Кабагы бийик өңү саз, Адамдан артык түрү бар, Кандай адам катышат? Мингени тору макмал жүн, Төрт айактуу жылкыдан, Тору атта турат башка түр. Кекчил тумшук кең таңдай, Буура көкүл орокбаш. Кек маңдайлуу кебез жал, Аркар шыйрак нар туйак, Жылкыдан чыккан жез билек, Алты ай чапса арыбас, Алтымыш асый болсо да, Азуусун сөйкөп карыбас, Жети ай минсе талыбас, Жетимиш асый болсо да, Жээгин сөйкөп карыбас, Жеткилең күлүк мал турат, Жылкыдан мындай табылбас. Теке көөдөн тайган төш, Кулжа мойун жалын көз, Көмкөрүп койгон чарадай, Жарашыктуу төрт туйак, Чаткайагы колоттой, Жер согору болоттой, Кашка тиши кадоодой, Кызыл тили бүлөөдөй, Жылкыдан чыккан түр сайак, Күлүктүк сыры боорунда, Калбыр өпкө кур жүрөк, Канаты бар сыртында, Адамдан чыккан Бекбача, Жылкыдан чыккан Тору атча, Ат менен ээси келишкен, Мен көрбөдүм бул чакка. Айткан кепти укканда, Кеп айагы чыкканда, Калганга лама карабай, Көптөн кеңеш сурабай: — Кокүн эрди өлдү деп, Эдепти кыргыз берди деп, Качып келет тургандар, Билип кел деп жиберсем, Мактап келет уйалбай! Кыргыздын малы кимиңде, Бар болсо алып келгин, — деп, Кыдырып жүрөм мен кимге? Турбастан элим камдангын, Качып келген аскерди, Мактап келген элчини. Эл алдында айдагын. Бузулуп келген баарысы, Айткан кебин карагын! Жакшылап кызмат кылбаса, Бекбачанын алдында, Кылычты канга майлагын! Деп бакырып ламасы, Күнөөлүү кылып аларды, Калтырбай элди айдады, Ордодо жаткан багылып, Алтымыш балбан бар дагы, Баштап жүргүн аларды, Ламасы бар сардары. Бирге болуп ламасы, Колдоочу кудай бир жүрүп, Таңгыттын жок арманы. Качып келген аскерди, Айтып келген немени, Алдына салып айдады. Кайрат кылып Таңгыттар, Алдынан тосо барышка, Жалгыз деди Бекбача, Жылдырбай карап алышка. Ал келсе Көкжалды, Казган орго салышка, Ниетинде Ламасы: “Мен барганда Бекбача, Бир эсинен танат, — деп, Эсинен танып эндиреп, Жалдырап тиктеп калат, — деп, Карап турат жалдырап. Сүйлөй албай балдырап. Күч кубаттан ажырап. Мууну кетет шалдырап, Амалсыздан Бекбача, Эми бизге алдырат”, Өзүнчө акыл кеп ойлоп, Кетип барат калдырап. Үпчүңдөп үстүн жаптырган, Арабасын карасаң. Жөө кишиге тарттырган, Экинчи Лама болгондор, Элдин алып мал-пулун, Шок дүйнөгө тойгондор, Шодоңдошуп жөө басып, Чапан менен теспеси, Жер чийип барат чубашып. Колунда теспе жүздөнбү, Мойнундагы миң окшойт, Мунун санын ким билди? Тайпандын чети талаада. Бекбачага кез келди. Бекбачаны көргөндө, Байрагын сайып мадатты, Сапка элин санатты. Бастырбай барын токтотту, Аскерин сап-сап топтотту. Сайган байрак, сап аскер, Буларды көрүп Бекбача, Майторуну кындыйтып, Сыр найзаны шыңкыйтып, Аларга назар салганы, Аңгычакты болбоду, Матан менен Конушбай, Жыйырмасы келип калганы. Карап туруп Бекбача: — Матан менен Конушбай, Келген жумуш не? — деди. Камындырбай Матандын, Баатырга берген кептери: — Барып жаттым черченде, Басылбай жүрөк желдеди, Жатсам уйку келбеди, Отуз киши ээрчитип. Бастырганмын черчен ден, Мен силерди көргөнү. Аладырдын жеринде, Алдайгырдын белинде, Отуз миң ээрчен ат айдап. Конушбай мага кез келди. Качкан элдин артынан, Кетти деп уктум кабарды, Бир тобуна жигиттин, Айдатып ийдим аттарды, Амандыгын билсем деп,
Аркаңыздан жөнөдүм, Конушбай жолду баштады, Аман көрдүм мен сени. Мындан артык бак барбы? Айдалып жүргөн Таңгытка, Тайынсыз өлө тас калдым, Уруксат сурап турамын, Жекеге чыгар жол барбы? Өзүң карап турганда. Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Мындан кийин Таңгыттар, Катылышпай тим жүрсүн, Көрсөтөйүн өнөрүн, Көпкөндөрүн Таңгыттын, Көмө чаап жөнөйүн. Каплет уктап жатканда, Кармады Таңгыт элдери, Кийер тонум минер ат. Каруу жарак-жок болуп, Амалсыз болуп жүргөмүн. Айдалып келе жатканда, Жалынсыз отко күйгөмүн, Ак калпак кыргыз аркасы, Алтымыш уруу Алаштын, Ала-Тоодой калкасы, Хан Мамайдан тараган, Кырк жүздөн калган барчасы, Үмүт кылат өзүңдөн, Ошолордун канчасы, Өзүңүз карап турганда, Кайратым толук көөнүм ток, Карсылдашып алайын, Таталаган Таңгытты, Астын-үстүн салайын, Уруксат бер жолборсум, Мен алдында барайын, Хан Матан турду кеп уруп, Кайраты толук деп уруп, Барсаң баргын, Матан, деп, Бекбача турду жол койуп, Таңгыттан бирөө бөлүндү, Орто жерге ат койуп, Ламасынан бата алып. Чыккан балбан аттанып, Кудай карап турганда, Койбоймун деп шаттанып, Буркун, буркун, буркун, деп, Мен келдим, кыргыз, курдуң, деп, Айгай салып арсылдап, Кутурган иттей карсылдап, Күн чагылтып кылычы, Көз уйалтып жалтылдап, Бир жак жеңи желбегей, Тизесинде салпылдап, Этектери далпылдап, Он сегиз миң ааламды. Койбоочудай лакылдап, Такасы жок миңгени, Баса албай ташка тарпылдап, Жакын кирип келгенде, Баатыр Матан жөнөдү, Матан минген сары кер, Алоолонуп алкылдап, Каскаксыз найза карманган, Күн чагылып жаркылдап, Манастап Матан бакырып, Баатырдын атын чакырып, Беттеп кирди катырып, Жеткен жерде Таңгыттын, Кагып ийип найзасын, Көмө сайды эр Матан, Минтип шорун катарып, Баатыр Матан бакырып: — Келээр болсоң келгин, — деп, Келе албасаң Таңгыттар, Таазим кылып кол куушур, Бекбача сындуу эрге! — деп, Түн катып малды уурдаган, Жүз болобу сенде? — деп. Матандан угуп жаман кеп, Жана бирөө жөнөдү, Мен жекеге барам, деп. Кереги тиет кырк балбан, Ачууланып Ламасы, Айдап келген кырам деп, Атынан айтып жумшады, Бир четинен баргын деп. Бирден бирден барыптыр, Матан мыкты эр экен, Бир сайгандан чыгарбай, Он бирди сайып алыптыр, Эң алдынкы бир менен, Он эки болуп калыптыр, Күн кечкирип аңгыча, Жай-жайына жаныптыр, Эл уктаган мезгилде, Не да болсо Лахаса - Борборума барам, деп, Лама кетип калыптыр, Качып жолго салыптыр, Кеп баштады хан Матан: — Эр Бекбача мен айтам, Борбору бар булардын, Кызыл мистен салган там. Барып алса тамына, Кирип алса шаарына, Өлгөнүнө карабайт, Суудай аккан канына, Жата берет Ламасы, Кырылып баары түгөнүп, Жалгыз башы калганча, Эл кырылып кеткенче, Болжолдуу жерге жеткенче, Бүгүн түнү Ламасы, Шаарга качат мен билсем. Биз артынан жеткенче, Убаралуу иш болот, Мага уруксат бериңиз, Аттанайын эртелеп, Алдын тосуп турайын, Качып калса энтелеп, Жиберейин шаарына, Жеткирбейин тагына, Эртең менен жок болсо, Сиз түшөөрсүз артына. Бекбача анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Алдын тосо мен барсам, Аркасында сен калсаң, Айласын мунун түгөтүп, Анан убадасын албасак, Анда Матан мындай дейт: — Аркасында мен калсам, Астынан сени көргөндө, Ээ кылбастан эл мага, Индистанды чет алып, Кешмир жакты бет алып, Качып кирет тостурбай. Индистан барса киши алдайт, Пара берип эр жалдайт, Каптап келсе Индистан, Кумурскадай арбын журт, Узакка кетет бул жумуш. Аркадан сени көргөндө, Тостурбай өтсө шаарына, Кайра тартар жери жок, Тар капчыгай дарыйа. Дарыйадан кечкенде. Жолборсум барса алдына, Жолун билет Конушбай, Жолдош кылып жаныңа. — Матан, кебиң чын, — деди, Эмесе бастыр, тур – деди. Бекбачадан кеп угуп, Барсаң баргын деп угуп, Жолдош алып он киши, Жөнөп кетти бургутуп, Жоргосун жолго чулгутуп. Зантан кыйма дегенде, Лама кирип келгенде, Кыргыздын кыраан Матаны, Алдынан чыкты жол тосо, Бир күнү Матан эр сайып. Он эки балбан бир сайып, Таанылып калган Таңгытка, Таңгыттан мен деп чыкпады, Матанга беттеп барууга, Он беш балбан бирге бар, Ламасынын жанында. Камалып туруп кыйналды, Кайра тартып түз жүрүп, Кешмирге кетип калгалы. Экинчи Лама кеңешти, Минтип айта салганы, Лама анда кеп айтат: — Биз Тайпанга барганча, Таң атып кетет, — деп айтат. Бекбача келбей калыптыр, Өткөрөбү биздерди? Кешмирге жетип болгончо, Тоонун бойу бүт кыргыз, Чекесинен кеп угуп, Лама качты деп угуп, Калбай келет чогулуп, Жер жарылган чуу болуп, Кан төгүлөт суу болуп, Жаман атты болобуз, Калың элге дуу болуп. Саатыбыз тийип Кешмирге, Сүткө тийген күчүктөй, Тик багалбай калбайлы, Арылбаган чуу болуп. Таң агарып атканда, Бир Матанга тостурбай, Тепсетип өтүп кетели, Аламандап чуу койуп. Айтканын кабыл алыптыр, Таңды карап калыптыр, Таң атканда Бекбача, Аркадан жолго салыптыр. Таң агарып атканда, Он беш балбан ороктоп, Найзалары короктоп, Башаламан ат койду, Мойундары кодоктоп. Он кишисин Матандын, Ондото кармап алыптыр, Он жолдоштон айрылып, Ачууланып хан Матан, Сарыкерди чууратып, Аркадан чаңын чубалтып, Аралап Матан өткөндө, Бешөөнү сайды сулатып. Аңгычакты болбоду, Кара саат Ламасы, Камчыны булгап койгону. Кара курттай көп аскер, Каптап кетти сабалап, Жалгыз башы Матандын, Көпчүлүктү аралап, Сарыкер аты шаңданып, Чанданын сайын чаңдантып, Дөбөдөй нечен Таңгытты, Жол бойуна дардайтып, Этек-жеңин жайылтып, Аттан чыгып далдайтып, Тоңкочуктап канчасы, Мурундарын барбайтып, Жыгылып-кооп жаткан бар, Колу-бутун арбайтып. Кокуйлатып канчасын, Томолотуп анчасын, Куткарып бирөөн кетирбей, Топтоп турган барчасын, Тумтак күнүн түгөтүп. Кетиргенде айласын, Матан жалгыз таңгыт көп, Кара бойу дал болуп, Найза сайар ал калбай, Эки колу шал болуп, Эми айласын таба албай, Эси ооп шай болуп, Эндиреп турган кезинде, Матанды байлап алганы, Таңгыттардын бир тобу, Бара жаткан мезгилде, Бекбача чыгып таңданып, Карап турган кезенде, Көрүп туруп абалды, Байлатып ийсем бекер деп, Арабыз артуу топ белес, Мен жеткенче Матанды, Башын кесип кетер,деп, Алдында көргөн адырдын, Барар жолун белгилеп, Жагалмайдай тору атты, Көз тайгылта сыздырып, Алты белес беш кокту, Арада калып канча жер, Бекбача жетти сурданып. Матанды байлап алыптыр, Атына мыктап таңыптыр, Ламасына соога деп, Алып жөнөп калыптыр. Көмүскөдөн Бекбача, Көкжалың жете барыптыр, Жолборстун көрүп түрпөтүн, Көпчүлүк эстен таныптыр, Жеткен жерде Таңгыттан,