“Сунуп барган мойунду, Сунган кылыч кеспейт” — деп, Айтса-айтпаса ырас кеп. Кыргызга барсак батабыз, Жети сууга барганда, Хандык өкүм колдо жок, Тирүү калыш ойдо жок, Барган менен пайда жок, Кыргызга барсак жан калат, Мындан башка айла жок. Хан болдуң бизге, Каракөз, Бир кишиге агарбас, Кара мүртөз кишисиң, Сенден чыгат жана сөз. Каныбыз суудай төгүлөт, Ырайымсыз ушул кез, Таң аткалы аз калды, Кандай кылсаң болгун тез, Ээн жерде кылалы, Эми болсо кеп-кеңеш. Жанадил айтты далай кеп, Качып төртөө жөнөдү, Таң агарат эми деп. Кошуундан чыгып компойуп, Чүкө ичинде томпойдой, Элге батпай кортойуп, Жети сууга барам деп, Кетип барат Каракөз, Аркамдан куугун жетет деп, Санаасы сан, кыйал миң, Нетип барат Каракөз, Өлбөй тирүү бар туруп, Кайран жандан түңүлүп, Кечип барат Каракөз. Каракөз жок дегенде, Үксөңдөгөн чоң Калдык, Манжулардын Бодоңго: — Кулагың угуп жатасың, Каракөз качып жоголду, Кетсе-кетсин деп койсок, Анда жакшы болобу? Чогулушкан сегиз хан, Ишибиз биздин оңобу? Качып кеткен Каракөз, Каракалпак түркмөндөн, Калың аскер жыйбайбы, Бекбачага жагынып, Бизге колун сунбайбы, Капшытыңдан бөлүнтүп, Кылгылыкты кылбайбы, Каракөздү кетти, деп, Карап Бодоң турбайлы. Ат изи менен жолго сал, Жеткен жерден арамдын, Колун байлап атка таң, Бүгүн түнгө калтырбай, Алып мында келе кал. Ок өтпөскө жасаткан, Калкан, туулга, чарайна, Калтырбастан баарын ал. Мен өлүмдүү киши, деп, Бузулган менин ишим, деп, Сага кастык кылбасын, Атып салып тынбасын, Беттешип алы келалбайт, Мындай шумдук кылбасын. Бура тартып чоң Бодоң, Жүрүп кетти чуу койуп, Айал кылып турбастан, Атырылтып дуу койуп. Чоң Бодоңдун тулпары, Куйун минип кууса да, Кууган душман жетпеген, Куйун минип качса да, Кутулуп душман кетпеген, Бөлөкчө сонун мал экен, Буудандыгы таанымал, Өтө башка жан экен, Ат изине салыптыр, Түндө кеткен качкынга, Түштө жете барыптыр. Аркасын карап кылчактап, Келе жаткан Каракөз, Жоор аттай кыйшактап, Чоң Бодоңду көргөнү, Көңүлүн башка бөлгөнү, Аттын башын тартканы, Жанындакы авазир- Жолдошуна айтканы: — Чоң Бодоң келет мен көрдүм, Бизди алып кайткалы, Колго түшүп өлгөнчө, Аңдып туруп аталы, Башын кесип байланып, Бекбачага кайталы. Бодуңдун башын байлансак, Бул ырайдан биз жансак, Бекбача бизди таштабас, Жанадил анда кеп айтат: — Барган менен биздерге, Бекбачадан айла жок, Тие турган пайда жок. Андан көрө Бодоңдун, Жолунан тосо чыгалы, Тобо-томук кылалы, Коркуп качып кете албай, Кылчаңдап жүрдүк эле деп, Ушу кепти кылалы. Ар канча болсо хан Калдык, Каракөз, сени кыйабы? Тосуп туруп атарбыз, Өлсө таштап качарбыз, Кайда барып батарбыз? Өлбөй калса Манжудан, Жанды кантип катарбыз? Жайыл Манжу Бодоңду, Жаман угам кабарын, Бекбача менен беттешип, Көргөздү бизге абалын. Кыймыл эткен кишиге, Кылган ишиң бул болсо, Көрүңө кантип батасың? Оодарылып дем албай, Тынч алып кандай жатасың? Каракөз ага болбоду, Болбой мойнун толгоду, Тосуп туруп аткын деп, Авазирин зордоду, Кеби өтпөй Жанадил Каракөзгө жол койду. Тана мылтык октоду, Келе жаткан Бодоңдун, Жолун тосуп торгоду. Ата турган мылтыктын, Шыйрагын жерге мадады, Жыдыманды житирип, Кароолун абдан карады. Кең көкүрөк Бодоңду, Как жүрөктүн тушу, деп, Өлөөр жери ушу деп, Кашайа тиктеп ирмебей, Машаны басып жиберди. Тарс дегенде тап этти. Түтүндөн мурун ок жетти, Сооттон өтүп кеталбай, Кой башындай коргошун, Кайра жерге чалп этти, Салмактуу тийген коргошун, Зардабынан чоң Бодоң, Чалкасынан кеткени, Башын кесип алам деп, Канжыгама байланып, Бекбачага барам деп, Каракөздүн жеткени. Жыгылып кетип чоң манжу, Тура калып ордунан, Кан куйулган жери жок, Карап көрсө бойунан, Чоң Бодоңдун турганын, Көрө салып Каракөз, Колуна түшсөм өлөм деп, Көргүлүктү көрөм деп, Минген атын Бодоңдун, Айдай качып жөнөдү. Турпандагы Турумбек, Манжулардын чоң Бодоң, Токтотпостон кетти деп, Не жумуш бар буларда, Иш айагын билем деп, Бу да жөнөп алыптыр, Бодоңду атып Каракөз, Атын ала качканда, Турумбек келип калыптыр, Токтогун деп акырып, Каракөздү чакырып, Турумбектин тулпары, Кош кулагын жапырып, Турумбекти көргөндө, Далдаңдаган Каракөз, Минген аттан шашылып, Чөгө түшүп олтуруп: — Ой Турумбек, Турумбек, Менин кебим уккун — деп, Жигимди бөлүп бул элден, Кыргызды издеп чыктым — деп, Тосуп туруп жолунан, Чоң Бодоңду аттырдым, Өлбөсө да Бодоңду, Өлгөндөй жаман шаштырдым. Өлтүрө алсам Бодоңду, Башын кесип байланып, Арбагын эстеп Манастын, Бекбачага бармакмын, Жамандыгым жашыр, деп, Жакшылыгым ашыр, деп. Кесейин десең баш мына, Төгөйүн десең кан мына, Алайын десең жан мына. Жашырбай чынын айтканда, Бар Алаштын боору бир, Бар кыргыздын жаны бир. Жайыттагы малы бир, Ак калпак кыргыз алаштын, Көөнү менден болду кир, Эми мындан калганын, Эр Турумбек өзүң бил. Анда айтат Турумбек: — Сен айтканың Каракөз, Баштан айак куру кеп. Мен билгеним Каракөз, Тиги турган Бодоңдун, Канына кылыч майлаймын, Сен үчөөңдү Каракөз, Сарпочтоп атка айдаймын, Бекбачага беремин, Каракөк өзү билбесе, Калган ишти билбеймин! Булар минтип жатканда, Чоң Бодоңдун тулпары, Чылбырын тиштеп тартканы. Сууруп алып чылбырын, Бодоңду карай качканы. Каракөз калды шалдайып, Турумбек калды далдайып. Чоң Бодоңдун тулпары, Өзүнө жетти түз качып. Калдайган Манжу камынып, Атка минди жармашып, Турумбек жетти аңгыча, Ажыдардай арбашып, Манжулардын чоң Бодоң: — Кой, Турумбек сен болсоң, Каракөз качып изин кууп, Келген киши мен болсом. Майданга чыгып беттешкин, Баатыр болсоң эр болсоң! — Мен Турумбек сен Бодоң, Каракөз колго түшүрүп, Көөнүмдө ишин бүтүрүп, Кетейин деп турганда, Кайдан келдиң сен Бодоң? Каракөз сага керекпи? Сага өтүнүп беремби? Мыкты болсоң Манжу кул, Баатырлык менен алгының, Кыргызды кыргыз алды деп, Калдыкка айтып баргының! Үксөңдөгөн чоң Бодоң, Үйрө кармап камчыны, Турумбектей баатырды, Айландырып салганы, Кап бетинде жаак тери, Салаңдап түшө калганы. Киши камчы чаппаган, Сен жаман деп айтпаган, Турумбек буга арданды, Кара жаак булдурсун, Карсылдатып салганы, Манжу Бодоң дегендин, Жаагынан кан жайганы. Камчылашып салышып, Кызыгышкан кезекте, Кезкерип найза алышып, Найзалашып сайышып, Андан айла кеткенде, Балталашып чабышып,
Бар кайратын иштетип, Балтанын сыртын жарышып, Кылычты кындан суурушуп, Кыйкырышып урушуп, Эрме чөл, ээн талаада, Эпсиз булар жулушуп, Эрегишип алганда, Эстен чыкты Каракөз, Каракөздүн санаасы, Капкайда кетет ар бөлөк, Авазирлер жанында, Аларга айтат кеңеш кеп: — Бодоң менен Турумбек, Кимисине жар болуп, Киришели төртөөбүз? Же болбосо турбастан, Жолго түшүп жөнөйлү, Экинин бирин кылбасак, Элден мурун өлөбүз, “Жол башы айры болгондо, Ит башы каңгы болот” — деп, Илгеркилер айткан кеп, Токтоно албай Каракөз, Качып жолго салыптыр. Турумбектин кеткенин, Байкап калган Жабыке, Солондон жалгыз бөлүнүп, Жетип келди жеп жеке. Турумбек, Бодоң бет келип, Салгылашып жатканын, Тынч жаткан элге чуу салып, Каракөздүн качканын, Көзү көргөн Жабыке: “Бири өлүп бири калсын, Турумбек Бодоң бул экөө, Мыкты болсоң Каракөз Жалгыз качпай ала кет, Айдап кетем төртөөңдү, Менин алым саа келет”. Дегенди ойго алганы, Каракөз турат ал жалгыз, Үч авазир Каракөз, Жабыкеге жабылды, Солондордун Жабыке, Кирген нардай чамынды. Жабыке найза мылгытып, Жедигерден үчөөнү, Көгүчкөндөй ыргытып, Каракөз менен кагышып, Качырышып сайышып, Калбалашып жатканда, Бодоң менен Турумбек, Салгылашып жатканда, Дабырап аттын табышы, Жакын жерден угулуп, Ким экенин билем деп, Каракөз карап бурулуп, Маңгыттардын хан Калдык, Чалдыкты көзгө урунуп, Каракөздүн жүрөгү Кете жазды суурулуп. Маңгыттардын хан Калдык, Каракөзгө каарданып, Акырайа бир тиктеп, Турумбекке бет алып, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Карасурду камчылап, Качырып кирип барганда, Акырыгы таш жарып, Бактыбай жетти аңгыча, Бактыбай, Калдык бет келди, Баштан-айак жомок ыр, Байыркынын кептери. Эштектердин Турумбек, Каракыргыз Бактыбай, Манжулардын чоң Бодоң, Маңгыттардын хан Калдык, Жедигердин Каракөз- Алты баатыр айгайлап, Айкын түстө салышып, Айанбастан чабышып, Жеткени найза батырып, Топону көккө сапырып, Топурак учуп боз болуп, Тоо токтобой козголуп, Таш быркырап түз болуп, Баш аламан барсылдак, Алай-дүлөй карсылдак, Мылтыктын үнү тарсылдап, Боз мунарык кызыл чок, Боздоп учат аткан ок. Найзанын учу такылдап, Балтанын сырты чакылдап, Кылычтын мизи айрылып, Туулганын сырты жарылып, Бүчүлүктөр үзүлүп, Бурумунан ажырап, Сооттун көбү бузулуп, Чыдай албай чынжырлар, Чыгып кетти үзүлүп, Чарайна, калкан сүзүлүп, Чакчалекей-будуң-чаң, Аңтарылып кетчүдөй, Араң турат бу заман. Кыргыз менен беттешип, Киши чыкпай жекеге, Күн бешимге жеткенде, Хан Калдыктын артынан, Жүрүп кетти Бетирке. Ооган, испан-эки урук, Калып калды бөлүнүп, Алты хандын аскери, Баары жүрөт өмүлүп, Кудай бетин нары кыл, Ким экени билинбей, Топого баары көмүлүп, Сегиз хандын аскери, Селдей болгон көп эли, Чыккан жердин чөбүндөй, Жер жайнатып келгени. Бетирке келип караса, Хан Каракөз, Жабыке, Зор Бактыбай, хан Калдык, Бодоң менен Турумбек, Былчылдашып жатыптыр. Эби келди эми деп, Кыйамы келди кези деп, — Кабат-кабат тор таштап, Бактыбай менен Турумбек, Каракөздү карма! — деп, Буйрук берди Бетирке, Алтымыш киши тор таштап,