Изчиң болсо билип айт, Көргөн болсоң көзөп айт, Көз боочу болсоң, көрүнө айт, Көзүң көргөн ишти айт. Беттегенин жазбаган, Мерген болсо аны айт, Беттешкенден качпаган, Балбан болсо дагы айт. Күнгө тилин кайраган, Күкүктөн бетер сайраган, Чечен болсо чечип айт, Иш келгенди колунан, Ал жарайт деп кесип айт, Сыйкырчы болсо сырын айт, Жалганы жок чынын айт, Айарың болсо ачык айт, Ал ким экен атын айт, Урууң болсо өзүң айт, Мына бу деп көзүн айт, Табылып калса андайлар, Калдыктан акыл кутулбайт. Көпчүлүктө көп экен, Каңгайдын эли мындайды, Көп үйрөнгөн эл экен. Баарысы келди чогулуп, Сакынбалап кол сунуп, Калдык хандын алдында, Тегеректеп олтуруп. Жайчыга күндү жайлатты, Шамалга кумду айдатты, Жердин бетин чаң басты. — Изчиң угуп тур, — деди, Четке чыккан кыргыздын, Чындап изин куу — деди, Төлгөчү салгын төлгөңдү, Жашырбай айткын көргөндү, Далычы, далың карагын, Мергендер камда саадагың, Четке чыгып тургула, Жолобой элге балбаның, Кыргызга келген ким болсо, Киргизбегин албарын. Айарлар, аттан күнүгө, Кыргызга болгун аралаш, Күнүң менен түнүндө Убада бер, айарлар, Хан Кетиркей, Чакмакташ, Жагалмай менен Кардыгач, Башын кесип келүүгө, Башканын баары табылды, Сырлуу сыйкыр жок экен, Кыргызды кадам бастырбай, Камап салган кеп экен. Изчини сизге салыптыр Четке чыккан ким болсо, Кетирбей изин кубалап, Башын кесип алыптыр. Мергендер четте жатыптыр, Мыдыр эткен тирүү жан. Бетке келсе атыптыр, Айарлар элди аралап, Баатырларга баралбай, Карапайым кишиден, Ар күнү жүздөн баш алат. Далычы далы көргөнү, Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Бекбача аны кийгенде, Далысын анын көрбөдү. Төлгөчү салып төлгөсүн, Күнүнө айтат көргөнүн: — Куту бий, Манас – булардан, Баркөл, Кумул, Турпандан, Урушка келет көп адам. Бекбачаны көрбөдүм, Далысын салган бирөө бар, Тааный албай күмөнмүн, Калдык баштап калмактар,