← Асылбача-Бекбача 2/3

Чыгышында Комулдун, Каракытай манжу бар, Шибе, солон бу да бар, Калмактардын эли бар, Кыйпач түштүк жагында. Какандын ханы олтурган, Чоң шаарынын чеби бар, Калдыраган кара таш, Шыңшыңдын ашуу бели бар. Тынч уктабай Таабалды, Баарысынан шеги бар, Ошончолук түйшүктөн, Билдирбей элин сактаган, Таабалдынын бели бар. Белдүү баатыр Таабалды, Душмандан качып кажыбас, Кайратынын кени бар, Көбүнчөсү каңгайдын, Таабалдыдан шеги бар, Көрүп – билип баатырды, Ошолордон кол салып, Келе албаган жери бар. Жеке баатыр Таабалды, Аралап элге киргенде, Көргөндүн баары таңгалды, Манастап ураан чакырып, Бет келгендин баарысын, Самандай кылып сапырып, Жел тийгендей дүргүтүп, Короодо койду үркүтүп, Сүрдүгүп токтоп туралбай, Таабалдынын сүрүнөн, Качып жүрөт уйалбай, Качырып найза суналбай, Түрүнөн коркуп туралбай, Манастагы Такырбаш, Баатыр Манас барында, Кутунай жүргөн акылдаш, Ажыбай жокто ордуна, Бий болучу какылдап. Падыша Манас башында, Бешбалыкты алганда, Алганым жалган болот,деп, Манастын шаарын салганда, Кутунайды бир шаарга, Бий көтөрүп койуптур, Кутунай аты жойулуп, Кутубий атка конуптур, Беш балыктын баарына, Жалгыз аким болуптур. Кутубий өзү барында, Кызынан чыккан бала экен, Такырбашты Манаска, Улук кылып койуптур, Кутубий көзү өткөндө, Манаста туруп Такырбаш, Баарына аким болуптур. Кайраты бар эр жүрөк, Кажыбаган сом билек, Үстүнкү ээрди далбайган, Алдынкы ээрди калбайган, Кең көкүрөк далдайган, Ичине эңшер капкан бел, Жалгыз башым мен деген, Жалтанбаган эр экен, Оттой күйүп жайнаган, Жалындуу эрдин бири экен, Беттеп кирди душманга, Бей ажал өлүп эчени, Армандуу кетти бушманда. Баатырдан кирди он бир хан, Бекбача менен он эки, Топ-топ кылып бөлүнтүп, Канды суудай көбүртүп, Корккон элдин көзүнө, Түптүз жер аңдай көрүнүп, Алты хандын элине, Акыр заман күн болду, Жарык күнү түн болду, Ажал-өлүм кез болду, Амалсыз элдер нес болду. Кыргыздын калың аскери, Карап турат жардашып, Жүз отуз миң аскерге, Он эки киши кармашып. Маңгыттардын Калдыгы, Ичине батпай ардыгы, Өкүм сүйлөп сөз кылып, Өткүр болуп жарлыгы, Он алты миң балбанды, Кычырып алды жанына. Беш миңден бөлүп он миңди: — Бактыбай менен Муратка, Жазганбай торду сал, — деди, Жалдыратып көздөрүн, Азыр байлап ал, — деди, Алты миң балбан, кулак сал, Алты жүз тайган итим бар, Аны кошуп бирге ал, Иттерге атын талатып, Бекбачаны байлап сал! Он миң киши ат койуп, Бактыбай менен Муратка, Жабыла жетип барганы, Туш-тушунан ыргытып, Жалпы торду салганы, Өзүбек Мурат баатырды, Азы калып көбү өлүп, Аты менен тордоду, Ордунан козгоп Муратты, Алпарар заман болбоду. Беш миң киши жабылып, Бактыбайга барганы, Үч миңче өлүп түгөдү, Торун сала албады. Бары торун көтөрүп, Беш жүз балбан барганы, Баары өлүп түгөндү, Бири сала албады. Бодоң барып беттешип, Калгандар торун эптешип, Бактыбайга элүү тор, Амалсыздан оролду, Кыймыл этер амал жок, Эр Бактыйбай тордолду, Калдыктын кылган амалы, Бактыйбай менен Муратка, Капталдан кара шор болду. Ошончо бүлүк болсо да, Ишарат болбой булардан, Кыргыздын эли айран-таң. Алты жүз тайган ит менен, Алты миң балбан жабылып, Бекбачага жармашты. Алты жүз ит арсылдап,

Тоо кабышып каңкылдап, Кээ бир иттин көздөрү, Чакмак таштай жалтылдап, Бекбачага жабылды. Мындан мурда мындайды, Кабылан тууган Бекбача, Көзү менен көрбөгөн, Көрмөк түгүл укпаган. Тору атты иттер жарганда, Кармайбыз деп тор кармап, Алты миң балбан жардады. Тумшуктан атты алчудай, Жолун тосуп көп дөбөт, Куйругуна сүйрөлүп, Кырк элүүчө ит жүрөт. Үзөңгүгө асылып, Арсылдаган канчасы, Улуп-уңшуп ажылдап, Ыжылдаган мынчасы, Кудай бетин көрсөтпө, Алты жүз тайган ажылдап, Бир кишини камаса, Баатыр минген Майтору, Жылкыдан сыны бир башка, Анын ырысына жараша, Аркасын карап кылчаңдап, Жорголой басып ыкчамдап, Кыйгач тиктеп жаныбар, Кыйырдата тепкенде, Жүздөн ашык ит өлүп, Бир канчасы жарадар. Аркасынан келген ит, Качып калды бара албай. Туурасынан келгенин, Чарпып тартты Майтору, Алтымышча көп дөбөт, Көмөлөнүп торойду, Кара жаак булдурсун, Кармай алды Бекбача, Камчыны булгап ийгенде, Канча итке тийгенде, Оро-пара көп дөбөт, Айрыкчасы көк дөбөт, Тиши чыгып ырсайып, Тумшугу менен жер сайып, Мурдунан каны шорголоп, Жаныңда калбай жалгыз ит, Маңгыттардын тобуна, Качып кирди корголоп, Элкиндей басып Майтору, Кетип барат жорголоп. Манжулардан чоң Бодоң, Кирип келди коржоңдоп: — Мен беттеше калам, — деп, Калгандар торун салар, — деп, Бактыбайды амалдап, Бекбачаны алам, — деп, Качырып найза салганы, Жазганбаган Бекбача, Найзаны улай кармады. Тээктүү жерин найзанын, Манжу Бодоң колунда, Учунан кармап Бекбача, Күч келтире тартканы, Тээги чыкпай колунан, Тоодой болгон чоң Бодоң, Томолонуп жатканы, Аңгычакты торчулар, Далай торду таштады. Эр Бекбача төрөбүз, Үч жүзчөлүк темир тор, Эми ичинен көрөбүз. Бактыбай менен Муратты, Байлануу турган жеринде, Көзү көрдү Бекбача. Эр Медербек, Курмушу, Татыбек менен Турдана, Шерматкан, Матан, Таабалды. Торго алсак деп буларды, Маңгыттардын аскери, Жабыла жетип барганы. Турпандагы Турумбек, Манастагы Такырбаш: «Бекбача менен Бактыбай, Муратты булар байлады, Байлайбыз деп жабылды, Колго түшпөй калганды. Жекелешип эр келсе, Качкан болуп жөнөйлү, Өчүгүшүп эр сайып, Алдамына көнбөйлү. Ары качып далбактап, Бери качып салпактап, Биз да амал табалы, Бактыбай, Мурат, Бекбача, Биз куткарып алалы» Кеңеш кеби бүтүштү, Эрлер менен беттешпей, Эл аралап кетишти, Чоң Бодоң кылды амал, — деп, Беттешип турсак биз бирден, Торчулар байлап алар, — деп. Алты хандын элдери, Атка минген эрлери, Кыргыздын тогуз ханына, Жол тосоттой келгени, Калдык барбай калыптыр, Калганы такыр барыптыр - Манжулардын чоң Бодоң, Солондордун Жабике, Шибелердин Йобалы, Кара кытай Зоңтары, Моңгулардын Бетирке, Хандар жөнөп алганы. Хандардын арка жагынан, Манжулардын Каман алп, Солондордун Чынары, Кара кытай Кампалаң – Моңгулдардын Калдалаң, Балбан жөнөп алганы. Жеке чыгып сайышка, Жарабастан намыска, Жабылып булар өмүлдү. Баатыр менен балбанга, Кыргыздагы хандарга, Беттешкен болуп амалдап, Тор салып тордоп байларга, Булар мунтип баратыр, Эр Такырбаш Турумбек, Ажал жетсе өлдүк, деп, Азап болсо көрдүк, деп, Бекбача, Мурат, Бактыбай, Буларды издеп келе атыр. Сайда турган Калдык хан, Айласын билип булардын,

Экөөңдүн алың канча, деп, Алдынан тосуп баратыр. Кара көк тууган Бекбача, Көрө салды Калдыкты, Калдык эркин, ал тордо, Буга жаман ардыкты. — Айкөл Манас көкжалдын, Арбагы жардам бергин, — деп, Алмамбет, Чубак – эки шер, Баатыр Сыргак кеменгер, Олуйам жардам бергин, — деп, Өлбөй тирүү кетти деп, Элдер айтып жүрүшөт, Карыйа Бакай кеменгер, Арбактуу Семей атам кел, Адамдан артык балбаны, Азыркынын Сардары, Шер Гүлүстөн абам кел, Каныкей, Чүрөк – энем кел, Кыргыздын эли кыйналды, Кыйамында кайрат бер. Жыйырма бешке чыкканда, Ат көтөргүс дөө болгон, Амалсыздан жөө болгон, Эр Сейтек бабам кел, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңкыч Сарык наам алган, Кутулуп сенден ким калган, Кененим келгин чоң атам. Көк күмбөздүн сыйкырын, Көрүнө калган таш талкан, Сулаймат жолун тордоткон, Хан калчаны баш кылып, Жан жүрбөстүн кумунда, Жети дөөнү сойлоткон, Желмогуздун тукумун, Жеринен үзүп жоготкон, Жыйырма экиде жаш кеткен, Сейитим атам жардам бер! Бекбача зарлап турганда, Кудай ишин оңдосун, Мындай сонун болбосун. Карыйа Бакай карпаңдап: — Балам Чүрөк бол камын, Кош кылалык тирүүбүз, Айкөл Манас арбагын, Кыйналып калды кыргыздар, Бекбачанын айтканын, Арбактарга угузбай, Кыйамында сен баргын. Такырбаш боло калганың, Маңгыттардын Калдыкка, Бир амалды салгының, Бекбачаны саргартпай, Бат куткарып алгының. Айдай эне Айчүрөк, Арыбын айтып адамдын, Акылы жетпес, сөз жетпес, Асманда учса канаттуу, Сууда жүрсө балыктай, Ар өнөргө санаттуу. Балыктан бетер кылк эткен, Сымаптай болуп, жылт эткен, Айчүрөктөй амалдын, Түбүнө билип ким жеткен? Абасынан кеп угуп, Хан Калдыктын алдына, Такырбаш болуп кубулуп, Эркечтенип сур атты, Кирип келди суурулуп. Хан Калдыктын ар кескен, Ачуусу келсе нар кескен, Жыгачка чапса таш кескен, Көөдөнгө чапса баш кескен, Каарданып хан Калдык, «Такырбашты» кетирбей, Таарый чапсам экен, деп, Кармай алды сабынан, Тартып алды кабынан, Такыр баш болгон энебиз, Сымаптан бетер жылтылдап, Алдындагы сур атты, Жыландай сойлоп кылтылдап, Хан Калдыкка чаптырбай, Чабар айла таптырбай, Туман болуп көрүнүп, Тунарыктан сөгүлүп, Жарк дей түшүп ачылып, Бекбачанын торуна, Жеткендей болду асылып. «Такырбаш» чапса кылычын, Байлаган торду кесет, деп, Сейитимдин Бекбача, Бошонуп тордон кетет, деп Бекбача тордон кутулса, Ишибиз болот бекер, деп, Сегиз хан эли кырылбай, Тирүү кантип кетет, деп, Карасурду тепкилеп, «Такырбашты» куткарбай, Чабайын деп кескилеп, Каары катуу хан Калдык, Кылычты шилтеп ийгенде, Такыр баш болгон Айчүрөк, Четке чыга бергенде, Калдык чапкан ар кескен, Бекбача түшкөн көп тордун, Түйүнүнө тийгенде, Чириген бөздөй баарысын, Таарып өтүп кетти эле, Бекбачада тору жок, Майтору менен калды бош. Эр Бекбача төрөдөн, Манас деген үн чыгып, Ак калпак кыргыз алашка, Дал төбөдөн күн чыгып, Калдык чапкан кылычын, Кайра тартып алгынча, Тоодой болгон Калдыкты, Аңтара сайып өттү эле. Такыр баш кетип аңгыча, Бактыбайга Турумбек, Эми жеткен кезинде, Манжулардын чоң Бодоң, Аңтара сайып жөнөдү. Арам кыйал кара ниет, Байлоодогу Бактыбай, Башын кесип алам, деп, Чаначтай көөп дардаңдап, Таноосу батпай барбаңдап, Манжу Бодоң баратат, Мен кесейин башын, деп, Жедигердин Кара көз, Бир жагынан келе атат. Эликтей кылып тор атты,