Кызылкыздын качышы
Ордонун ханы Орунбай, Жата бербейт ой кылбай, Кененимдин үстүнө, Басып кирди бурулбай: — Аттанып Асыл кеткели, Далай күн болду келбеди, Палан жерге барам деп, Же элге айтып кетпеди, Сагындым бала жолборсту, Эт жүрөгүм дегдеди, Айткалы келдим өзүңө, Уруксат бер өзүмө, Көк жалдын изин кубалап, Көрүнөйүн көзүнө. Бакчадагы боз үйдө, Баатыр төрө бул күндө, Эшиктеги жыгачка, Сагызган келип шакылдап, Келгенин душман жакындап, Жол таппай Асыл жүргөнүн, Айтып жатат какылдап, Кененим айтат ошондо: — Ой, Орунбай, ат току, Айалдабай бат току! Кеңкула минип болкойуп, Жүр, Орунбай, жүрү, деп, Жөнөп кетти зоңкойуп, Желе-жорто бастырып, Жолум үйдөй топону, Жол бойуна чачтырып, Баспай туруп Кең кула, Байлоодо туруп бук болгон, Туйагы тийген жерлерди, Кемегедей каздырып, Ардактаган Кеңкула, Жорголой басып шайбаңдап, Топтуу караан жүргөндөй, Топурак учуп, жол чаңдап. Саранжа, Калдык, Каракөз, Келе жатат чакчаңдап. Кененимдин келгенин, Көрө салды Каракөз, Саранжа менен Калдыкка, Карап туруп сөз айтат: — Кан төгүлөр чак болду, Караанын көрдүм Кененим, Кандай заман күн болот, Кайсы экенин билбеймин, Кара бойу зоо экен, Капка кара тоо экен, Аны менен беттешип, Кандай жандар уңчү экен! Мингени кула сур экен, Кийгени суптун була экен, Келе жатат Таластан. Деп Каракөз айтканда, Карап калып хан Калдык, Саранжаны чакырып: — Кененим келди тигине, Тим келбеди бул жерге, Беттешели бир бирден, Сакалынын агы жок, Ат салышып көрөлү, Алы мунун канча экен? Кара бойу дөбөдөй, Карап турсаң барча экен, Мен барамын мурун, — деп, Карасурду камчылап, Кандуу жаш көздөн тамчылап, Маңгыттап ураан чакырып, Күүлөп найза колго алып, Кененимге хан Калдык, Катуу тийди качырып. Хан Калдык үнү чыкканда, Уктап жаткан немедей, Кененим көзү ачылып, Кеңкула менен тап берип, Эр Кененим тийерде, Кудай бетин салбасын, Кантип бенде карасын, Манас деген үн чыгып, Жер солкутуп түр чыгып, Титирек баскан сүр чыгып, Топурак учуп чаң чыгып, Карагандан кан чыгып, Кармагандан жан чыгып, Токмок жал тору айгырдай, Аркасынан, Асылдын, Айдар кара жал чыгып, Жалындуу көздөн от чыгып, Жайнаган кызыл чок чыгып, Ажыдаардай сүрдөнүп, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Жаш арыстан жетти эле, Асылдын мында келиши, Мына мындай кеп эле: Жеңдери башка эт көйнөк, Байлап коймо бүчүлүк, Бүчүлүгүн чечиптир, Бала жолборс Асыл шер, Булгап-булгап желпиптир, Көйнөктүн жели туманды, Такыр айдап кетиптир. “Таласка кетти булар, деп, Атакем калса кабарсыз, Алашты кандай кылар” деп, Кыжырланып келатса, Маңгыттардын хан Калдык, Кез келиптир баатырга, — Картайган ата, неттиң? — деп, Уулуңдун уулу жеттим, — деп, Айтканы анын ушул кеп. Жаш Асылды көргөндө, Ойрон болгон Кененим, Оозунан зобон чыкпаган, Зобон чыкса бузбаган, Жаш Асылга башында, Сеники эрдик балам деп, Ойлобой айтып таштаган. “Көп эле болсо коркту, дер, Жалганы чыгат кебимдин, Деп ойлонуп Кененим, Бура тартты береним, Тордоду жолун Кызылкыз, Коргон кылып бузулгус, Жүйрүн дөөнүн тилин жеп, Жүрөгүнүн майын жеп, Алган экен Кененим, Алтын балык кеби деп,. Кызылкыздын сыйкыры, Жолободу тайгылып, Амалы кетип Кызылкыз, Өлүүчүдөй кайгырып, Сыр тону сыйкыр чечилип, Деги азыраак Кененим, Боотко бооду кечигип. Асылды беттеп хан Калдык, Сундуруп найза мекийип, Наал таштап көзү көк, Мадылдай болуп чекийип, Баатыр Асыл хан Калдык, Бакырышып бет келди, Баатырлар найза кез керди. Найзанын күүсү күркүрөп, Оозунан оту буркурап, Качырып найза урушуп, Солк этпестен турушуп, Эрдиктен булар чыдады. Урчук кара тоо болсо, Кетет болчу куланып, Киргин суудай бууланып, Жакалашып алыптыр, Жанашып булар калыптыр, Карасур менен Майтору, Аркардай арыш салыптыр. Каарданган кара көк, Кайраты жандан бир бөлөк, Толгой кармап тартканда, Хан Калдыктай Маңгыттын, Топчулугу үзүлүп, Сооттору сүзүлүп, Калкандары быркырап, Чарайнасы чытырап, Барган сайын Асылдын, Азуулары кычырап, Чыдай албай хан Калдык, Бир түйүндүү кеп айтат: — Кийерге соотум калбады, Чыгып кетти далдалы, Курал сынса жаңылап, Курал алыш наркта бар, Тон жыртылса тон бүтөп, Кийе турган салтта бар, Аскерим бар, элим бар, Кереги тийет бир күн деп, Ала келген киймим бар, Мен элиме барайын, Кийим кийип тамак жеп, Анан келе калайын, Алты күн болсун аралык, Жети күн болот дегенде, Күн менен тең майдандан, Кездешер жерден табалык, Макул деди эр Асыл, Болуп калды чалалык, Андан мурун урушта, Жадагандан хан Калдык, Кеткен болчу суранып, Бул сапарда Калдыкка, Бербесе келмек ылайык. “Күнүнөн калса, айга деп, Айынан калса жылга” деп, Ушундай ишти айтабыз, Арамдык кылып бул маңгыт, Кыскарган күнүн узартып, Өчкөн отун тамызып, Жүрүп кетти шарт койуп. Барган жерде хан Калдык, Саранжага көз кысып: — Соотторум жыртылып, Бүчүлүктөр үзүлүп, Чын амалым кеткенде, Алты күндүк аралык, Сурап келдим бул жерге, Барып келгин саранжа, Алты күндү бүтүрүп, Мен мындан кайра баргынча, Дем алдырбай Асылды, Арыталы, Саранжа, Кара чачын агартып, Карыталы, Саранжа. Хан Калдыктан кеп угуп, Барып байлап алчудай, Саранжа жүрдү оолугуп, Найзалашып салышты, Асыл шерге жолугуп, Саранжа айтат бир кепти: — Хан Калдыктын бүчүлүк, Койуптурсуң сен үзүп, Саранжа келдим билип кой, Аманат жандан күдөр үз, Анда Асыл эр айтат, Артык туулган шер айтат: — Калп айтып маңгыт арбагың, Алдаганын карагын, Бириң эмес баарың кел, Арыбас-талбас мен бармын! Амалым кетип баратса, Айкөл атам Манастын, Арбагынан сураймын. Азганакей кыргызды, Алым келсе айаймын, Канаттууга кактырбай, Тумшуктууга чокутпай, Жел тийгизбей багармын. Сандап келген сендейдин, Санынын эбин табармын! Деп айтканда эр Асыл, Калмактардын Саранжа. Каарданып арданып, Кайта-кайта заарданып, Кандуу найза карманып, Каңгайлап салып ураанды, Кайратына карк толуп, Качырып кирген убагы, Саранжа, Асыл бет келди. Өз ойунда Саранжа, Чарчады Асыл, деп келди. Аңтара сайып алам, деп, Эрдик жолун табам, деп, Сайдырбай кагып найзасын, Алып көнгөн эр Асыл, Саранжадай канчасын, Найзаны туура тутушуп, Туу тиктешип урушуп, Найзанын учу түгөнүп, Андан айла табалбай, Кылычты кындан суурушуп, Кыйын жаман урушуп, Миздеринен ыдырап, Чандан кылыч кыйрады, Кылычтарын кыйратып, Булардын жаны тынбады. Колтуктарын чойушуп, Чокморлошуп койушуп, Алакан тери сойулуп, Жаза чапкан нечен жер, Ородой болуп ойулуп, Бака-шака болушуп, Балта менен койушуп, Калдыркан кара темирлер, Калкандары жарылып, Балтанын сырты түйрүлүп, Кара жанга күч келип, Кабылан Асыл ошондо, Найзасын колго карманып, Капаланып каарданып, Кабагы карыш чүмкөлүп, Кайра жаачу булуттай, Уйгу-туйгу бүркөлүп, Айкөлдү алып оозуна. Майторуну чуратып, Кырданып кирди ушунда, Аркасында чаң калып, Касаба тоодой жарданып, Мөрөйдү алчу күлүктөй, Элөөрүп баатыр шаңданып. Саранжанын найзасын Кагып ийип каңгытып, Булгап алды найзасын, Учунан отун жаркытып. Имерип тийген жаандай, Самсаалатып калмакты, Саранжаны кулатты, Шумкар тепкен таандай. Каракөз келет качырып, Ажыратып алам деп, Жаны жаман ачынып, Каракөздү кабылан, Кадигине албады, Саранжаны коборбой, Кыйа чаап мойнунан, Башын кесип салганы, Келген менен Каракөз, Саранжаны өлтүртпөй, Ажыратып алалбай, Бекер туруп калалбай, Найзасын кармап бекемдеп, Каадалуу балбан кептенип, Беттеп кирди кекеңдеп, Алмак-салмак теминип, Эки буту тепеңдеп, Ирмебей көзү чекчейип, Киндигин тартып, бел түйүп, Кууратам деп мекчейип.