← Асылбача-Бекбача 3/4

Бекбачаны хан Калдык, Аңтара сайыш ойунда, Айбаттанып хан Калдык, Кара сурга камчы уруп, Доолбасты карс уруп, Маңгыттап ураан чакырып, Жер жарылта бакырып, Найзанын урду качырып. Бекбача найза сайдырбай, Алдыртан өөдө какты эле, Балта тийген бул найза. Асманды карай атты эле. Тайны калбай найзасы, Талкаланып жатты эле, Ашыккандан ашыгып, Айабай чындап шашылып. Кылычын сууруп хан Калдык. Жана кирди качырып. Кылычтын бети жалтылдап, От көрүнүп жаркылдап, Кылычты шилтеп ийгенде, Машы чыккан Кара көк, Сырты менен балтанын, Жалпагына кылычты, Жандата кагып ийди эле, Кылычка балта шак этип, Беш бөлүк болуп кылычы, Талкаланды шаңк этип, Маңгыттардын хан Калдык, Найзасы жок колу кур. Кылычы жок кыны кур. Кызыталак Маңгыттын, Арданганын карап тур. Калдыктын аты Кара сур, Атынан айрып алгысыз, Өз өңү да кара сур. Муруту тал-тал бириндеп, Ачуудан бойу дырылдап, Көзү чуңкур ороодой, Топо толуп ылайлап. Айдар кара чачы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Жылкычынын отоосу, Жолум үйдөй башы бар, Эки бети болтогой, Эки даңгыт тойгондай, Мойну жоон букуйуп, Далысы дүмдүк дукуйуп, Төө кенедей кулагы, Белгиси турат мулуйуп, Шишик баскан немедей, Булчуңдары дулуйуп, Бели кыска тууралжын, Уйуткандай тулуйуп. Барча кара дөбөдөй, Турат калдык думуйуп, Мойну жыкыр ченебей, Топ -томолок чулуйуп, Найза, кылыч колдо жок, Найза, кылыч бергин деп, Аскерин карап турган жок, Жолум үйдөй чойун баш, Күүлөп-күүлөп имерди, Бекбачаны качырып, Чокморду койуп жиберди, Бекбача карап турабы. Чокмор келип тийгенче, Каржиликтин булчуңга, Найза менен муштады, Оң колунун булчуң эт, Бөлө сайып таштады. Чабалбай колдон ал кетти, Чокмор түшүп кеткени, Кайра кирсе качырып, Чын эле ажал жеткени. — Ой, Бекбача, Бекбача, Кеп айтамын мен сага. Карым какшап кан акты, Жанымда жарак жок калды. Уруксат бер жан айым, Мен аскерге барайын, Сайар найза, тартар жаа, Чойун баш чабар ай балта, Кылычым калган кынымда, Отуз киши аларды, Жеткире албайт чынында. Дүбүрөтүп аларды, Аа-аалатып жүргүчө, Кылычты кындап байланып, Сайарыма найза алып, Чойун баш кысып такымга, Ай балта байлап белиме, Армансыз болуп келейин, Ажалым жетсе өлөйүн, Азабым болсо көрөйүн, Ачуулансам Бекбача, Көмө чаап жөнөйүн, Асыл менен канчалык, Карачашкамын кармашып, Эрегишип көргөмүн, Үзөнгү тийип жандашып, Чама жетип, чарк келбей, Биз жүргөнбүз карчашып. Бекбача, сени канча деп, Мен жүргөмүн башында. Белдүүнүн бири экенсиң, Бет келишип байкадым, Эки күндүк урушта. Канды суудай чайкадың, Теңдешээр киши экенсиң. Эми сага кекендим, Жооп берсең кетемин. Эртең эрте келемин. Армансыз болуп камынгын, Айтпай койду дебегин, Анда айтат Бекбача: — Жооп берсем мен сага, Кутулам деп дүмүңдөп, Калбагының балаага. Барсаң барып кайтып кел, Кебиң болсо керээзиң, Эл-журтуңа айтып кел. Калдык жөнөй бергенде, Кайра тартып Бекбача, Калган элге келди эле. Агачалык кыргыздар, Аттуусу атчан жөөсү жөө, Мурункудай салтына, Кекилик болбой келди эле. Булут болгун Кызылкыз, Башы төмөн караган, Дем ала албай кысылып, Кыйналгандан чыдабай, Кара тер бойдон сызылып, Сыйкырлаган кыргызды.

Кекилик болбой кутулуп, Бекбачанын алдына, Баары келди чубуруп, Каадасынча Бекбача, Салам айтып карыга, Андан калган баарыга: — Бириң калбай кайтып кет, Жалпайган үй, жайган мал, Ээлик болгун оокатка. Алым келет душманга, Өзүнчө келип катышты, Саламын башын душманга. Кары-жашың- баарыңар, Жай жаткыла кам кылбай, Эркек-айал-баарыңар, Айткан кепти угуңар. Качып калса душмандын, Артынан кетет уулуңар, Бириңе бириң чоң чыкпай. Ынтымактуу туруңар. Башкарып турат силерди, Ордонун ханы Орунбай. Пейилиңди салып кулак сал, Сага айтаар кебим бар, Баш болдум деп барбайып, Чаначтай көөп чандайып, Кардыңды сылап чардайып, Калбагының дардайып, Эрте туруп, кеч жатып, Акыл ойлоп, эс тапкын, Кара жаның жыргатпай, Калың элди тең баккын. “Туура бийде тууган жок, Туугандуу бийде ыйман жок” Бул макалды сага айттым, Эртең эле келгенде, Эсебин алчу мен бармын. Чоң атамдын барында, Асыл агам жанында, Кызмат кылдың аларга, Нуска алгандыр андан деп, Журт тапшырдым мен сага. Эл жыргаса жыргасын, Эмгегин тарткан элимдин, Жыргалын көрсүн кара журт, Эл башкарган эринин, Ой, Орунбай ойлоп көр, Эсири болсо кебимдин, Аксакалдуу карың ук, Айал-эркек – баарың ук, Абайлап уккун айалдар. Кылыктуу болгун боз балдар, Баш кишиңер Орунбай, Мойнуңду бурсаң кеп укпай, Келгенде угам кылганын, Мен кежирдин биримин, Бириңе тийип кетпесин, Бириңдин кылган кесирин, Алын сурап тургула, Жетим менен жесирдин, “Карынын кебин бурчултпай, Капка салып сактагын. Өлүп калса өлүгүн, Апта койбой сактасын”. Жаштарга айтам көбүнчө, Олуйа Кошой макалын, Кылайтып көөнүн оорутпай, Карыларды сактагын, Бир көргөндө билинет, Жакшы жаман бакканын. Жубан-келин турасың, Каргышын алып кемпирдин, Карыганда кысас тартпагын. Агала сакал чалыңар, Ак саамайлуу баарыңар, Уул менен келиндин. Кылганына киришип, Кыйгачынан тиктенип, Кыйык сөз угуш не пайда. Жаман карып калды, деп, Айылдагы эл айтат, Какчаңдады деп айтат. Карыганда момун бул, Калгандарга сонун бул, Акыл уксаң кеп ошол. Ушакчы болбо, ургаачы, Ууру болбо эркегиң, Жон сомоос уңгусу, Ушул айтаар бар кебим. Жазды-күздү – эки убак. Арбагың тайы Айкөлдүн, Унутуп калып жүрбөгүн. Эгин эгип, малын бак, Күчүң менен оокат тап. Кар болбостон жаның бак, Жети төр, кең кол Таласта, Сыйынып баатыр Манаска, Эби менен жан сактап. Көк бөрү тартып кунан чап. Эртеден кечке дардактап, Кошомат кылып бирөөгө. Жандай чаап салбактап, Убара болбос жакшы эмес, Карды ачканды каңгырап, Эгин издеп тамтаңдап. Бай-кедейиң аралаш, Бирге жүргүн чамалаш, Кем-керчиңе көз салып, Бириңе бириң каралаш. Жок жеринен чатак таап, Чуу салбагын айылга, Арадай жерге чарадай. Жыйын курба талаада, Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, Жакын болбо жалаага. Көзү жок деп күбүрөп, Кеп кылбагын жок жерде. Жамандык жатпайт жашынып, Угулуп калат бир демде, Кишиден чыгып калаарда, Ачык ооз болот ар пенде, Ушул менин айтаарым, Уксаң, кыргыз, силерге. Айтып болуп Бекбача, Тайарланды жүрүүгө, Талыкпас деген бар эле. Тили таттуу бул элде, Кеп тапкычы ал эле: — Айкөл шердин тукуму, Ак болоттун укулу, Кайрылып келбей койчудай. Канча сөз айттың байатан, Ак калпак кыргыз биз эмес. Алтымыш уруу Алашка, Арстанды Алла жараткан.

Укумуна тукуму. Элин багып келе аткан, Кулак менен укканбыз, Эр Кененим кеп айткан: “Качып калса душманды, Кубалаба” деп айткан. Бир белгиси болбосо, Билгичтер мурун неге айткан? Ата мурас сиздерге. Илгертен бери эл баккан, Эби болсо айткан кеп, Барбасаңыз деп айтам. Айкөл Манас өткөлү, Эр Семетей, Сейтек, Зор Кененим, Сейитим, Асылбача артыкча, Канатууга кактырбай, Тумшуктууга чокутпай, Азуулууга каптырбай. Аманат жанын айабай. Алашты бакты жайма-жай. Зор Кененим абабыз, Өзүңүздөн укканда. Асылдын алып сөөгүн, Аттанып кетти дедиңиз, Алаштан алыс кетүүгө, Бузулуп турат пейилиңиз. Карчалышып хан Калдык, Контукчу болуп Каракөз, Кол салды келип кыргызга. Баарысын, баатыр жандырдың, Эми кала бергенде, Алаш үчүн кам кылдың, Сыйкырлуу кыздын амалын, Сырын ачып шар кылдың, Акимсинген иттердин, Кетээр жолун тар кылдың, Кекилик болгон кыргызды, Кадимкидей эр кылдың, Аттанып кетсең алаштан. Амалкөй бирөө келбесин, Кетиптир деп Бейбача, Жазабызды бербесин, Жаныбарды калтырбай, Кекилик, чилдей тербесин. Тамтаңдатып биздерди, Талпакты ташка кербесин, Тартып алып коргонду, Ээ кылбастан элиңе, Кордук кылып жүрбөсүн. Бирге жатып, бир копсок, Бирге басып, бир турсак, Эңкейген эчен кары бар, Эмгектенген жашы бар, Кызыл муштум бала бар, Кызыл ээк жана бар, Калың кыргыз элинде. Кеңкол, Талас жеринде. Алтымыш уруу Алаш деп, Айтылып келген бу элде, Токсон уруу өзүбек, Толкуган кыргыз дегенде. Жакшы болсо көөнү жай, Жаман болсок жай албай, Бар алын айтат сиздерге. Барып кел деп айткандан, Барба деш арзан биздерге. Бастырып кетсең болбостон, Кыйамат күнү болгондой. Көрүнүп турат бул элге, Деп талыкпас айтканда, Бекбача айтат мындай деп: — Ак калпак кыргыз биздин эл, Далайдан бери карасаң, Кан кечишип келген эл, Тетиги турган жоо менен, Жолугушам эми мен. Атам айткан Кененим, “Ата журтуң Таласка, Жат кишини бастырба, Такалуу атка таластын, Топурагын каздырба” Насаатын кандай унутам? Унутуп калсам айтканды. Алашты кантип мен багам? Таталаган бул элди, Таластан айдап чыгарып, Кайтып келем угуп кал, Оокатың бар малың бар, Ушу турган канча жан, Жан сактооңор далай бар. Азыр болгун малыңа, Ээлик болгун жаныңа. Баарыңарга угузуп. Билгеним айттым алдында, Көп кечикпей кетип кал, Күмбөзгө силер келгели, Болуп калды алты күн, Аман келээр бекен деп, Уктай албай жаткан бар, Кирпик какпай узун түн. Турбагыла, кет, — деди. Турбай элдин кеткени. Кетирип элди үйүнө, Эртең Калдык келет деп, Күйүп жатты Бекбача. Булут болгон Кызылкыз, Турган ошол бойунча. Айтылып келген Айчүрөк, Андан уккун кызык кеп, Кызылкызды мурунку, Олутуна келтирет. Карап турду жанында, Киммин мени тааны, деп. Кыз болгондо Кызылкыз, Токтоо кылбай шар айтты: — Эжекебиз Айчүрөк, Таанып турам, — деп айтты, Мен жүргөмүн ойумда, Жер бетинде сыйкырдын. Түркүгү да, түйүнү, Такыр менин колумда. Эчтеме билбейт экенмин, Эжеке, сенин алдыңда. — Айчүрөк дедиң сен мени, Атым Чүрөк эмесмин, Кыз олуйа Кеңкол деп, Кыргыздар айткан бу бир кеп. Кыз олуйа дегендин, Кызматкери боломун, Жанымды койуп көөдөнгө, Ташка айлантып тениңди, Токтотуп койом жөн эле.