← Асылбача-Бекбача 5/5

Чиндил деген жер келди. Эңиш тарткан бел келди, Ошол жерге келгенде, Конушбайдан Бекбача: — Канчалык калдык жериңе, Лопнурдакы элиңе? Дегенди сурай калды эле, Конушбай айтат ошондо: — Тээ алыстан көрүнгөн, Жайылып жаткан жалтырак, Лопнурдун көлү эмеспи, Ушул турган белибиз, Алдайгырга ашуучу, Чиндилдин бели эмеспи? Эңиш тартып киргенде, Кайра качар жери жок, Бир өзөндүн ичи бул. Бура карап Бекбача: — Бер кел, — деди Матанды, Кеңешкор кылып, жаныңа ал Конушбайдай агаңды. Бирин койбой кетиргин, Таңгыттан келген адамды, Таңгыт менен жакын жүр, Мындай кылып амалды. Таңгыттар эми келалбайт, Келип колун сала албайт, Миң уулу менен миң кызы, Кайта элине барганда, Көңүлүндө кир калбайт. Бекбачанын кеби деп, Бизге акыл эми деп, Келгендердин ат-тонун, Өзүнө берип бүт баарын: — Кереги жок кишинин, Кыргыздын алдым өз малын, Мында турбай телмирип, Үй-үйүңө кет барың. Таңгыттын элин кетирип, Малды айдап жеткирип, Ак калпак кыргыз элинин, Ат жетер жерин калтырбай, Аксакалын келтирип, Алып келген малдарды, Мурунку кеткен малынын, Азы-көбүн эске алып, Таратып элге бердирип, Аш-тамагын жегени, Бүлдүргөчө бир нерсе, Олжо буйла дебеди, Жүрүп кетти Бекбача, Эл аралап желдирип, Котен жеркен-буларды. Баарын көрүп алардын, Абыдан көрүп аралап, Азык менен аралды, Кашкар менен жол жүрүп, Ак калпак кыргыз эл көрүп, Чеч төбө келип бел ашып, Бактыбай менен көрүшүп, Эсен-соосун билишип, Таласка кетти Бекбача, Карсылдашып күлүшүп. Муну мындай таштайлы, Тогуз хандын кыргызга, Чабуулунан баштайлы.