Менден башка зайыбы жок. Туубас болот окшоймун, Эч нерсенин дайны жок. Жүктүү болсоң энеке, Жүзүн көрүп кетейин, Эркекпи, кызбы тууганым, Анык билип кетейин. Эркек болсо тууганым, Атамдын ордун баспайбы, Менден бетер кыз туусаң, Бойго жеткен кезинде, Бирөөгө көзүн сатпайбы. Жатка барып жатпайбы, Атамдын ордун сактайбы? Муңдуу сөз айтып ал жерде, Туруп калды Нурфану. Күн жыйырмага жетпестен, Бошоду жүктөн энеси, Нурзат шаанын алганы, Эркек бала тууганы, Чечекейин караса, Уулдуу болуп Нурзат шаа, Элдин тынды санаасы. Тууганын көрүп Нурфану, Көөнү өсүп жетилип, Турбайын деп кечигип, Эстеди жери Таласты, Эли кыргыз алашты. Арасы алыс жол экен, Көйкап менен Таластын, Атасына ал айтып, Энесине зар айтып, Перилерге кош айтып, Он миң пери котчу алып, Учуп чыкты Таласка, Эртең жетем деп барат, Элим кыргыз алашка. Өтө тунук бир сууга, Көзү түштү Нурфану, Бара жатып асманда. Аккан суунун бойуна, Перилерди түш деди, Сууга жуунуп таранып, Тамагыңды ич деди. Нурфанудан кеп угуп, Баары түштү чубуруп, Сууну бойлоп перилер, Баары сууга чумулуп, Учуп жүрүп асманда, Кирдеген кирин жуунуп. Перилер ойноп кетиптир, Нурфану жалгыз чатырда, Перилер кайтып келгенде, Анан сууга барам деп, Чатырда жатып дем алып, Көзү уйкуга кетиптир. Нурфануну алам деп, Өлүп кеткен Татылда, Жинге берген кызы бар, Күйөөсү жинди ээрчитип, Нурфануну жай-кышы, Аңдып жүргөн иши бар, Нурфануну кастаган, Аркасында киши бар. Өзү жалгыз чатырда, Уктап жаткан мезгилде, Ээрчитип эрин жеткени, Уктап жаткан немени, Мойнунан башын кескени, Тирүү жанга билинбей, Көйкапка качып кеткени. Суу бойлоп ойноп перилер, Чатырга келип караса, Нурфанунун башы жок, Дени жатат чатырда. Чакчалекей, будуң-чаң, Түшүп калды перилер, Нурфануну көтөрүп, Нурзат шааны алдына, Учуп калды перилер. Жан айабай катуу учуп, Жетип барды перилер, Баары болгон укмушту, Айтып барды перилер. Нурзат угуп бул кепти, Тез учуучу периден, Таласка бешти жиберди. Таласка барып кайт деди, Бекбачага айт деди. Учканда пери тик учуп, Көктүн чыгып каарына, Төбөдөн ылдый тик түшүп, Бекбачага барышты, Айтып кабар салышты, Нурфану аты чыкканда, Жамандыгын укканда, Ачык күн катуу бүркөлүп, Түмпүйүп асман чүмкөлүп, Үшкүргөн шамал жел чыкпай, Кара туман каптады, Оодарылбай Таластан, Сасык туман жатканы. Перини тиктей делейип, Бекбача катып селейип, Ачкан оозу жумулбай, Тиктеген көзү ирмелбей, Үшүгөндөй калчылдап, Бекбачанын көзүнө, Деңиз толкуп жаткандай, Жердин бети калкылдап, Колу буту токтобой, Титиреп турат калчылдап. Жумулган жок көздөрү, Ачылган бойдон караган, Билбей калды Бекбача, Үч күн өттү арадан. Тамандары какшады, Тикесинен тик туруп, Нурзат шаанын беш пери, Үчүнчү күнү түш менен, Көзү көрүп Бекбача, Эсин жыйган кездери. — Силер кайдан келдиңер, Кебиңер барбы айт, — деди. Жана айтса жана кеп, Жанакыдай дагы кеп. Жана айтты перилер: — Биз келгени Таласка, Үч күн өттү арадан, Нурфанунун кабарын, Айтып келдик баатырга, Жиберген бизди Нурзат шаа, Кеп кылбай туруп алдыңыз, Үч күндөн бери карата, Ал жердеги перилер,
Эмне кабар келет деп, Сактап күтүп калгандыр, Жердигине тапшырбай, Өлүктү сактап салгандыр. Перилерден кеп угуп, Ичи ачынып от күйүп, Эки жагын каранып, Нурфанунун отурган, Ордун көрүп Бекбача, Жана кетти эс танып, Кой эти бышым болгондо, Ордунан турду эс алып. — Нурфануну бул жерден, Тиргизе албайм мен барып, Жердигине койгула, Кечиктирбей тез барып. Кайнатама айткыла, Эт көйнөгүн айабай, Мага берсин кайнатам, Кайненеме айткыла, Сабыр кылсын ыйлабай, Тынч жаткырсын жерине, Нурфануну кыйнабай. Татылданын бир кызын, Жинге тийген эрге деп, Айтчу эле Нурфанум. Ошол кастык кылган го, Ойлошумча так ошо, Кызылкызды жиберем, Жинге барып келгин деп, Татылданын күйөөсүн, Мага таап бергин деп. Эри жинди кармасам, Катынын анын таба алам. Колго түшсө ушулар, Кайнатама тапшырам. Казынадан беш мата, Алып чыгып Бекбача, Нурфануга кепин, де, Унутуп калбай айткыла, Акылман энем Каныкей, Өз колу менен кармаган. Сакталып келген бул демге, Нурфануга арналган. Мынча күндүн алдында, Казынага мен барсам, Жыйып койгон текчеден, Чачылыптыр маталар, Жыйнайын деп карасам, Нурфану деп аты бар, Алда кандай заман деп, Келер бекен аман деп, Мен жүргөнмүн кайгы жеп. Чачылганы матанын, Жазылганы Нурфану, Бүгүн билдим ушул кеп. Жалгыз кыздан айрылып, Кайнатам менен энеме, Аларга болду кыйын кеп. Нурфану өлүп каран түн, Мага болду мүшкүл күн! Бекбачадан кеп угуп, Кайненеси баатырдын, Эркек бала тууганын, Сүйүнчү деди перилер. Алдында айтып күйүнчү, Артында аттып сүйүнчү. Жанындагы акшамшар, Алып берди Бекбача: — Балага берген белегим, Алып келип бергиле, Нурфанумдун көйнөгүн, Нурфанумдун ордуна, Көйнөгүн кармап жүрөмүн, Күнү-түнү түшүрбөй, Мен этиме кийемин. Айтып болуп жөнөттү, Перилер учуп жөнөштү. Перилер жетти, ашыгыш, Алда эмне болду деп, Турган экен шашылыш. Жеткиз десе Бекбача, Жеткизебиз анда деп, Койгон экен Нурзат шаа, Алтындан сандык жасатып. Бекбачанын айтканын, Жаңы туулган балага, Ак шамшарын тартканы, Кабар угуп Бекбача, Үч күн эстен танганын, Ордун көрүп Фанунун, Кой эти бышым жатканын, Матанын кандай экенин, Айтып берди бар кебин. Матадан көрүп белгини, Нурфанунун билгенин, Эт көйнөгүн Бекбача, Күн-түнү жок кийерин. Айтканындай кылышты, Нурзат бааша тапшырды, Жинди издеп табышты, Бекбачага көйнөктү, Алып келип атайын, Перилер кайта жанышты. Кызылкызды Бекбача, Чакырып жанга алышы, Нурфанунун кунун кууш, Табылып калса душманы, Кылычты майлап канга жууш. Угуп болуп Кызылкыз: — Кыйын эмес бул жумуш, Эртең күнү түш менен. Алып келем кебимди ук. Өмүр жандын Кызылкыз, Он эки кабат ордодон, Ойу менен тиктирди, Көрүп көргөн башкадан, Жетини алып келтирди, Түндүккө желек байлады, Байланган желек жети түр: — Жети бакшы үйгө кир, Айгай салып бакыр деп, Жин перини чакыр деп, Жин баашасы Жылызы, Алдырып келгин азыр деп, Кызылкыз турду тостойуп, Жылызды чакыр дегенде, Бакшынын баары мостойуп: — Айталбайбыз ага деп, Жылыз келсе бул жерге, Тирүү киши калтырбай, Кырып кетет жана деп, Чоңдугу Жылыз ал турса, Келип калса бул жерге, Кайда батат капыр? — деп,
— Жылызга алың келбесе, Алың келген жиндерди, Алып келгин мында дейт. Жети бакшы бакырып, Жиндердин атын чакырып, Кабарчысын чаптырып, Бирине-бирин айттырып, Отко кетмен салдырып, Колу менен бастырып, Кызык ойун салганы. Жин периден жети уруу, Калбай келип калганы, Чогулушуп жин пери, Бул ойунга таң калды. Кайта учуп бир пери, Жылыз жинге барганы, Адам айран калгындай, Көргөнүн айтып калганы. Ойундун угуп кабарын, Катынын кошуп ээрчитип, Жылыз жөнөп калганы, Ойунга Жылыз жеткени, Жердин бети толгон жин, Томолонуп калганы. Дөө менен жин перинин, Сыйкырын билген Кызылкыз, Катыны менен Жылызды, Катар кармап алганы. Эртеси күнү түш менен, Бекбачага алпарды. Нурзат шаанын алдына. Перилер келип калганы. Татылда кызы Жинсыра, Жылыз менен экөөнү, Нурзат шаага жөнөттү. Жинсыра менен Жылыздын, Жанын алды Нурзат шаа, Нурфанунун ордуна, Канын алды Нурзат шаа, Нурфану өлүп катын жок, Ашыгын эстеп Бекбача, Ичи жалын кызыл чок. Муну мындай таштайлы, Кардыгач менен Чакмакташ, Өлүмүнөн баштайлы.