Эки көзү алаңдап. Жайдары тууган каракөк, Анча мынча немеден, Кенебеген өзү бөк, Атасы баатыр Сейитим, Хан Калчадан олжого, Алып келген нар кескен, Зулпукардан кем эмес, Жыгачка чапса таш кескен. Кайда кетти капыр деп, Жан-жанына карады, Элестей түштү көзүнө, Төбөсүндө карааны. Хан Калчанын кылычын, Кымтый колго кармады, Татылданын бутунда, Найзанын учу жетерде, Туулгадан мылк этип, Мээге кирип кетерде, Төбөсүнүн төшжары, Болжоп туура шилтеди. Тамандан карыш алдынан, Бутундагы найзасын, Кылыч таарып кеткени. Татылданын бутунда, Чойундан куйган чоптору, Көтөрүлүп асманга, Тепкели кайра жатканда, Балта менен тамандан, Алдыртан өөдө какканда, Шыйрагынан Татылдын, Бир буту сынып кеткени. Сынган буту салаңдап, Маңдайда көзү алаңдап, Канжарын сууруп жалаңдап, Качырып кирди бакырып, Күйдаң, күйдаң, күйдаң деп. Атасын айтып чакырып. Татылданын үнү деп, Кырк миң аскер дайар бол, Мени менен жүрү деп, Ачып көздү жумгуча, Асмандан түштү дөө пери, Жааган күндөй себелеп. Белги берди Нурфану, Атасын бачым келгин деп. Падыша Нурзат алдырап, Кырк миң аскер периден, Булар жетти шарактап, Ээси менен аттары, Канаттары калдаңдап, Нурфану кантип жатат деп, Нурзат келет далбаңдап. Үн асмандан жаңырда, Дөө менен пери баштары, Алмадай жерде кагылды. Чыга берди Татылда, Айкырып жетти Табан дөө, Баары дөөнүн балбаны. Кандай жан деп баарысы, Бекбачага таң калды. Табан дөөнүн оозунан, Оргуп чыккан көк түтүн, Жердин бетин каптады, Бороон болуп аркырап, Каран калган кара жер, Аңтарыла тас калды. Чоң экен деп Бекбача, Мындан кайдан жазганды? Элөөсүздөн Табан дөө, Бекбачаны бир сайды, Майторудан Бекбача, Ээрден көчүк бултайды. Май сооруга найза жеп, Каны акты шыркырап. Ачууланды ошондо, Көзүнөн учкун чыркырап. Ага чейин Табан дөө, Жана жетти чукулдап. Жаалысы катуу каракөк, Кармай калды адаты, Оозуна алып акырды, Айкөл төрө Манасты, Карматмак болду каракөк, Тоо да болсо тоңкойтуп, Сайып өтчү адатты. Сыргактан калга Сырнайза, Булгап алды колуна, Табандын кагып найзасын, Кайта имерип качырды. Баатырдан найза жеткени. Тоодой Табан камгактай, Томорулуп кеткени, Жер тайанып копкунча, Эшик эндүү ай балта, Чыкыйга чаап өттү эми. Айрандай мээси чачылды, Абийири дөөнүн ачылды. Чыдай албай Макан дөө, Бекбачаны качырды. Табан дөөдөн найза жеп, Баатырдын эти ачынды. Ошол бир күн ичинде, Мен-мен деген дөөлөрдөн, Отуздун каны чачылды. Чыдай албай Татылда, Капта деди дөөлөрдү. Баатырдын уулу кара көк, Өчөшүп кирген дөөлөргө, Көрсөтөт эми өнөрдү. Алдында жетти Бытбык дөө, Сайып алып Бекбача, Найзага илип көтөрдү, Каптап келген көп дөөнү, Бытбык менен койгулап, Жүрөгү түшүп көргөн дөө, Түк барбады чукулдап. Күйдаң менен Татылда - Ата-бала эки дөө, Зордук менен каптатты, Буйрук кылып дөөлөргө. Нурзат шаадан ат келди, Эр Бекбача минсин деп. Эркинче учуп асманда, Дөөлөр менен жүрсүн деп. Майторудан ажырап, Перинин атын минбеди, Зымырык берген соогага, Жеркени баатыр мингени, Зымырыктын Жеркеси, Аты менен Бекбача, Бир четинде жүргөнү, Канат менен калдаңдап, Аралап кирди дөөлөрдү. Найзага утур келгенин
Томолотту зойкойтуп. Таш келте менен качканын, Канчасын атты тоңкойтуп, Колун кесип нечесин, Чолок кылды чолтойтуп. Кулагын кесип кай бирөөн, Мулук кылды молтойтуп. Кылыч тийип канча дөө, Кызыл чие кан болуп. Өлүп кетти он миң дөө, Тепселип жерге сай болуп. Чекелеп качып чыкканын, Нурзат шаанын аскери, Кетирбестен кармады. Күйдаң менен Татылда, Качып жолго салганы. Качырда Татыл кара нээт, Зымырыктын Жеркесин, Үч жерден таарый атканы. Канатынан айрылып, Учалбай баатыр кайгырып, Карап турган мезгилде, Нурзатка Нурфану, Барып мындай деди эле: — Тетиги турган Бекбача, Айкөл Манас тукуму, Жар болуп Манас арбагы, Дөөнүн баарын коркутту. Күйдаң менен Татылда, Качып кетти жерине, Бекер кетпей баратып, Бүлүк салып жүрбөсүн, Ата сенин элиңе. Ишенер кишиң жок эле, Каршы чыгар дөөлөргө, Байкап көрсөм элиңде. Бекбачанын мингени, Алпкара куш канаты, Үч жеринен ок кыркып, Учалбай калды карачы. Адамы жок суусу жок, Эрме чөлдө калабы, Арстан шердин баласы? Нурфанудан кеп угуп, Нурзат туруп толгонуп, Он миң балбан перини, Бекбачага бар деди. Аты менен өзүнү, Килемге салып көтөрүп, Шаарга алып кел деди. Буйрук берип Нурзат шаа, Он миң пери жиберди. Он миң пери асмандан, Жааган күндөй куйулду. Эр Бекбача төрөгө, Жараткандын күчү көп, Мындай ызаат буйурду, Перилердин алдында, Нурфану келип баш урду. Келип турду Нурфану, Эки колу боорунда: — Айкөлдүн уулу Бекбача, Он миң пери ээрчитип, Алдыңа келдим кызматка. Күйдаң менен Татылда, Качып жолго кириптир, Кара нээттер жөн кетпей, Элге бүлүк салат деп, Атам кетти артынан. Эркек болбой кыз болуп, Жалгыз бала мен болуп, Ал армандын үстүнө, Дөөлөр келип кас болуп, Өзүңүзгө баргын деп, Дөөнүн кетти артынан, Атам өзү баш болуп. Аты тонуң өзүңүз, Килемге чыгып алыңыз, Перилерге көтөртүп, Шаарыбызга барыңыз. Барбай кетип калсаңыз, Дөөлөр келет шаарыма, Жана барам алдыңа, Душмандын кетип артына, Атам келбей мен келдим, Алыбыз ушул таарынба. Балан-пустан дегиче, Бекбача кепке келгиче, Көгүчкөн болуп зыпылдап, Өтө жаман шашылып, Эки кыз келди ал жерге, Нурфануга баш уруп: — Сизге келген жумуштун, Жайын айтсак угуңуз. Күйдаң менен Татылда - Ата бала эки дөө, Шаарга барды түз учуп, Калаанын ичин кан кылды, Кылычтан канды чубуртуп. Эр Бекбача керек деп, Эрлер келген чогулуп. Карсылдашып күнү-түн, Катуу жамана урушуп. Татылданын элинен, Жетип келди он миң дөө. Агачалык бул жерден, Нурзат барды отуз миң, Кими күчтүү ким күчсүз, Аны биздер билбейбиз. «Нурфануга баргыла, Бекбачанын жанында», Атаңыз берди буйрукту, Учуп жолго киргенбиз, Алдыңызга келдик биз. Кыздардан кызык кеп угуп, Качып кеткен Татылда, Кыргын кылды деп угуп, Көйкапка кетти Бекбача, Калдыкты калды унутуп. Аты менен перилер, Килемге салып көтөрүп, Ачып көздү жумгуча, Рапы Мискин шаарынан, Көйкапка кетти өткөрүп. Он эки айлык жол экен, Аш бышымда жеткирди. Пери менен дөөлөрдөн, Кыргын болуп көп өлгөн, Бекбача жетип барганча, Нурзат шааны Күйдаң дөө, Байлап алып жөнөгөн. Перилер турат чуркурап, Нурфану ыйлап буркурап, Булардын көрүп абалын, Бекбача сөөгү зыркырап.